Орусияга салынган экономикалык санкциялардан улам Өзбекстандагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратовго таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.
«Негизги соода өнөктөштөрдүн улуттук валюталарынын куну качканы, сумдун да кыска мөөнөттүү девальвациясына алып келүүдө», - деген банкир АКШ доллары менен акча которуулар азайганын кошумчалады.
Нурмуратовдун айтымында, Өзбекстан импорттогон товарлардын, мунай, металл, суу май, дан азыктарынын дүйнөлүк рыноктогу баасы да өсүүдө. Деңиз аркылуу айрым каттамдар татаалдашып жатат.
Жыл башынан бери Өзбекстандын улуттук акчасы – сум АКШ долларына карата 6,8% арзандады.
Дагы караңыз
Facebook шеринеси