Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

Казакстандагы нааразылык толкуну, ЖККУдан суралган жардам


Демонстранттар Алматы шаарынын мэриясына чабуул жасаган учуру. 5-январь, 2022-жыл.
Демонстранттар Алматы шаарынын мэриясына чабуул жасаган учуру. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын өзүнө өткөрүп, каршылык акцияларына катуу чара көрүүнү эскертти.

Президент курчуган кырдаалды кылмыштуу топтор аркылуу даярдалган “сырткы агрессия" деп атап, коопсуздукту камсыздоо үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) жардам сурады. Оппозициялык саясатчылар муну Токаевдин жаңылыштыгы катары баалап, президент көтөрүлгөн эл менен сүйлөшүүгө тийиш экенин айтууда.

Президент жоготуулар тууралуу айтты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кагылышка айланган каршылык акцияларында күч түзүмдөрүндө оор жоготуулар болгонун билдирди. Бирок, так санын атаган жок. Ошондой эле ал медиага чыгып жаткан күч түзүмдөрүнөн жабыркаган демонстранттар тууралуу ооз ачкан эмес.

Башаламандыктан сегиз полиция каза тапканын tengrinews.kz сайты Ички иштер министрлигине таянып кабарлады. Мындан сырткары дагы 300дөй тартип сакчысы менен аскерлер жаракат алганы айтылды.

Касым-Жомарт Токаев 6-январга караган түнү Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, курч окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "четтен даярдалган топтор" уюштурду деп билдирди. Ал кырдаалды жөнгө салуу үчүн ЖККУдан аскердик колдоо сурады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.

“Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүү”, - деди Токаев.

Ал айрыкча Алматы шаарында демонстрацияга чыккандар менен күч түзүмдөрү кагылышкан окуяларды "террордук кол салуу" деп атап, Алматы эл аралык аэропортун жана андагы учактарды "белгисиз адамдар басып алганын" жыйында белгиледи.

Бул жыйындын алдында Беларустун лидери Александр Лукашенко кырдаал боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Бул сүйлөшүүлөрдө кандай чечим кабыл алынганы айтылган жок. Бирок, мына ошол телефондук сүйлөшүүдөн соң президент Токаев ЖККУга мүчө мамлекеттерден тышкы аскердик жардам сурады.

Курчуган кырдаалдын кесепеттери

Чет өлкөдө жүргөн казакстандык оппозиционер Владимир Козлов бул курчуган кырдаалдын геосаясий кесепеттери оор болорун белгилейт.

Владимир Козлов, оппозициялык саясатчы.
Владимир Козлов, оппозициялык саясатчы.

"Путин-Казакстан маселеси Путин-Украина кырдаалынан дагы татаал болушу ыктымал. Анткени Орусия менен Казакстандын миңдеген чакырымга созулган жалпы чек арасы бар. Албетте, ал Казакстандын оңой эле колдон чыгара койбойт. Анан да Токаев азыр Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын өзүнө алганы да кандайдыр бир "чоң оюн" башталганын түшүндүрөт. Бул "оюнда" Орусия башкы сценаристтин ролунда. Бул Казакстан үчүн жакшы көрүнүш эмес. Анткени Украина сыяктуу эле Казакстанда дагы "бешинчи колонна" бар. Казакстандын Орусия менен чектешкен түндүк облустарында жашаган көп адам орусиячыл маанайда экенин жашырган эмес. Бул жагдайды эске алуу зарыл", -деди Владимир Козлов.

"Президент өз эли менен сүйлөшсүн"

Бозгунда жүргөн башка бир оппозициялык саясатчы, экс-премьер-министр Акежан Кожагелдин Токаев көчөгө чыккан элди коркутпай, түз сүйлөшүүгө барышы керек дейт.

"Ал катаал чаралар жана күч колдонуу тууралуу дагы бир коркунучтуу билдирүү жасады. Мен ага өз эли менен диалогго барып, келишүүгө кеңеш берет элем. Токаев азыр сүйлөшүүгө барып, саясий реформаны башташы керек. Эң башкысы - Баш мыйзамды өзгөртүп, башкаруу тутумун алмаштыруу зарыл. Президенттик башкаруу калса да, бийликти бөлүшүрүп, ыйгарык укуктарды так ажыратууга тийиш. Шаарлар менен аймактардын башчылары шайланышы шарт. Батыш Казакстандагы район-шаарлардын акимдери жок. Алардын бардыгы качып кетишти".

Коопсуздук кеңештин чечиминин негизинде президент Касым-Жомарт Токаев өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ага чейин өкмөт кеткенин жарыялап, жакында өлкөдө жаңы саясий трансформация жүргүзүү боюнча сунуштар менен чыгарын айтты.

"Токаевдин кадамы - анын позициясын чыңдайт"

Саясат талдоочу Досым Сатпаев Токаев демилгени алууга белсенип жатканын белгиледи.

"Токаев биринчи кезекте элитанын ичинде жоопкерчиликти алууга аракеттенип жатат. Албетте, бул үчүн ага жаңы административдик ресурстар зарыл. Ага Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы да кирет. Ошондуктан азыр биз кызык кадрдык дайындоолорду көрүп жатабыз. Ал коопсуздук комитетине өз кишисин алып келди. Башка күч түзүмдөрүнө дагы өзүнө караштуу адамдарды дайындоодо. Назарбаев таасири "Нур Отандын" лидерлиги аркылуу болчу. Азыр Назарбаевдин доору бүттү. Ал 2019-жылы президенттикти тапшырганда эле башталган. Бирок, иш жүзүндө бардыгын көзөмөлдөп келди. Анын ичинде Токаев менен башкаруу аппаратын дагы. Маселе ал партия лидерлиги менен Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын сактап калганында эмес эле. Кеп саясий тутумду ким түзгөндүгүндө. Башкаруу кимдин колунда болуп, олигархтарды ким пайда кылды? Бардыгы биринчи президенттин маалында жаралды. Ошондуктан ал президенттиктен кетсе дагы, башкы "борбор" бойдон каралып калган", - деди эксперт Сатпаев.

Жаңы жылдан кийин 2-январда Жаңы-Өзөндө суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгып, бааны арзандатууну талап кылган митингдер башталды. Аны Казакстандын ар кайсы аймагында колдогон каршылык акциялары өтүп, ондон ашуун шаарга тарады.

Социалдык талаптан башталган бул акциялар Назарбаевди бийликтен биротоло кетүүгө үндөгөн саясий чакырыктар менен коштолду. Актөбөдө митингчилер жеке бийликти чектеп, өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүүнү талап кылышты.

Алматы жана Актөбө сыяктуу шаарларда митингдер башаламандыкка айланып, жарандар полиция жана аскерлер менен кагылышты. Демонстранттар Алматынын мэриясы сыяктуу айрым мамлекеттик имараттарга кирип барганы белгилүү болду. Шаарда кырдаал курч бойдон калууда.

Интернет өчүрүлүп, телефон жана мобилдик байланышта чектөөлөр болгону белгиленди. Түнкүсүн Алматы шаарында күч түзүмдөрүнүн жана аскерлердин "антитеррордук" операциясы башталганын комендантурага таянып жергиликтүү медиа кабарлады.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда "Фейсбук" аркылуу жарыялады.

Ал мындай чечим "Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө" байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

"Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды", - деп жазды Пашинян.

Бирок, Пашинян бейпилдик күчтөрү канча убакытка, качан Казакстанга жөнөтүлөрүн тактаган жок. ЖККУнун Кыргызстан сыяктуу башка мүчөлөрү азырынча расмий маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG