Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

УКМК "Чыңгыз-Ордо" комплексин курууда мыйзам бузулганын билдирди 


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы Кара-Буура районунун Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалаган.

Буга байланыштуу Талас облусунун ККБ мурдагы жетекчиси, “Бийиктик Инвест” ишканасынын директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды.

Атайын кызмат облустук башкармалык комплексти куруу боюнча тендерди уткан "Бийиктик Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 млн. 73 миң сомдук келишим түзгөнүн билдирет.

"Комплекстин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин 34 миллион сом жумшалып, аткарылган иштер тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буйрутмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган.
Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгында, иштердин айрым көлөмүн 6 млн. 179 миң 952 сомго ашыкча бааланганы аныкталды", - деген УКМК.

Мындан тышкары атайын кызмат Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги иштерди сапатсыз кабыл алганын кошумчалады.

Курулушу 2018-жылы башталган комплекс 15 гектар жерди ээлейт. Анда улуу жазуучунун айкели коюлуп, парк, аллея ачылмак жана белгилүү чыгармалардын каармандарынын эстелиги орнотулмак.

Долбоордун курулушу менен экс-президент 2018-жылы июлда барып таанышып, өзүнүн жеке көзөмөлүнө аларын айткан. Айыпталган тарап комментарий бере элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG