Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Зеленский бул апта украиндер үчүн маанилүү экенин билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жакын арада Жогорку Радага өлкөнүн тышкы жана ички иштери боюнча жылдык кайрылуу жасайт. Бул тууралуу ал 27-декабрда билдирип, бул апта “Украина үчүн саясий көз караштан алганда маанилүү” болорун айтты.

Зеленский украиналыктар жаңы жылда улуттук максаттарды эсте сакташы керектигин кошумчалады.

"Бул максаттарга Украинанын аймактарын орус аскерлеринен бошотуу, Украинаны калыбына келтирүү, украиналыктарды мекенине кайтаруу кирет", - деди Зеленский.

Ал 27-декабрда Киевде украин аскерлеринин келерки жылдагы иш планы, фронттогу кырдаал, ошондой эле Украинанын банк системасындагы кырдаал жана Эл аралык валюта кору менен кызматташуу талкууланганын билдирди. Зеленскийдин айтымында, жолугушуунун дагы бир темасы Италиянын премьер-министри жана BlackRock инвестициялык фондунун жетекчиси менен сүйлөшүүлөр болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG