Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Байден менен Путин "Украина маселесин" сүйлөшөт


Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байдендин учурашуусу. Женевадагы Вилла Ла-Гранжда өткөн АКШ-Орусия саммитинин алдында. 16-июнь, 2021-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байдендин учурашуусу. Женевадагы Вилла Ла-Гранжда өткөн АКШ-Орусия саммитинин алдында. 16-июнь, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын президенти Владимир Путин менен олуттуу сүйлөшүүсү күтүлүүдө. Анда Орусия Украинанын чек арасына аскер күчүн топтоп, кол салууга даярданганы тууралуу сөз болору кабарланды. Бул орус-америкалык мамиле сууп калгандан берки экинчи сүйлөшүү. Ак үй буга чейин Кремлге агрессиянын кесепеттерин эскерткен.

"Олуттуу сүйлөшүү, катаал шарттар"

АКШ менен Орусиянын президенттери Жо Байдендин жана Владимир Путиндин 7-декабрда өтчү видео сүйлөшүүсүндө украин чек арасындагы чыңалуу жөнгө салынабы же тескерисинче курчуйбу деген талаш-тартыш маселе дүйнөлүк медианын күн тартибине чыкты.

Вашингтон Орусиядан аскер күчтөрүн Украинага жакын жайгаштыруу себептери боюнча түшүндүрмө талап кылары айтылды. Батыш аналитиктери Жо Байдендин сүйлөшүү сунушун Кремлдин ыгына көнүү катары да сыпатташууда. Анткени Путиндин соңку кадамдары Вашингтонду сүйлөшүүгө барууга мажбур кылуу болчу деген ойлорун айтышты. Ал эми башка бир саясат талдоочулар буга макул эмес. Алардын айтымында, бул жолку сүйлөшүүлөр жөн эле сүйлөшүү бойдон калбайт.

Саясат таануучу Владислав Фарапонов сүйлөшүүлөрдө катуу шарттар коюларын белгиледи:

"Бул сүйлөшүүлөрдө мурда болуп көрбөгөндөй абал түзүлүп турат. Анткени чалгын материалдары ачык жарыяланды. Бул деген Байдендин администрациясынын бул сүйлөшүүлөрдү өтө олуттуу кабыл алып жатканынын көрсөткүчү. Ошондуктан бул жолу жөн эле сүйлөшүү менен чектелбейт. Агрессия болсо, анын кесепети абдан оор болору эскертилди. Азыркы администрация мурда салынбаган же артка жылып келген катаал санкцияларды киргизүүнү караштырууда. Бул олуттуу экономикалык, анан дагы жаңы катаал саясий санкцияларды колдонуу шарттары да болушу мүмкүн", - деди Владислав Фарапонов.

АКШнын Кремлге эскертүүсү

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин менен орус-украин чек арасындагы кырдаал боюнча узак сүйлөшүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

АКШнын чалгын кызматы чек арага жайгашкан орусиялык аскерлердин саны 74 миң экенин, Москва кол салуу чечимин бекитсе, анын саны 175 миңге чейин жетерин кабарлады. Айрым эл аралык медиалар Орусиянын аскер күчтөрү чек арадагы кайсы аймактарга топтолгонун белгилеген картаны жана башка чалгын маалыматтарын жарыялады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия Украинага кол салууга батынса, анын кесепеттери оор болорун эскерткен.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Стогольмдогу жолугушуусу. 2-декабрь, 2021-жыл.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Стогольмдогу жолугушуусу. 2-декабрь, 2021-жыл.

"Биздин жолугушууда мен Орусиянын Украинага каршы агрессиясы олуттуу кесепеттерге алып келерин абдан ачык түшүндүрдүм. Мен биз мурда колдонбогон орчундуу экономикалык чаралар кошуларын айттым. Биз ал чаралардын кесепети кандай болорун аябай даана түшүнөбүз. Москва дагы бул нерсе кандай болушу мүмкүн экенин абдан жакшы билет", - деди Блинкен.

Москванын талабы

Ал эми Москва Украинага кол салуу ниети жок экенин айтып, Киев менен Батыштын өзүн Орусияга каршы агрессивдүү саясат алып барууда деп айыптады. Бирок президент Владимир Путин украин чек арасына жакын аймакка эмнеге аскерлер топтошконун айткан эмес. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров алдыдагы сүйлөшүүлөрдө эң башкысы НАТОнун чыгышка карай кеңейишин чектөө кепилдигин алуу шарты коюларын айтты.

Сергей Лавров, Орусиянын тышкы иштер министри.
Сергей Лавров, Орусиянын тышкы иштер министри.

"Биз өзүбүзгө өзгөчө шарттарды талап кылган жокпуз. Биз кайсы гана макулдашуу болбосун, анда Орусиянын эле эмес, евроатлантикалык өлкөлөрдүн да кызыкчылыгы эске алынышы керектигин түшүнөбүз. Бардыгына тынчтык керек. Бирок биз АКШ жана анын союздаштары менен сүйлөшүүлөрдө НАТОнун чыгышка карай жылышын жана Орусиянын аймагына жакын жерлерге бизге кооптуу курал-жарак тутумун жайгаштырууну жокко чыгара турган макулдашууну иштеп чыгууну талап кылабыз", - деди Сергей Лавров.

Президент Байден болсо орусиялык аскерлер украин чек арасына жакын чогулуп жатканына АКШ кабатыр экенин белгиледи. Ак үй Вашингтон Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн колдоого даяр экенин ырастаган билдирүүсүн жарыялады.

Путиндин максаты эмне?

Саясий баяндоочу Федор Крашенинников бул жерде Орусия Украинаны толук басып алууну көздөбөй турганын, бирок ага олуттуу зыян келтирүү максаты бар экенин кошумчалады.

"Путин чынында эле Украинанын бир бөлүгүн басып алганда эч бир планын же макаласын жарыялаган эмес. Негизи согуштар адатта, аймагын кеңейтүү планын ачык жарыялап, чек арада аскер жүрүшүн өткөрүүдөн башталбайт. Путиндин максаты белгилүү. Ал бүтүндөй Украинаны басып алууну каалабайт. Ага Киевдин, Львовдун кереги жок. Анткени бул аябай чоң калкты камтыган аймак. Ошондуктан Путиндин чыныгы максаты – азыркы украин мамлекеттүүлүгүн кыйратуу".

Президент Байдендин жума күнкү билдирүүсүндө, АКШ Орусия тараптын Украина боюнча эч кандай "кызыл чегин" кабыл албай турганын белгилеген. Ал Кремлдин агрессивдүү кадамдарын токтотуу үчүн түрдүү демилгелер чогултулуп жатканын кошумчалаган. Ага чейин Путин Украинанын НАТОго кириши же Украинада аскер базасын жайгаштыруусу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG