Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Украина: Москва "Батыштын танктарын өрттөйбүз" деп коркутту


Украинага берилчү немистердин танктары.
Украинага берилчү немистердин танктары.

Украинанын Краматорск шаарында көп кабаттуу үй орус тараптын ракетасынан талкаланды. Калаанын борборунда бутага илинген үйдө кеминде үч киши набыт болуп, 20дан ашуун адам жараат алганы кабарланды. Киев соңку 24 саатта орус тарап алты ракета учуруп, анын төртөө шаардагы жарандык инфраструктурага тийгенин билдирди.

Краматорскинин бийлиги саат түнкү 9дан 45 мүнөт өткөндө Орусия тарап "Искандер-К" ракетасы менен атканын, бери дегенде көп кабаттуу сегиз үй зыян тартып, бирөө таптакыр кыйрап калганын билдирди. Урандынын алдында калгандарды издөө уланууда.

"Бул - шаардын борбору. Бул жерде карапайым эл жашайт, андыктан мындай аракеттерди кантип актайсың?" - деди урандыларды аралап жүргөн Донецкинин аймактык губернатору Павел Кириленко.

Өткөн айда Днепр шаарындагы көп кабаттуу үйгө орустардын ракетасы тийип, кеминде 44 киши набыт болгон. Краматорск мындан 14 ай мурун дагы кандуу чабуулга кабылып, шаардын темир жол вокзалында 57 бейкүнөө кишинин каны төгүлгөн эле.

Москва карапайым эл турган жерге сокку урганын мойнуна алган эмес.

Киев уруштун бир жылдыгын утурлай Украинанын чыгышында орус күчтөрү чалгын иштерин активдештирип, күчүн топтоп, кеңири масштабдагы чабуулга камынып жатканын жарыялады. Президент Владимир Зеленский кырдаал курч экенин белгиледи.

"Февралдан февралга чейин биз майтарылган жокпуз. Кол салуунун бир жылдыгына карай душман болгон аргасын кылууда. Мындай учурда бир муштумдай биригип, мамлекеттик кызыкчылыкты гана көздөшүбүз керек. Бул биздин колдон келет!" - деди Зеленский.

Орусия чабуулун күчөтүүгө камынып жатат деген маалда Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү украин армиясына аскердик техникадан жана коргонууну бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү улантууда. Киев заманбап жабдылган танктарды ала баштады. Азырынча украин бийлиги сураган согуштук учактарды, истребителдерди берүүгө келгенде өнөктөштөр ортосунда орток пикир жок.

2-февралда Брюсселден аттанган Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен баштаган 10дон ашуун аткаминер Киевге келип түштү. Эртең бул жерде Евробиримдик-Украина саммити ачылат.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен украин президенти Владимир Зеленский Киевде. 2-февраль, 2023-жыл.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен менен украин президенти Владимир Зеленский Киевде. 2-февраль, 2023-жыл.

Кремль Украинага берилчү аскердик жардам "жаңжалды андан ары ырбатканы менен анын жүрүшүн өзгөртө албайт" деген позицияда.

"Атайын операциянын өтөсүнө чыгышына колунан келишинче түз же кыйыр жардам берүүгө дилгирлер бириккен. Канча танк экенине карабай, биз мурда айткандай эле, аларды өрттөшөт. Ал үчүн сый акы алышат" - деди Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков.

Днепр: Орусиянын соккусу 30дан ашык өмүрдү алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Былтыр 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен орус күчтөрү Украинага басып кирген. Киев майданда 13 миңдей жоокери курман болгонун 2022-жылдын соңунда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта 6000дей аскерин жоготконун маалымдаган. Былтыр ноябрда Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңдей деп эсептеген. Бул маалыматты көз карандысыз булактар бышыктай электигин эске салабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG