Кырызгидромет борбору билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жогору болот.