Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Жогорку Кеңештин комитети ЖМК тууралуу мыйзамды карап жатат


“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору 4-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралып жатат. Депутат Дастан Бекешев парламент депутаты катары соцтармактарда баракчасында шайлоочуларына маалымат берип турарын айтып, бул баракчалар ЖМКга киреби деп тактап сурады.

Депутаттын суроосуна маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максүтов жооп берип, соцтармактардагы баракчалар маалымат каражаты болуп эсептелбесин билдирди.

Бекешев маалымат каражаттарынын иши кандай учурда токтотуларын тактап сурады.

Юстиция министрлигинин өкүлү массалык маалымат каражаты катары катталган маалымат каражаттары эки ирет эскертүүдөн соң, сот чечими менен жабыларын айтты.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул аталган мыйзам ЖМКларды иреттөө, тактоо максатында гана демилгеленип жатканын айтып, фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн өзүнчө мыйзам бардыгын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунда тактоочу беренелер көптүгүн белгилеп, мыйзам долбоору менен Кыргызстандагы эркин маалымат каражаттарын жабуу аракети турганын белгиледи.

"Журналисттерге "муну жаз, тигини жазба" деп көрсөтмө берип атасыңар. Силер минтип баарын жаздырбай кое албайсыңар. Биз өзүбүздүн ЖМКларды тыйып алып, Орусияны же башка өлкөнүн маалымат каражаттарына жол ачып берип жатасыңар", - деди Бекешев.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору буга чейин да Жогорку Кеңештин башка комитеттеринде каралган. Айрымдарынан өтпөй калган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG