Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети он жыл мурда соттолуп, абакта отуруп чыккан Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынын тургуну Белек Курманбековдун кыйноого кабылганын тааныган чечим чыгарды. Ага ылайык, эми Курманбеков акталып, кыйноого кабылганы жана күнөөсүз камалып, алты жыл түрмөдө отурганы үчүн кенемте төлөнүп берилиши керек.
Укук коргоочулар Кыргызстандын сот системасынан акыйкаттык таппаган жарандар БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылуу мумкүнчүлүгүн айтышууда. Эл аралык уюмдарга кайрылуунун натыйжасы кандай болот?
"Туулган күндөгү куру доомат"
Ырчылык өнөрү менен тойлордо ырдап, акча таап жүргөн 19 жаштагы Белек Курманбековду 2012-жылы жайында Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн милиция кармап кеткен. Аны "Аксы районунун тургунун өлтүргөн" деген шек менен кармашкан. Апасы Гүлипа Курманбекованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, "уулун кылбаган кылмышын мойнуна алдыруу үчүн" кыйнашкан.
"Уулум тойлорго барып ырдап, бир нече ыр жаздырып, клип тарттырып, жарыялаганга жетишип калган. Кимдин кылганы билбейбиз, бирок аны кылбаган ишти кылдың деп, кыйнап, катуу ур-токмокко алышкан. Милицияга алып барып, башына желим баштык кийгизип, кыйнашыптыр".
Курманбековдун кызыкчылыгын тергөөдө жана сотто Жалал-Абаддагы "Справедливость" уюмунун юристи Уткир Жабборов коргогон.
Юристтин сөзүнө караганда, 11 жыл мурун июль айында 18 жашка толгон Белек туулган күнүндө Аксы районуна сүйлөшкөн кызына жолугуу үчүн барган. Жолдо баратып кызынын дарегин сурамжылап, натыйжада бейтааныш киши ага кызынын үйүнө баруучу жолду көрсөтүп берген. Кийинчерээк ал кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.
"Белекти милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн киши өлтүрүүгө айыптап кармашкан. Аксыга ошол күнү эле алып кетишкен. Жолдо эле кыйнап башташыптыр. Анткени сөөгү табылган кишини акыркы жолу Белек менен көргөндөр болуптур. Белек ал кишиден сүйлөшкөн кызынын үйүн сураганда, ал "пиво алып берсең көрсөтөм" деп, пиво алдырып ичкен экен. Белек ошол боюнча милициянын убактылуу кармоочу жайында эки жыл жатты. 2010-жылы күзүндө Аксы райондук соту аны 20 жылга эркиндигинен ажыраткан. Кийинчерээк Жалал-Абад облустук соту анын абак жазасын кыскартып, 12 жылга кескен. Белек Курманбеков кыйноолорго чыдабай, "кылбаган ишти кылдым" дешке мажбур болгонун алигүнчө айтып жүрөт", - деди адвокат.
"БУУ кыйноого кабылганын тааныды"
Облустук соттун чечимине макул болбой, адвокаты Жогорку Сотко да кайрылган. Иш кайра кароого жиберилген. Бирок кийинки соттук териштирүүлөр дагы Белектин пайдасына чечилбей, жыйынтыгында Курманбеков 12 жылга кесилген.
"Убактылуу камоочу жайда отурган эки жылын кошкондо толук алты жыл абакта отурду. 2017-жылдын август айында мунапыс менен жатак абакка бошотулду. 2018-жылы шарттуу бошонуп чыкты", - деди Уткир Жабборов.
Кыргызстандын сот системасынан "адилеттик таба албадык" деген адвокат 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетине кайрылып, Курманбеков кыйноого кабылганын билдирген. Уткир Жабборов эл аралык деңгээлде да Белектин кызыкчылыгын коргоп, анын Аксы жана Жалал-Абад милициясы тарабынан кыйноо фактысын таануу өтүнүчүн келтирген.
"Сурак учурунда Курманбековду кылмышты мойнуна алдыруу максатында катуу сабашкан. Курсагына жана башына сокку жеп, башына баштык кийгизилип, муунтулган. Бирок кыйноого кабылганы тууралуу прокуратура да, бардык инстанциядагы соттор да чечим чыгарып беришкен эмес. Ушундан улам биз "Справедливость" уюмунун жана менин атымдан БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылганбыз", - деди Жабборов.
Быйыл 11-апрелде БУУнун Адам укуктары комитети бул өтүнүч боюнча чыгарган корутундусунда Курманбековдун укуктары, анын ичинде эркиндиги жана жеке кол тийбестик укугу бузулганын тааныды.
Учурда адвокат Уткир Жабборов Белек Курманбеков менен чогуу БУУнун Адам укуктары комитетинин кыргыз бийлигине жолдогон сунушун ишке ашыруу, анда айтылгандай, өкүмдү жокко чыгарып, Белекти актоо, кыйноо фактыларын иликтеп, кенемте төлөтүп алуунун аракетинде иштеп жатканын билдирди.
"Тагдыры талкаланды"
Белек Курманбековдун апасы Гүлипа Курманбекованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, уулунун камалганда ага күйүп-ьышып жүрүп атасы көзү өтүп кеткен.
"Баламды ак жеринен айыптап, тагдырына балта чабышты да. Абактан бошогонуна беш жыл болду, үйлөнгөн. Бирок эч жерде иштебейт. Ишке кире албайт экен, анткени соттолгон. Ырдабай да койду. Биз да балам үчүн үйүбүздү сатып, белчебизден карызга батканбыз. БУУнун чечими бизде да үмүт отун жандырып койду. Эми ошол чечимди аткарып, баламды актап, ошончо жылдык өмүрү үчүн кенемте төлөп беришин сот системасынан талап кылам", - деди Гүлипа Курманбекова.
Адвокат Уткир Жабборов БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылуу менен бирге эле Белекти кыйноого шектелген милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козготууга жетишкен.
"Кыйноого катышы бар милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып, прокуратурага бир нече жолу кайрылганбыз. Прокуратура кылмыш ишин козгоодон улам баш тартат. Акыры кылмыш иши козголду, бирок сотко келгенде жеңил жаза менен кутулуп кетишти".
"Сунуштун аткарылышын талап кылабыз"
БУУнун Адам укуктары комитети жакында эле дагы бир кыргызстандык жаран, блогер Адил Турдукуловдун тынч жыйын өткөрүү укугунун бузулушун белгиледи.
БУУнун сайтында Адам укуктары боюнча комитетинин 137-сессиясында (2023-жылдын 27-февраль-24-мартында) Адил Турдукуловдун, адвокаты Гүлшайыр Абдирасулованын 2016-жылдын 2-августунда берилген арызына жооп жазылган.
Анда БУУнун комитети өз чечиминде жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактынын 21-беренесинин арыз берүүчүнүн тынч жыйын өткөрүү укугунун бузулушун белгилейт.
Комитет "арыз берүүчүгө адекваттуу компенсация берилишин, анын ичинде мамлекеттин ага салынган айып пул жана башка соттук чыгымдардын ордун толтурууну" эскертти. Кыргызстан мындан ары да аталган укук бузуулар болбошун эске алышы керектиги айтылган.
Кыргызстан 180 күндүн ичинде БУУ комитетине аталган чечимдин аткарылышы боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат бериши керектиги белгиленген.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын 17-декабрында Адил Турдукулов алты адам менен бирге Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында тынч жыйын өткөрүүнү көздөгөн. Анын максаты журналист Дайырбек Орунбековго тилектештик билдирүү болгон. Ал кезде Дайырбек Орунбеков Кыргыз Республикасынын президентинин кадыр-баркына доо келтирди деген моралдык зыян үчүн компенсация төлөбөгөндүгү үчүн камак жазасы күтүп жаткан.
Тынч жыйын өткөрүүгө анын Конституциялык укугу бар экенине карабастан, милиция кызматкерлери Административдик кодексин бузганы үчүн 2 млн. сом айып пул салган.
Адил Турдукулов соттун чечимине каршы арыз жазган. Анын белгилөөсү боюнча, 2012-жылы 23-майда кабыл алынган “Тынч жыйын өткөрүү” мыйзамы боюнча, тынч жыйын өткөрүү тууралуу бийликке алдын ала маалымдоо зарыл эмес болчу.
"Бирок Бишкек шаардык соту да, Жогорку Сот дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондон кийин биз адвокат менен чогуу БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылганбыз. Жакында каралып, чечим чыкты. Эми БУУнун сунушун аткаруусун кыргыз бийлигинен талап кылабыз", - деди Турдукулов.
Бишкектин борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү сот тарабынан ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертүүдө.
"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдырасулованын айтымында, азыркы тыюу боюнча даттануулар БУУнун Тынч жыйындар боюнча атайын баяндамачысына берилүүдө. Анткени буга чейин укук коргоочулар жана юристтер бардык сот бутактарынан өтүп, адилеттүү чечимге жете алган эмес. Акыркы эки жылдан тартып тынч жыйындарга тыюу боюнча ондон ашык даттануулар жиберилген.
БУУнун сунушу аткарылабы?
Кыргызстандын сотторунан акыйкаттык таппаган жарандар эл аралык уюмдарга , тагыраагы БУУнун Адам укуктары комитетине кайрыла алат. Юристтердин маалымдашынча аталган комитетке Кыргызстанда укугу тебеленген карапайым адамдардан тартып, укук коргоочу уюмдарга чейин кайрылса болот.
БУУнун комитети эгер арызда жазылган маселелер анык экенине көзү жетсе, анда адам укугу тебеленгенин таанып, кыргыз бийлигине кайрылуу-сунуш жолдойт. Кыргыз өкмөтү ал сунуштарды аткарып, мурдагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга тийиш дейт "Прецедент" коомдук уюмунун башчысы, укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакунов.
"Кыргыз бийлиги БУУнун Адам укуктарынын сунушуна ылайык, бузулган укугун калыбына келтирүүгө тийиш. Мунун ичинде, ишти кайрадан кароодон баштап, мыйзамдарды өзгөртүү, кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу, укугу бузулган жаранга кенемте төлөп берүү жана башкалар бар".
Тилекке каршы, БУУнун Адам укуктары комитети кыргыз бийлигине калыс кароо сунушу менен жиберилген иштердин баары эле өкмөт тарабынан оң баа берилип, оң чечим чыкпай келет. Юристтердин маалымдашынча, эгемендик тарыхында Кыргызстанга БУУнун комитети ондон ашуун ишти кайрадан кароо сунушу жиберилген. Анын ичинде саясатчы Феликс Куловдун ак жерден камалганы, Аксы окуясындагы алты адамдын өлүмү, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун камакта кыйноого кабылганы жана башка резонанстуу иштер бар.
Мындан тышкары, юристтердин жана укук коргоочулардын жардамы менен берилген кайрылуулардун натыйжасында, карапайым адамдарга байланыштуу да иштерди кайрадан кароо сунушу берилген жети учур катталган. Бирок мунун ичинен 3-4 сунуш гана жабырлануучулардын пайдасына чечилген.
"Справедливость" уюмунун юристи Уткир Жабборовдун маалыматына караганда, анда дагы аз өлчөмдөгү кенемте төлөө менен чектелген.
"Сунушта кыйноого кабылганы аныкталды деп жазылып атса да, биздин прокурорлор аны танып жатышат. Көбүнчө "убактысы өтүп кетиптир, мурда кайрылыш керек болчу" деген шылтоону негиз кылышат. Биздин уюмдун БУУнун Адам укуктары комитетине жиберилген арыздан жетөө каралып, арызыбыз канааттандырылган. Бирок төрт иш боюнча бийлик "адилетсиз чечим чыкканын" мойнуна алды. Бир адамга 250 миң, бирөөгө 300 миң сом кенемте төлөндү. Дагы эки кишиге 50 миң сомдон кенемте чегерип коюшту. Бул дагы адилетсиздик. Анткени булар айлап, жылдап кылбаган иши үчүн күнөөсүз абакта отурушканы, канча нервин, ден соолугун жоготкону болгону 50 миң сомго бааланып жатканы адилетсиз", - деди Жабборов.
Укук коргоочулардын белгилөөсүндө, акыркы жылдары Кыргызстандын өзүндөгү сот системасынан адилеттик таба албай, БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылуулар күч алды.
Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча конвенциясына мүчө.
Кыргызстанда кыйноо фактыларын 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иликтейт.