Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:21
Patriot системалары. Архив сүрөт.
Patriot системалары. Архив сүрөт.

Patriot боюнча акыркы чечим. Зеленский Трамптан ракета жасоо лицензиясына макулдук алганын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:34 29.7.2026

АКШ Сенаты Орусияга каршы санкция киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Сенатор Рожер Викер (Миссисипи штатынан республикачы) жана Сенаттын башка да мүчөлөрү мыйзам долбоору боюнча маалымат берүүдө.
Сенатор Рожер Викер (Миссисипи штатынан республикачы) жана Сенаттын башка да мүчөлөрү мыйзам долбоору боюнча маалымат берүүдө.

АКШ Конгрессинин жогорку палатасы — Сенатта Украинаны президент Дональд Трамп кызматка киришкенден бери алгачкы жолу эки партия тең колдогон эң күчтүү мыйзам долбоору жактырылды. 28-июлда Орусияга жана Иранга экономикалык кысымды күчөтүүгө багытталган кеңири мыйзам долбооруна 86 "ооба" жана 12 "каршы" добуш берилди.

Добуш берүү аталган мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси, маркум сенатор Линдси Грэмди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан бир нече сааттан кийин, украин президенти Владимир Зеленскийдин сенаторлор менен жабык жолугушуудагы кайрылуусунан соң уюштурулду.

Жактырылган документ Трампка Орусиянын мунайын жана жаратылыш газын эң ири көлөмдө сатып алуучуларга 200 пайызга чейин тариф киргизүүгө, ошондой эле Орусиянын каржы институттарына, саясий элитасына, олигархтарына, "көмүскө флотуна" каршы санкцияларды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Иранга карата санкциялардын мөөнөтүн 2031-жылга чейин узартат.

Эми мыйзам долбоору Конгресстин Өкүлдөр палатасында добушка коюлат. Ал жакта да эки палатанын тең консенсусу камсыз болору белгиленүүдө.

Сентаттагы талкуу учурунда бул документ жөн гана кезектеги санкциялар пакети эмес, орус президенти Владимир Путинди Украинадагы согушун каржылаган кирешеден ажыратуу боюнча стратегиялык аракет экени бир нече жолу айтылды.


03:27 29.7.2026

"Жакшы жолугушуу болду". Зеленский менен Трамп Ак үйдө кездешти

28-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө "жакшы жолугушуу" өткөрүштү. АКШ-Украина алакасындагы эң маанилүү учурлардын бири деп бааланган жолугушуу болжол менен бир саатка созулду.

Украин лидери Зеленский "Сүйрү кабинетте президент Трамп менен жакшы жолугушуу болду", - деп жазды расмий Telegram-каналына. Ал Трампка украиналыктардын өмүрүн коргоо жана тынчтыкка жетүү үчүн биргелешип аткарып жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Анкарада өткөн соңку НАТО саммитинде Трамп менен Зеленский жылуу маанайда көрүшкөндөн кийин байкалгандай, АКШ администрациясы Киевдин жүйөлөрүнө көбүрөөк көңүл бура баштагандай.

Зеленскийдин сөзүнө караганда, 28-июлдагы жолугушууда эки лидер "Patriot системалары үчүн ракета өндүрүүгө лицензия берүү жана көмөк көрсөтүү үчүн башка дагы идеяларды" талкуулашты. Ошондой эле дипломатиянын маанисине да көңүл бурулганы маалым болду.

Зеленский бул сапарында АКШ Конгрессинде Украинанын таламын талбай талашып, Киевге катуу колдоосун билдирген маркум сенатор Линдси Грэмди акыркы сапарга узатуу иш-чарасына да катышат. Албетте, бул сапардын саясий мааниси аза күтүү аземинен алда канча кеңири.

Зеленский Ак үйгө келээр алдында X социалдык түйүнүнө "тынчтыкка жетүүнү жакындатуу керек", - деп жазды.

Трамп менен кездешкенден кийин Зеленский Конгресстин лидерлери менен жолугушмак. Ушул тапта АКШ Сенаты эки партиянын өкүлдөрү колдогон Орусиянын энергетикалык тармагын бутага алган санкциялык эки пакетти кароого даярданып жатат. Бул мыйзам долбоорун Линдси Грэм көзү тирүүсүндө активдүү колдогон.

Жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыштар, Конгресстеги аракеттер жана Трамптын Республикалык партиясынын ичиндеги өзгөрүп жаткан саясий динамиканын айкалышы Киевге Вашингтондогу позициясын чыңдоого мүмкүнчүлүк берүүдө. Ошол эле учурда Трамп администрациясы Орусиянын Украинага каршы согушуна карата өз мамилесин кайра карап жатканын айгинелеген белгилер улам байкалууда.

Вашингтондогу өзгөрүп жаткан маанай сырттан дагы сезилет.

Трампты колдогон консервативдүү ар кыл чөйрө менен көптөн бери байланышы бар саясий баяндамачы Лора Лумер жакында Киевге барып келгенден кийин Москвага жасаган мурдагы жылуу мамилесин өзгөрткөнүн билдирген. Бул Трамптын саясий айдыңынын айрым бөлүктөрүндө Украинага болгон көз караш өзгөрүп жатканын көрсөткөн дагы бир белги сыңары сыпатталууда.

Америкалык дагы бир консервативдүү саясий баяндамачы жана подкасттын алып баруучусу Тим Пул да өз позициясын өзгөрткөнүн билдирди. Ал мурда Украинага кескин сынчыл көз карашы жана АКШнын Киевге берчү аскердик жардамына каршы экени менен белгилүү эле. Ал жакында X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Украинага жардам көрсөтүүнү мындан ары колдой турганын айтты.

Пул Украинанын Орусияга каршы күрөшүн "жашоо үчүн каардуу диктаторго каршы күрөш" деп мүнөздөп, Трамп менен америкалыктар Украинанын жеңишин колдойт деген үмүтүн билдирди.

19:16 28.7.2026

Орусиянын Тюмендеги мунайды кайра иштетүүчү заводу 25-июлда Украинанын чабуулунан кийин ишин токтотконун Reuters агенттиги эки булакка таянып жазды.

Алардын билдирүүсүндө, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн соккусунан кийин дизелди тазалоочу жана бензин өндүрүүчү жабдык өрттөнгөн. Алар завод качан ишин кайра баштай турганын айта алган жок.

Тюмендеги завод ("РИ-ИНВЕСТ" компаниясынын филиалы) жылына болжол менен 9 миллион тонна мунайүүгө жөндөмдүү. Орусиядагы эн чоң көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдордун бири. Ал Евро-5 стандартындагы дизел, бензин, кокс, битум жана мазут өндүрөт. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, иш жүзүндө завод жылына болжол менен 6 миллион тонна чийки мунайды кайра иштетип, 500 миң тоннадай бензин жана 2,8 миллион тонна дизел чыгарып келген.

Заводго 25-июлда чабуул болгонун Украинанын президенти Владимир Зеленский жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырасташкан. Тюмен облусунун губернатору Александр Моордун айтымында, учкучсуз аппарат ишкананын аймагына кулап, анын кесепетинен өрт чыккан. Чабуулдан улам Тюменьшаарынын 440 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар үзгүлтүккө учураган.

Украин аскерлери бул ишкананы 2025-жылдын октябрында жана 2026-жылдын 20-июнунда бутага алган.

Bloomberg агенттигинин эсебине ылайык, апрелдин ортосунан 13-июлга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна болжол менен 50 жолу бутага алып, эң ири 34 заводдун кеминде 24үнө таамай сокку урган. Мындан улам Орусиядагы мунай өндүрүүнүн көлөмү соңку 20 жылдан бери эң төмөн деңгээлге түшүп кетти.

14:09 28.7.2026

28-июлга караган түнү Москва аймагы кайрадан дрон чабуулуна кабылды. Мэр Сергей Собянин жалпысынан 390 дрон менен чабуул коюлганын, анын көбү атып түшүрүлгөнүн, 81и шаарга жакын жерден жок кылынганын билдирди.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Telegram баракчасына Чехов шаарынын Земская көчөсүндө көп кабаттуу үйгө дрон тийгенин жазды. Чеховдун мэри Михаил Собакиндин айтымында, эки батир зыянга учурады. Адамдар арасында жабыркагандар бар же жогу азырынча айтыла элек. Ал Ваулово жана Дубна айылдарында жеке үйлөр соккуга дуушар болгонун кошумчалады.

Соңку чабуулдардан Подольск аймагындагы Коледино кыштагында 3PL логистикалык кампасында өрт чыкканы, асманга кара түтүн көтөрүлүп жатканы тартылган видеолор социалдык түйүндөрдө тарап жатат.

Маалыматтарга караганда, өрттөнгөн 3PL кампасынын жанында Wildberries компаниясынын да кампасы жайгашкан.

Колединодогу Wildberries логистикалык комплекси жабыркабаганын, кадимки тартипте иштеп жатканын маркетплейстин басма сөз кызматы билдирди.

Чехов шаарындагы регенераттык завод Орусияда резинадан дөңгөлөк жана башка буюмдарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Анын жанында, болжол менен 800 метр аралыкта "Гидростальконструкция" ишканасы жайгашкан. Ал гидромеханикалык жабдууларды, металл конструкцияларын жана энергетика, суу чарба курулуштары үчүн буюмдарды чыгарууга адистешкен.

Акыркы күндөрү Wildberries компаниясынын ар кайсыл аймактагы, ошол эле Москва облусундагы кампалары да бутага алынууда.

Алгач 18-июлда Wildberries'тин Тамбов облусунун Котовск шаарындагы жана Москва облусунун Электросталь шаарындагы эки кампасына сокку урулуп, сегиз адам каза болгону, болжол менен 50 адам жараат алганы расмий айтылган.

Украин президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөр Орусиянын армиясын дрон тетиктери, навигация жабдуулары жана курал менен камсыздаган логистикалык борборлорго сокку уруп жатканын билдирген:

«Согушту баштаган жерге – Орусияга кайтаруу адилеттүү көрүнүш. Украина орус тарапка тынчтык орнотуу үчүн бардык сунуштарды берди. Дипломатияга өтүүгө басым жасаш керек».

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG