Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгондорго 1 миллион сомдон берилди


Спортчуларды сыйлоо иш-чарасы. 26-сентябрь, 2023-жыл.
Спортчуларды сыйлоо иш-чарасы. 26-сентябрь, 2023-жыл.

26-сентябрда президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медал алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго 1 миллион сомдон сыйлык ыйгарылды. Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан Айпери Медет кызы 750 миң сом, коло медал алган Тайырбек Жумашбек уулу 500 миң сом алды. Андан сырткары спортчулардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар берилди.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал тагынды. Балбандар 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты.

Ушул эле мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып, Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) эркин күрөштөн коло медалга ээ болду.

Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын, бир күмүш жана бир коло менен жалпы командалык эсепте Жапония менен АКШдан кийин үчүнчү орунду ээледи. Мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышты. (GT)

XS
SM
MD
LG