Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-декабрда Кыргызстанда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 7…12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10.
Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.
Дагы караңыз