Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Кыргызстанда 2 миллиондон ашык баланы 682 педиатр тейлейт


Өкмөттүн жыйыны, 10-январь, 2023-жыл.
Өкмөттүн жыйыны, 10-январь, 2023-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-январда өкмөттүн саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулаган кеңешмесинде бейтапкана жана педиатрия кызматын жакшыртууну талап кылды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде педиатриялык кызматты калыбына келтирип, эне жана баланын өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча штабдын ишин жандандырууну жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууну тапшырды.

Өкмөт башчысы ооруканаларды жана бейтапканаларды бөлүү жолу менен саламаттык сактоо мекемелеринин түзүмүн кайра түзүү, калкка медициналык жардам көрсөтүлбөгөн учурлар үчүн ишеним телефонун киргизүү, "Тез жардам" унааларын лизингге алуу маселесин да козгоду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда 682 педиатр-дарыгер иштейт. Алар 14 жашка чейинки 2 млн. 200 миңден ашуун баланы тейлейт. (BCh)

XS
SM
MD
LG