Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Байден АКШ Украинага 800 млн. доллар аскердик жардам жөнөтөрүн билдирди


АКШ президенти Жо Байден. 21-апрель, 2022-жыл.
АКШ президенти Жо Байден. 21-апрель, 2022-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Украинага Орусиядан коргонуу үчүн 800 миллион долларлык аскердик жардам жөнөтөрүн 21-апрелде билдирди.

Алдыдагы бир нече жумада Украинага артиллерия, тактикалык учкучсуз аппараттар жана башка курал-жабдык жеткирилет.

Өткөн жумада эле АКШ Украинага 800 миллион долларлык жардам бөлгөнүн жарыялаган.

Байден Вашингтон украин күчтөрүнө чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү улантарын кошумчалады.

Андан тышкары Байдендин айтымында, АКШ Украинга экономикасын стабилдештирүүгө жардам берүү үчүн 500 миллион доллар бөлөт.

Американын президенти өткөн айда Украинага бөлүнгөн 13,6 миллиард долларлык жардам жетиштүү болбогондуктан, кийинки жумада Конгресстен Киевге дагы кошумча миллиарддаган доллар жардам бөлүүнү суранарын айтты.

Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин эч качан Украинаны басып албайт деп айтты. Батыштагы өнөктөштөр менен мындан ары дагы бирге туруу зарыл экенин белгиледи.

Байдендин айтымында, Путиндин билдирүүлөрүнө карабай, Мариупол шаары орус армиясынын карамагына толук өткөнү тууралуу далилдер жок. Ал Москваны калаадан жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридорлорду түзүп берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG