Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Президент Толкунбек Абдыгуловду кызматынан чакыртып алды


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан чакыртылды. Тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады.

Толкунбек Абдыгулов 2021-жылы сентябрда президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болгон. Улуттук банктын төрагалыгынан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ага чейин Улуттук банкты 2014-жылдан 2021-жылга чейин жетектеген. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-февралда "Керемет Банкка" 8 млрд. сомдон ашуун акчаны мыйзамсыз салуу фактысы боюнча Улуттук банктын башкармалыгынын Т.Ж аттуу экс-мүчөсү кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин жарыялаган.

Шектүү 2013-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлүгүнө дайындалып, 2020-жылы бул кызматтан бошотулган.

Улуттук банкты 2011-жылдан 2014-жылга чейин Зина Асанкожоева, 2014-2017-жылдары Толкунбек Абдыгулов жетектеп, аны төрт айга Кубанычбек Кулматов алмаштырып, Абдыгулов кайра 2021-жылга чейин экинчи ирет бул кызматта отурган.

УКМК "Керемет Банкка" 8 млрд. сомдон ашуун акча инвестициялоо чечими кимдин учурунда чыкканын так көрсөткөн эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG