Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Жолдо кыйылган өмүр, абактан бошотулган айдоочу


Белек Избасаров (оңдо).
Белек Избасаров (оңдо).

Маркум Белек Избасаровдун жакындары Жалал-Абад шаардык сотунун чечимине нааразы. Шаардык сот 25 жаштагы аскер кызматкери Белек Избасаровду машине менен коюп кеткен жаранды пробациялык көзөмөл колдонуп, жаза өтөөдөн бошоткон.

Маркум Белек Избасаровдун бир тууганы Үмүтай Избасарованын айтымында, сот бир нече укук бузуулар менен адилетсиз өкүм чыгарган.

Маркум Белек Избасаровдун бир тууганы Үмүтай Избасарова (солдо)
Маркум Белек Избасаровдун бир тууганы Үмүтай Избасарова (солдо)

"Агам Белекти автоунаасы менен сүзүп кеткен Азамжон Мелибаевге медициналык экспертиза дайындалып, анын мас абалында болгону аныкталган. Иш сотко өткөндөн кийин бир нече жолу отурум болду. Айыпталуучу өзүнүн көрсөтмөсүн өзгөртө баштады. Натыйжада, 31-декабрда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Мелибаевди үйүнө чыгарып салды, ага биз нааразыбыз. Агам жерде жатса, айыпкерди коё бергени туура эмес болуп жатат. Баткен менен Жалал-Абаддын аралыгы сегиз саат, биз келгенде сот 15 мүнөттө бүтүп жатты. Биз тараптагы күбөлөрдү сураган дагы жок".

Избасарова Жалал-Абад менен Баткендин аралыгы алыс болгондуктан сот отурумдарына катышуу кыйын болгонун белгиледи.

Белек Избасаровдун өмүрүн алган жол кырсыгы 2021-жылы 15-майга караган түнү болгон. Ал "ДЭУ Матиз" үлгүсүндөгү унаа менен Жалал-Абад облусуна кызматын улантуу үчүн келе жаткан. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны айдап келе жаткан Азамжон Мелибаев "Матизди" сүзүп, жоокер окуя болгон жерде үзүлгөн.

Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Жалал-Абад шаардык соту Азамжон Мелибаевди үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок ага карата пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулган. Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов иш мыйзам алкагында каралганын айтууда.

"Жалал-Абад шаардык сотунун 2021-жылдын 31-декабрындагы өкүмү менен М.А.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренеси менен эки жылга транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен үч жылга эркинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 82-беренесинин негизинде М.А.А. пробациялык көзөмөл колдонуу менен белгиленген жазадан бошотулган", - деди Төрөмаматов.

Ал эми айыпталып жаткан Азамжон Мелибаевдин үйүнө барганыбызда ал жумуштар менен Ошко кеткенин келинчеги айтты. Ал Азамжон экөөнүн алты баласы жана оорукчан энеси бар экенин билдирди.

"Жолдошум такси айдап жүрүп бул окуяга кабылды. Атайлап эч ким адам өлтүргүсү келбейт. Эгер камалып кетсе, оорукчан апасы менен алты баласы багуучусу жок калат. Биз түшүнүп турабыз, баласын жоготкон энеден жана жакындарынан кечирим сурайм. Жолдошум каражат табыш үчүн иштегени Ош шаарына кеткен эле. Анын колунда телефон да жок".

Укук коргоочу Нурислам Райымжанов 2021-жылдын декабрь айынан баштап оор кылмыштардын айрым бөлүктөрүнө пробациялык жеңилдик кирип, 10 жылга чейинки жазалар кыскартылганын айтты.

Нурислам Райимжанов
Нурислам Райимжанов

“Учурда оор кылмыштардын кээ бир бөлүктөрү пробациялык көзөмөлгө алына баштады. Бирок, айрымдары пробациялык көзөмөлгө илинбейт. Атап айтканда, өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондор, мамлекеттик жана муниципалдык кызыкчылыктарына каршы коррупциялык кылмыштар үчүн соттолгондор, коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар үчүн соттолгондор, конституциялык түзүлүштүн негиздерин жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган кылмыштар үчүн соттолгондор жана ушул Кодекстин 137, 166, 167, 168-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштар үчүн соттолгондорго пробациялык көзөмөл колдонгонго болбойт”, - деди ал.

Маркум Белек Избасаров Баткен облусунун Исфана шаарында жашап келген. Ал Орусияда аскердик окуу жайлардын биринде беш жыл окуп, өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече аскер бөлүктөрүндө иштеген. Белектин апасы Тунукай Машрабова баласынын өлгөнүнө азыр да ишене албай жатканын айтып отурду. Баласы каза болгондон кийин жүрөгү жана буту ооруп, балдак менен басып калган.

Маркум Белек Избасаровдун тажыясына келгендер.
Маркум Белек Избасаровдун тажыясына келгендер.

"Балам иштеп жаткан жеринен ооруп келип ооруканада жатты. Сакайып калгандан кийин Жалал-Абадга барам деп турганда Баткенде чек ара жаңжалы чыкты. Ошондо ооруп жатасың барба десем да болбой "мекенди коргоо керек" деп кетип калган. Кийин Жалал-Абадга кетип ошол бойдон үйгө өлүгү келди. Уулумдун келечекке болгон пландары көп эле. Мага бир топ жерлерди кыдырабыз деп айтчу. Кайран жан! Эми минтип күйүтүм менен кала бердим. Сот адилеттүү карап, жооптууларды камаса болмок", - деди ал.

Нааразы болгон тарап шаардык сот чыгарган чечимге байланыштуу Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен 10-январда кайрылды.

25 жаштагы Белек үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу. Акыркы ирет Жалал-Абаддагы №2027 аскер бөлүгүндө иштеп жаткан.

Быйыл Кыргызстанда жол кырсыктарынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашуун киши түрдүү жараат алды. Кыргызстандагы жол кырсыктары арбын катталып жатканы буга чейин да тынбай айтылып, жазылып келет. Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1,35 миллион кишинин өмүрү кыйылат.

Кырсыктардан каза болгондордун басымдуусу беш жаштан 29 жашка чейинки курактагылар, жараат алгандардын көпчүлүгү дагы ал-күчкө толуп турган адамдар. Ушул себептен улам жол кырсыктары экономиканы артка тарткан эң чоң фактор экенин Бириккен Улуттар Уюму дайыма эскертип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG