Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:03

Кырнеттеги пикирлер: Казакстанга аскер жиберүү маселеси талкууда


Казакстанга багыт алды деген орусиялык аскерлер, Москва облусундагы Чкалов аэродрому. 6-январь, 2022-жыл.
Казакстанга багыт алды деген орусиялык аскерлер, Москва облусундагы Чкалов аэродрому. 6-январь, 2022-жыл.

Кыргызстандын интернет сегментинде Казакстандагы акыркы окуялар, Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун алкагында коңшу өлкөгө тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү маселеси кызуу талкууланууда.

Социалдык тармактардын колдонуучулардын басымдуу бөлүгү ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн, анын ичинде кыргыз аскерлеринин Казакстанга киргизилишине караманча-каршы экендиктерин жазып жатышат.

Кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүү боюнча пикирлер

Министрлер кабинети кыргызстандыктарга жана коомдук-саясий күчтөргө Казакстанга аскерлерди жөнөтүү чечимине түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган кайрылуу таратты.

Президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына "Биз армиябызды "митингге чыгып жаткан казак бир туугандарды аткыла" деп жиберип жаткан жокпуз",-деп жазды.

Колдонуучулардын айрымдары Кыргызстандын аскердик күчтөрүн Казакстанга жиберүүнү колдоп жазышты.

ЖККУ маселеси боюнча Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары "Фейсбуктагы" расмий баракчаларына каршы экени тууралуу пикирлерин жарыялашты. Парламенттин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйыны кворумдун жоктугунан 7-январга жылды. Кворум болуш үчүн 90 депутаттын 46сы катышуусу керек, бирок каттоодон 39 гана депутат өттү.

Жарандык активист, юрист Сания Токтогазиева ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн Казакстанга киргизилиши эл аралык укуктук нормаларга каршы келет деп эсептейт.

Кырнетте "ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлерин Казакстанга киргизүүгө каршы" петицияга кол топтолуп жатат. Change.org сайтындагы петицияга ушул убактарда 9 миңден ашуун колдонуучунун колу коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG