Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

"Комузду укканда көзгө жаш алышты". Пакистанды байырлаган кыргыздар


Кыргызстандан барган топ Пакистандагы этникалык кыргыздар менен. Гилгит шаары. Сүрөт Рысгүл Акимжанованын баракчасынан алынды.
Кыргызстандан барган топ Пакистандагы этникалык кыргыздар менен. Гилгит шаары. Сүрөт Рысгүл Акимжанованын баракчасынан алынды.

Кыргызстандык тарыхчы, изилдөөчү, маданият кызматкерлеринен турган топ Пакистанда жашаган этникалык кыргыздарга барып, кабар алды. Алар Гилгит шаарында жана Иммит айылында болуп, бир катар илимий иш-чараларга катышып, этникалык кыргыздар менен жолугушкан.

Дээрлик бир кылым мурун совет бийлигинин репрессиясынан качып, Пакистанда отурукташып калган этникалык кыргыздардын саны ушу тушта 1200гө чамалуу.

Тарыхчылар, этнографтар жана маданият кызматкерлеринен турган он кишиден турган топ 8-май күнү Пакистандын борбору Исламабадга барышкан.

Боордоштор менен алгачкы жолугушуу Гилгитте өткөнүн сапардын уюштуруучусу, ишкер Рысгүл Акимжанова билдирди.

“Ал шаардагы эки университетти Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына, Кыргызстандын Баш мыйзамынын күнүнө карата жана этникалык кыргыздарга болгон сапарыбыз, учурунда кыргыздарды ошол жакка баштап барган Жаныбек казынын өмүр баяны тууралуу жалпысынан үч иш-чара өттү. Башында 500дөй студент келип, кийин улам кызыгып жатып, 800-900 студент чогулду. Ал жерге Пакистандын парламентинин депутаты, университеттердин ректорлору жана башка улуттардын диаспораларынын өкүлдөрү катышты”.

Ошол эле күнү кечинде Гилгит шаарындагы этникалык кыргыздар менен Кыргызстандан барган топтун өзүнчө иш-чарасы өткөн. Акимжанова пакистандык кыргыздар санжырасын мыкты билип, сүрүштүрөрүн, ошон үчүн дээрлик бир кылымдан бери уңгусун жоготпой, башка улутка жуурулушпай келатса керек дейт.

“Жаныбек казынын өмүр баяны, басып өткөн жолу боюнча да сөздөр болду. Анын үстүнө бизден тарыхчылар да барган. Алар тарыхый, илимий маалыматтарын бөлүшүп отурушту”.

Кыргыздар Пакистанга кантип барып калган?

Тарых булактарында Пакистанды жердеген кыргыздарды кезинде Жаныбек казы Сагынбай уулу баштап барганы жазылган. Жаныбек казы 1869-жылы Өзгөн районунда туулган. Анын Пакистанга ооп, жердеп калган себебин этнограф, тарыхчы Абылабек Асанкановдон угалы:

“Ал башында совет бийлигин орнотууга чоң салым кошкон адам. Кийин совет бийлигинин кемчиликтерин, айрыкча “кызыл террорчулугун” көргөндө басмачыларга кошулуп кеткен. Совет бийлиги күчтүүлүк кылып, бардык жерди колго алганда ал үй-бүлөсү менен качып кетүүгө аргасыз болгон. Биринчи Кашкарга барып отурукташкан. Совет өкмөтү өзүнө каршы чыккандарды ал өткөрүп берүүнү талап кыла баштаганда “бул жерде да жашоого болбой калды” деп Памир аркылуу Пакистанга өтүп кеткен. Вахан коридору деген бар. Ошол жакта кыштоого ылайык жерди таап байырлап калган”.

Тарыхчынын айтымында, Жаныбек казы үчүн ал жер убактылуу гана баш калка болгон. Ал муну балдарынын кулагына куюп, Кыргызстан өз алдынча мамлекет кайра кайтып баруу керектигин эскертип турган.

“Ал жакка 1928-жылы көчүп барышкан. 1933-жылы ал киши кайтыш болордун алдында балдарына: “Бул элге сиңип кетпегиле, тилиңерди, дилиңерди жоготосуңар. Бир учур келет, бул күндөр да өтөт. Кийин кайра жерибизге барабыз. Келген жолду билип алдык, кайра барабыз”, - деп керээзин айткан экен. Совет бийлиги 70 жылдай өкүм сүрдү. Бул аралыкта алар да көбөйүп калышыптыр. Өздөрүнүн эсеби боюнча 1200 кишиге жетет экен. Иммит деген айылда турат экен. Билим алгандары Исламабад баштаган шаарларга көчүп барышыптыр”.

"Силерди көрүп, төбөбүз көккө жетти"

Ошентип Пакистандагы кыргыздар Жаныбек казынын сөзүнөн чыкпай, Кыргызстан эгемендик алган күндү күтүшкөн. Бул кыял ишке ашканда анын балдары-небелери очор-бачар болуп, отурукташып калган эле.

Пакистандагы кыргыздардын бири Захиджан ошол учурду мындай деп эскерди:

“Пакистандагы Иммит деген айылга келгенде Жаныбек казы ооруп калат. Ал эки кызы, беш уулун чакырып, “мен каза болсом, Исламабадга, Лахорго, Лондонго кетип калбагыла, андай кылсаңар балдарыбыз кыргызчаны унутуп калат” деп ыйлап, керээзин калтырат. Мындан үч айдан кийин Жаныбек казы көз жумат. Атанын айтканынан чыкпай, ушул жерде калышкан. Аталарыбыз Кыргызстандын азаттыгын 70 жыл күтүштү. 1992-жылы көз карандысыз болгону тууралуу кабарды уктук. Ошондо Жаныбек казынын балдары Маматибраим, Маматисмаил жана кызы Халима бар эле. Мен аларды алып Исламабадга, кийин Ташкентке барып, андан ары Анжиянга поезд менен жеттик. “Достук” бекетинен өтүп, Ошко киргенде аталарыбыз чөгөлөп жерди өбүшкөн. Андан ары биздин туулган жерибиз Өзгөнгө бардык. Кийин Таластан, Чүйдөн, Баткенден, Алайдан, Кара-Кулжадан кыргыздарды чогулттук. Биздин атабыз үчүн ошол жактан илимий-маданий топту алып келгениңиздер үчүн аябай ыраазыбыз, башыбыз көккө жетти”.

Жаныбек казынын чөбөрөсү Алмаз Зулпукаров 2016-жылы "Азаттыкка" Пакистандагы кыргыздар, алардын кантип ал жакка барып калганы тууралуу маек курган.

Этникалык кыргыздардан кабар алган топтун мүчөлөрү алар башка элде жүрсө да кыргыздын улуттук баалуулуктарын унутпай сактап келатканын белгилешти. Буга катар көп тилди өздөштүрүп, жергиликтүүлөрдөн калышпай жашап жатканын да байкашкан.

Сапардагылар этникалык кыргыздардын үйлөнүү тоюна да күбө болушкан. Тарыхчы-этнограф Абылабек Асанканов бул мааракеде алардын каада-салты эзелтен бери сакталып келатканын байкаган.

“Канчалык динин, каада-салтын, улуттук баалуулуктарын сактаганын ошол жерден билдик. Эки күн жүрүп, аларды изилдегенге жетиштүү убакыт болду. Бирок тилди унутуп баратышыптыр. Кыргыз деген атты бекем сактап жүрүшөт. Алардын жеринде кыргыздын ыры, “Манасы” жаңырды. Комуз чертилгенде көзгө жаш алышып, "биздин башыбызды көтөрдүңөр" деп кубанып калышты”.

Совет бийлигинин саясий куугунтугунан качып барган кыргыздар алгач Вахан коридорун бойлой жайгашкан.

Борбор Азияны түндүк-түштүккө бөлгөн Вахан тилкеси (Вахан коридору) Улуу Жибек Жолунда жайгашкан. Ал аркылуу байыркы кездери буддизмдин кытайлык жолдоочусу Сюань Чжуан, Европадан Марко Поло, сансыз соодагерлер, жаңы заманда саякатчылар, географтар, Батыштын тыңчылары тынымсыз каттап келген.

Индияны, анын ичинде азыркы Пакистандын аймагын басып турган Улуу Британия менен Борбор Азияга жаңы басып кирген падышачыл Орусия 19-кылымдын этегинде "чек арабыз кесилишпесин" деп Вахан тилкесин Ооганстанга ыйгарып, аны ортодогу нейтралдуу тилкеге айландырышкан.

Бул жерди мургабдык кыргыздар "Беш жылдыз" деп аташат, анткени мында беш өлкөнүн: Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Пакистан, Индиянын чек аралары тогошот. География илиминде аны "Памир түйүнү" деп билишет.

Учурда Түркиянын Ван аймагын жердеген этникалык кыргыздар да бир учурда Пакистанда жашап турган. Аларды баштаган Рахманкул хан 1978-жылы СССР Ооганстанга аскер киргизген мезгилде Улуу Памирден Пакистанга журт которуп кетип, кийин Түркиянын Ван аймагына көчүп кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG