Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:41

Ишкер Бакыт Борошовдун соту 7-мартка жылды


Бакыт Борошов.
Бакыт Борошов.

Жалал-Абад шаардык соту абактагы ишкер Бакыт Борошовдун ишин кароону 28-февралда улантты.

Ишкердин адвокаты Муктар Набиев сотко ишти кыскартуу боюнча өтүнүч бергенин, прокуратура аны менен таанышууга убакыт сурап жараян 7-мартка жылганын билдирди.

Былтыр 18-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бакыт Борошовго карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аймактагы бөлүмү, “Элдик” ишканасынын жетекчилиги Борошов мамлекеттик мүлктү бир жыл бекер иштетип, акча төлөбөгөнүн жүйө келтирген.

Ага чейин бул ишкананын темир-бетон заводун иштетүүдө 16 млн сомдон ашык чыгымды мамлекетке өндүрүү боюнча Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими чыккан. Мындан кийин ишкерге Жоруктар кодексинин “Сот өкүмүн, сот чечимин же башка сот актысын аткарбоо” беренеси менен иш ачылган. Бул иш боюнча тергөө жүрүп, Жалал-Абад облустук соту аны актаган.

Борошов 2023-жылы 25-октябрда үй камагына чыккан. Ошол эле күнү ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүм билемдик” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кайрадан кармалган.

Ал кармалардан мурда бийликти сындаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жолдоп, ишкерлерге кысым болуп жатканын айткан жана “башаламандыкты токтотууга” чакырган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG