Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга бел байлады


“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.

Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннель түшчү жерде жардыруу болду. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче, электр жарыгын сатып алып жатканын айтты.

"Жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз"

Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалады.

Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

“Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин экономикалык көрсөткүчтөрү республикалык масштабга ээ. “Камбар-Ата-2” ГЭСин кошпогондо Кыргызстандагы энергетика булактарынын баары өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулганы белгилүү. Бүгүн биз жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз. Акыркы он жылдан бери, өзгөчө кыш мезгилинде электр кубаты көп колдонулган учурда “Токтогулда мынча көлөмдө суу колдонулду, мынчасы калды” деп санааркап отуруп кыштан чыгып келебиз. Буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизип алсак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт энергия өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот”, - деди президент Садыр Жапаров.

8-июнда гидротоннель түшчү жерде жардыруу болду. Ага президент баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. 2022-жыл.
8-июнда гидротоннель түшчү жерде жардыруу болду. Ага президент баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. 2022-жыл.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот деп айтылды.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан Нарын дарыясынын болгону 10% сугат суу катары колдонот. Калганын кошуна өлкөлөргө берет.

Жапаров ошондуктан долбоорго Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салса, кубануу менен кабыл аларын белгиледи.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, учурда дүйнө жүзүндө экология көйгөйү абдан курч маселелердин бирине айланды. Ошондуктан экологияга терс таасирин тийгизген электр энергия булактарын азайтып, гидроэнергетиканын өсүшүнө басым жасашыбыз керек! Бүгүнкү күндө Кыргызстандын гидропотенциалынын 10-11 пайызын гана колдонуп жатабыз. Келечекте “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу менен чектелбестен, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Казарман, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады сыяктуу ГЭСтерди куруу ишин колго алуу зарыл”.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.

Курулуш башталды, бирок...

Сөз жүзүндө башталып, далай ирет оңунан чыкпай келген аракеттерден 40 жылдай убакыт өткөндөн кийин кыргыз өкмөтү "Камбар-Ата 1" ГЭСин курууга кирише турганын жар салды.

Бул биздеги Токтогул ГЭСинен да көп кубаттуулук бергидей эң ири станция болмокчу. Иш жүзүндө баары ойдогудай болорун айтуу кыйын. Долбоор боюнча маалымат азыркыга чейин бүдөмүк.

1-июнда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы "Камбар-Ата-1" ГЭСи курула турган жерге барды. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ага иш кандай жүрүп жатканын көрсөттү.

Анын айтканына караганда, азырынча эки жылга созула турган даярдык иштери гана жүрүүдө. Бул мезгил аралыгында жаңы жолдор, көпүрөлөр салынат, башка керектүү инфратүзүм курулат. Министр долбоор ишке аша баштады деп эсептейт.

“Жол салуу, инфратүзүм, инженердик курулмаларды тургузуу жана башка шарттарды түзүү – мунун баары курулуштун башталышы. Ошондуктан "Камбар-Ата-1" ГЭСи курула баштады десек жаңылбайбыз”, - деди ал.

Өзбекстан менен Казакстан бул ГЭСти биргелешип курууга кызыгарын билдирип, оозеки гана колдошту. Долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү келишимдер түзүлө элек.

Беш жыл мурда, 2017-жылы октябрда “Өзбекгидроэнерго” жана Кыргызстандын “Улуттук энергохолдинги” "Камбар-Ата-1" ГЭСи долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Андан бери иш ниет билдирүү менен эле чектелип келүүдө.

2021-жылы декабрда Казакстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн иликтеп көрөрү белгилүү болду. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Казакстандын өкүлдөрү долбоорго катышуунун ыктымал варианттарын талкуулоо үчүн Кыргызстанга келерин эске салды.

Нур-Султандын бул долбоорго кызыкчылыгын өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев билдирди. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Бишкекте майдын аягындагы болгон жолугушууда ал инвестициялык кызматташуу үчүн келечектүү долбоорлор тизмесин түзүүнү сунуштады.

Алардын бири "Камбар-Ата-1" ГЭСин биргелешип курууга байланыштуу болушу мүмкүн деген ал.

Казакстандын өлкө башчысынын басма сөз кызматы жана мамлекеттик ЖМКлары "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна катышуу мүмкүнчүлүгүн кызуу сөз кылышканын белгилей кетели. Бирок Кыргызстандын президентинин администрациясы көптөгөн билдирүүлөрүндө кошуна өлкөнүн бул долбоорго кызыгуусу тууралуу сөз кылган жок.

Садыр Жапаров жана Касым-Жоомарт Токаев Бишкекте. 26-май, 2022-жыл.
Садыр Жапаров жана Касым-Жоомарт Токаев Бишкекте. 26-май, 2022-жыл.

Токаевдин Кыргызстанга иш сапарынын жыйынтыгында 13 документке кол коюлду. Бирок алардын катарында энергетика, атап айтканда, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу боюнча эч кандай келишим жок.

“Менимче, булар жөн эле уу-дуу кылып жатат. Эки-үч жылда жол гана курулат дегени бул долбоор "төөнүн куйругу жерге жеткенде" ишке ашарын билдирип турат. Иштеп жаткандай түр көрсөтүп, көз боёмочулук кылышууда”, - деп сындады талдоочу, экономикалык серепчи Айданбек Акмат уулу.

Багыт өзгөргөндө

"Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу жөнүндө алгач өткөн кылымдын 80-жылдары сөз болгон. ТЭНди “Гидропроект” илимий изилдөө институтунун Ташкенттеги бөлүмү иштеп чыккан.

Бирок Советтер Союзу урап, долбоор каралбай калган. "Камбар-Ата-1" ГЭСи Нарын дарыясынын Токтогул ГЭСи турган жеринен жогору – Жалал-Абад облусунун чегинде курулмак.

2010-жылдан бери Кыргызстандын бийлик башындагылар бул долбоорду жүзөгө ашыруу ниетин айтып келип, атүгүл Орусияны инвесторлукка да тарткан. Бирок анда Бишкектин планы кошуна Өзбекстанды катуу нааразы кылган.

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев менен кездешүүсүндө "Казакстан менен Өзбекстандын сууга болгон жылдык орточо муктаждыгы 70-75 пайыз канааттандырылып жатат, эгер плотина тургузулса, суунун канчасы бизге артарын билбейбиз” деген эле.

“Суунун агымы канчалык өзгөрөт, тоскоолдор пайда болгондон кийин биз канча суу алабыз – мунун баарын билип, кылдат баалашыбыз керек”, - деген ал. Ошондо Каримов Кыргызстан жана Тажикстан жаңы ГЭСтерди курууну кошуналары менен макулдашууга тийиш экенин, антпесе "согуш чыгарын" билдирген.

"Камбар-Ата-1" ГЭСинин жайгашуу картасы.
"Камбар-Ата-1" ГЭСинин жайгашуу картасы.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча "Камбар-Ата-1" ГЭСинин плотинасынын бийиктиги 256 метр болот, ага 5,5 млрд. куб метр суу топтолот. Бул 20 млрд. куб метр сууну топтогон Токтогул ГЭСине салыштырмалуу дээрлик төрт эсе аз. Ошентип, Кыргызстан 26 миллиард метр кубга жакын суу топтой алат, эң башкысы, суунун агымын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Нарын дарыясы Өзбекстандын аймагында Кара-Дарыяга кошулуп, Сыр-Дарыянын башаты болот. Эксперттер "Камбар-Ата-1" ГЭСин Кыргызстан үчүн биринчи кезекте экономикалык эмес, Өзбекстан менен жүргүзгөн мамилесиндеги кошумча таяныч катары саясий долбоор болот дешет. Расмий Бишкек муну жүзөгө ашыруунун экономикалык жагын гана сөз кылууда.

“ГЭС бизге электр кубатын алуу үчүн эле керек. Казакстан менен Өзбекстанга суу көбүрөөк керек. Ошондуктан бул өлкөлөрдүн ГЭС курулушуна катышуусу аларга да пайдалуу болот”, - деп эсептейт президент Садыр Жапаров.

"Бишкек менен Ташкенттин ортосунда азыр пикир келишпестик жок" деген саясат таануучулар. Өзбекстандын азыркы жетекчилиги суу долбоорлору боюнча кыйла эстүү, алгылыктуу турумду карманууда деп эсептешет.

"Камбар-Ата жана чөлкөмдөгү суу ресурстарына байланышкан маселелердин баары саясатка да, коопсуздукка да, экономикага да тиешелүү. Бир нече жыл мурда кошуналардын мурдагы президенттери, айрыкча Өзбекстандыкы мындай долбоорду Бишкектин жүзөгө ашыруусуна дегеле жол бербей коюуну көздөшкөн. Эми, жакынкы эле келечекте суу маселеси курчуй турган болуп калган чакта, кошуналар Бишкекке каршы турбай, аны менен кызматташуу оң экенин түшүнүп калышты”, - дейт “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде саясат таануучу, Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жороев.

Ушундай эле көз карашын талдоочу Айданбек Акмат уулу да айтып келет. Анын пикиринде, Өзбекстандын кошуналарга койгон дооматтары Ислам Каримовдун жеке дымагы болгон.

“Бул биринчи кезекте мамлекет башчылардын жеке мамилесине жараша болот. Маркум Ислам Каримов Тажикстандагы ГЭСтин курулушуна каршы чыккан. Анын жеке дымагы кандай болгонун билбейм, бирок ал катуу каршы болгон. Азыр кырдаал өзгөрдү, Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин курганда сууну кошуналарына бербей койбостугун, долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылуунун эч кандай кажети жок экенин алар түшүнүп калды”, - деп ойлойт эксперт.

Президент Касым-Жоомарт Токаев Казакстандын "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна кызыгуусу биринчи кезекте чөлкөмдөгү суу саясатына байланыштуу экенин жашырбайт.

“Чек арадан өтүүчү суу ресурстары биз үчүн жалпы байлык экенин дагы бир ирет тастыктадык. Суунун тартыштыгы жылдан жылга сезилип жатат. Эл аралык кадыр-барктуу экологиялык уюмдар ушундай божомол жасоодо. Суу мындан ары көбөйбөйт – бул баарыбызга түшүнүктүү. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү биргеликте иштеши керек. Баарыбызга бирдей таандык дарыялар биздин элдерди дайыма бириктирип турууга тийиш. Казакстан бардык милдеттенмелерди толугу менен аткарууга жана олуттуу долбоорлорду чогуу жүзөгө ашырууга даяр”, - деди ал Бишкекке келгенде.

Жаңы ГЭСтерди куруу зарылдыгы

7 миллиондой калкы бар Кыргызстан энергетикалык жактан катуу каатчылыкка кабылууда. Жыл сайын электр кубатын керектөө көлөмү 5-7% өсүүдө, буга азыркы энергия булактары жетишпей жатат. Өткөн кышта өкмөт электр кубатын пайдаланууну чектеп, калкка мүмкүн болушунча сарамжалдуу керектегиле деп кайрылууга аргасыз болду. Жетишпеген энергияны Казакстан Өзбекстан, атүгүл Түркмөнстандан сатып алды.

"Камбар-Ата-1" ГЭСинин долбоордогу кубаттуулугу 1860 мегаваттка жетип, жыл сайын 5 млрд. кВт/с ашуун электр кубатын иштеп чыгып турат. Салыштырсак, азыркы электр кубатынын эң ири булагы болгон Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мВт, жылына 4 млрд. кВт/с түзөт. Бишкек ички муктаждыкты эле толук канааттандырбастан, электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга да экспорттоого үмүт артып турат.

“Камбар-Ата-1" ГЭСи – бул экономикалык долбоор. Кыргызстан энергетика жаатында каатчылыкка туш келип жатканын көрүп турасыздар. Бул бир эле жагы. Электр кубатынын тартыштыгы экологияга тикелей таасир этүүдө, анткени жарандар кышында көмүр жагууда. Күзүндө жана кышында Бишкек дүйнөдөгү абасы өтө кир шаарлардын бири болуп калууда. Жеткиликтүү баадагы электр энергиясы камсыздалса, экологиялык да, экономикалык да маселелер чечилмек. Мындан тышкары, бул долбоор экономикалык өсүшкө да өбөлгө түзөт”, - деп эсептейт эксперт Айданбек Акмат уулу.

Электр энергиясы жетишпей жаткан чакта бийликтегилер кыргызстандыктарды мүмкүнчүлүккө жараша көмүр жагууга үндөдү.

2014-жылы өкмөттөгүлөр "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга 2,7 миллиарддан 3 млрд. АКШ долларына чейинки каражат кетет деп эсептеп чыккан.

"Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу ишке ашса, бул көз карандысыздыкка жеткен өлкөнүн тарыхындагы эң кымбат долбоор болуп калмакчы. Эксперттер анын наркы 4-5 млрд. долларга чаап барат дешет. Бишкек гидроэлектрстанцияны өз күчү менен болсо да куруу ниети бекем экенин айтууда.

“Жакынкы үч-беш жылда "Камбар-Ата 1" ГЭСи колдонууга берилет. Каржы булактары бар, Каржы министрлиги жакын арада курулуштун азыркы баскычына 498 млн. доллар тартат. Курулушту баштоого даярдык үчүн быйыл 20 млн. доллар каралган, жакынкы мезгилде биз курулушту баштайбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Бирок өлкөнүн мүмкүнчүлүгү чектелген, ыктымал инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы да бүдөмүк болуп жаткан чакта жакынкы жылдары ГЭС куруларына ишенүү кыйын дейт “Азаттыктын” кабарчысына айрым эксперттер.

“Биз "Камбар-Ата" ГЭСин көп жыл мурда ойлонуштурулгандай курууга дагы эле даяр эмеспиз. Жакынкы келечекте ал курулбай калышы толук ыктымал”, - деп эсептейт саясат таануучу, профессор Эмил Жороев.

Экономист Сейдалы Мырзакматов гидроэнергетиканын дарамети азайып баратканын, жаңы ири ГЭС куруу менен эле бардык маселелерди чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.

“Суу агымы туруктуу болбой жатканын эске алып, ГЭС курууга өтө кызыга бербеш керек. Жылдан жылга суу азайып баратат. Гидрокурулмалардын келечеги анча жакшы эмес. Дал ошондуктан башка өлкөлөр ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар болсо да атомдук электр станцияларын курууну каалап калды”, - дейт ал.

Министрлер кабинетинин эсеби боюнча, Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгы кышында 6 млрд. кВт/с чейин жеткен. Мунун жарымы импорттун эсебинен жабылды, калганы жаңы ишканаларды куруу үчүн зарыл болчу.

Энергетиканы кургуйдан чыгуу үчүн бийликтегилер 100дөн ашуун шамал жана күн электр станциясын, ошондой эле чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG