Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы убактылуу жабылды


Боом капчыгайындагы сел.
Боом капчыгайындагы сел.

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы белгисиз мөөнөткө жабылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди. Каттам 30-июлдагы селден кийин жабылып, 10-августта жанданары айтылган.

Селдин айынан Боом аркылуу өткөн автожол дагы бир нече жолу убактылуу жабылып, кайра ачылган. Акыркы жолу капчыгайда 5-августта сел каптаган. Натыйжада Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 136 жана 138-чакырымдары кум-шагылга толуп калган.

Бишкек-Балыкчы поезди жайкы сезондо иш күндөрү беш, дем алышта тогуз жолу каттайт.

Быйыл жол кире 69 сомдон 150гө жогорулады. Бишкектен Балыкчыга каттаган поездге 22-июлдан тартып жаңы люкс вагон кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG