Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо мүшкүлү: картага такалган жумуш


Кыргыз-тажик чек арасы. Архив сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архив сүрөт.

Ушул аптада президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө пикирин билдирип, аны тактоо иштери жай жүрүп жатканын айтты. Былтыр 24-25-декабрда Баткенге барганда мамлекет башчысы Өзбекстан менен чек ара дээрлик такталып бүткөнүн айтып, Тажикстан менен чек ара быйыл май айында бүтүп калат деген болчу. Коңшулар ортосунда кан төгүүлөрдү алып келген чек араны тактоо эмнеге кечеңдеп жатат, ал мамлекеттер аралык мамилеге жана чек ара айылдарынын жашоочуларына кандай таасирин тийгизүүдө.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине 17-апрелде берген интервьюсунда Тажикстан менен чек араны чечүү иштеринде жылыштар бар экенин, бирок мурда болжогондон ал жай жүрүп жатканын айтты:

“Тажикстан менен чек ара маселесинде жылыштар бар, жок эмес. Бирок өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатышып эле айрым тилкелерге келгенде бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуштарын киргизе салып жатышат. Ошол үчүн маселе токтоп калып жатат. Чындыгында 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”.

Акыркы жолу 1-7-апрелде Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү менен өткөнүн, жумушчу топтор эми Тажикстандын аймагында кездеше турганын билдирген. Буга чейин 10-16-мартта дагы ушул эле жумушчу топтор Дүйшөмбү шаарында чек араны тактоо ишине отурган.

Акыркы жолугушуу тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев "Азаттыкка" берген чакан интервьюсунда буларга токтолду:

“Сүйлөшүүлөр жакшы эле кетип жатат. Болгону позицияларыбыз ар түрдүү болуп жатат. Кийинки жолугушуу июнь айында өтөт.”

Назирбек Бөрүбаев айткан позициялардын ар түрдүүлүгү деген эмне экендигин президент Садыр Жапаров “Кабарга” берген маегинде ачык тактады. Мамлекет башчысы “эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечебиз десек, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгып, бардык чек ара тилкелерин 1924-жылкы карта менен чечишибиз керек болот” деди.

Чек ара тактоонун тарыхы

Расмий Бишкек менен Дүйшөмбү чек араны чечүүдө кайсыл картага таянабыз - 1924-жылдагыбы же 1958-59-жылдардагы карта менен чечебизби деген маселеде пикир келишпей калган учурлары болууда.

1924-жылы чек араларды тактоо үчүн борбор болгон Москва тарабынан атайын комиссия түзүлүп, октябрда ал комиссияга Борбордук Азиядагы элдердин чек араларын бөлүү керек деген тапшырма берилген. Комиссия бир жарым айда – 10-декабрга карата ишти бүтүрүүгө тийиш болгон. Бирок, андан бери 99 жыл же бир кылымдай убакыт өттү. Ошондо эле чек араны тактоо иштери башталганда, чыр дагы кошо башталган.

1925-жылы 17-мартта чек ара боюнча токтом кабыл алынып, анда чек аралар чийилип, көргөзүлгөн. Ал кезде Тажикстан Өзбекстандын курамында, ал эми Кыргызстан автономиялуу облус катары Орусиянын курамында болгон. Кыргызстандын ал кездеги жетекчилиги тарабынан чек ара боюнча жанагы документке ошол замат элүүдөн ашуун доомат артылган.

Улуттук Илимдер академиясынын бөлүм башчысы, профессор Саламат Аламановдун пикиринде, 1926-жылдагы паритеттүү комиссиянын Петровский деген жетекчиси жазган кагазында ал дооматтар мындай деп берилген:

​"Кыргыз тарап өз дооматтарын Бетегелүү, Кой-Таш чөлкөмүнө, Варзык айылына, Орто-Токой чөлкөмүнө, Үч-Коргон темир жол бекетине, Ак-Сай, Каланташ, Жалдалды, Улак-Ойнор, Кочкор-Ата чөлкөмдөрүнө, Ханабад, Айым болуштуктарына, Кара-Суу темир жол бекетине, Мөнөк, Булак-Башы, Мархамат болуштуктарына, Авал болуштугунун Үч-Коргон айылына, Фергана уездинин Вадил, Чимиён айылдарына, Кокон уездинин Сох, Исфара болуштуктарына, Кожент уездинин Бахсы, Исфана, Чапкылдык болуштуктарына, Сүлүктү шаарына, Мөксү өрөөнүнүн жогорку бөлүктөрүнө коюшкан жана Лейлек, Жоокесек, Бостон болуштуктарынын төмөн жагындагы чек араны Кыргыз автономия облусунун пайдасына өзгөртүүнү талап кылган".

Ошондон кийин 1958-59-жылдарда кыргыз-тажик чек арасы боюнча кайрадан тактоо иштери жүрүп, анын негизинде чечим кабыл алынып, ал документ болсо Советтер Союзу тарагандан кийин Алматы, Минск шаарларындагы жолугушууда мамлекет башчылары кол койгон декларацияларга ылайык тастыкталган. Эмомали Рахмон анда дагы президент болуп, ал документтерге өзү кол койгон болчу.

Жакынкы тарых: тараптар талашы

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров былтыр Бириккен Улуттар Уюмуна барып сүйлөгөндө дагы айткан эле. Ошол эле маалда ошол эле Улуттар Уюмунун бийик трибунасында туруп сүйлөгөн Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджидин Мухриддинов 2 миңден ашуун чакырым жерди талаштуу деп билдирген. Ал жерлер жогоруда биз келтирген 1926-жылдагы паритеттүү комиссиянын жетекчиси Петровский “туура эмес” деп айткан жерлер.

Саламат Аламанов тажик тышкы иштер министринин БУУдагы ал сөзүн угуп таңгалганын, анткени “укуктук жактан караса алардын дооматы суу кечпестигин, анткени эки мамлекеттен бөлөк да эл аралык коомчулук, эл аралык укук бардыгын, эгер Тажикстан 1925-жылкы документти бетке кармай берсе, аны жокко чыгарууга кыргыз тарапта далилдер жетиштүү экенин” айтат.

“Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Садыр Жапаров былтыр “эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, 2023-жылдын май айына чейин чек араны чечип бүтөбүз деп болжогонун, тилекке каршы, тактоо иштери бүтө электигин” кошумчалаган.

Ал арада акыркы эки жылда эки ирет ок атылып, үйлөрү өрттөлгөн Баткендин тургундары эле кыйналууда. “Азаттыкка” берген интервьюсунда чек арага жакын Ак-Сай айылынын тургуну Бүбүамира Турдалиева чек ара эртерээк такталып, аймакка тынчтык орносо жакшы болот эле деген тилегин билдирди:

"Эң башкы көйгөйүбүз чек ара такталып, коопсуздук чечилсе, анан чек ара аймагында жашап жатат деп жеңилдиктер берилсе, пенсия, жөлөк пул жакшы болсо, оор турмуштагыларга колдоо көрсөтүлсө кетебиз деген ой жок, жашайбыз. Бирок, чек арага карашпаса, шалаакылык ушинтип улана берсе, тажиктер келип бизди күнүгө басмырлай берсе бизге жашоонун эмнеси кызык?".

Чек ара тууралуу маалымат

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкеси 972 чакырымга созулат. Аны тактоо иштери бир кылымга жакын убакыттан бери созулуп, акыркы иштер 2002-жылы башталган.

Былтыр 16-апрелде Садыр Жапаров Фейсбукка чек аранын 664 чакырымы такталганын билдирип, ал ирет дагы “иштер жай жүрүп жатканын” айтып, “бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды, эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз” деп жазган.

2022-жылы 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапары учурунда "20 жылдын ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды, Тажикстан эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү керек деген ойду бекем карманат, "андыктан кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияга алдырбоо зарыл” деген болчу.

Акыркы жаңжалдын каскагы

Чек ара тактала электигинен суу, жайыт, жер, жол талаштан улам эки өлкө ортосунда кандуу кагылыштар болуп келатат. Акыркысы - былтыр 14-17-сентябрда Баткен облусунун аймагында кан төгүлүп, жаңжалдан Ак-Сай, Капчыгай, Миң-Өрүк, Достук сыяктуу бир катар айылдар жабыркаган. Үйлөр, мектеп, бала бакча, чек ара бекеттери өрттөлгөн, жалпы чыгым 8 млрд. сомго бааланган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул жаңжалды "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп баалаган. Дүйшөмбү айыпты Кыргызстанга оодарган болчу. Кыргызстан 62 жаранынан айрылганын, дагы эки жүздөй жаран жаракат алганын билдирген. 140 миңден ашуун тургун жер которгон, аларга бийлик жаңы үйлөрдү салып берүүдө.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып мерт болгон 74 кишинин тизмесин жарыялады. Жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн болбой келет.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG