Биринчи күн. Чийим-Таш капчыгайы
Гамал Сооронкулов бизди Таластын Чийим-Таш капчыгайын көздөй баштап жөнөдү. Ал Казакстан менен чектеш аймактагы дал ушул жерди корук аймагына айлантсам деп жүрөт.
Бир апта мурун ал бул жердеги коктуга фототузак коюп кеткен экен. Кандай жаныбарлар байырлаганын билүү үчүн кокту-колотко фототузактарды коймой анын ишинин бир бөлүгү. Ал бала кезинен тоо койнунда чоңойгонун кеп кылды.
“Бала кезден чабандарды ээрчип чоңойдум. Айылда куш таптап, бүркүт салган ак сакалдарыбыз бар эле. Ошолорду көп ээрчидим. Алар ат менен мен болсо жөө жүрө берчүмүн. Ата-бабаларыбыз тоодо жашаган да. Жакында эле айылга көчүп келишпедиби. Мен Сооронкул деген байдын тукумунан болом. Тоосуз жашай албайм. Өткөндө бир аптадай тоого чыкпай калдым. Анан кыйналып ооруп калбадымбы. Доктурга текшерилдим. Кудайга шүгүр, жүрөк жайында, баары жайында, УЗИ дегендерди жасады. Анализдерге чейин тапшырдым. Тоого чыгып баштаганда баягы оорунун өзүнөн-өзү жоголду. Демек, тоолор мага деп берет экен деп калдым”.
Капчыгайды өрдөп баратып таш бетине чегилген петроглифтерди көрдүк. Совет маалында бул жерге окумуштуулар келип, изилдөө жүргүзүп, таш бетиндеги жазуулардын бирин чечмелешкен.
Гамал Сооронкулов качандыр бир ата-бабаларынын изи калган бул жайдан куран окумайынча өтпөйт.
“Бул жазууну 1930-жылдары которушкан экен. “Менин атым Карачоро”, “Ынал” деп карындашынын, бир туугандарынын аттары айтылат. Ушул жерде мүмкүн жайлашканбы же кыштаганбы, “биз ушул жерде отурдук” деген маани айтылат. Үстүндө көрүнүп-көрүнбөй, эңилчек баскан жеринде накта биздин кыргыздын рундары менен жазуулар бар. Азыр эми ошону окуп жатышат. Өйдөлөйлү эми. Мазарды да көрөсүңөр. Бул жак укмуш да”.
"Кантип тоо сакчысына айландым"
Экоактивисттин табиятка болгон кызыгуусу 2000-жылдары башталган. Киевден инженердик кесипке ээ болуп, совет мезгилинде тери ийлеген заводдо иштеген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин завод-фабрикалардын ишин токтогондо ал ишкердик менен алектене баштаган.
2005-жылдагы Март ыңкылабында жарандык позициясын ачык билдирген активисттердин бири болгон. Анын жарандык активдүүлүгүнө ошол кезде Кыргызстандын жаратылышына аеосуз мамиле себеп болгон.
“Ошондо Кызыл-Үнкүр деген аймакка бардык, Арстанбаптан нары. Ошол кезде “капщиктер” деген “желмогуздар” күчөп турган кез эле. Мыйзамсыз жаңгак токойлорду кыйып. “Кап” деген уюл болот, ошол уюлдарды чек арадан алып чыгып, сатып атышкан. Ал кымбат, баалуу нерсе экен. Ошондо биз бир саясий иш менен барган элек. Жергиликтүү тургундар “токойдо ушундай болуп атат, көрүп кетиңиздер” суранышты. Кеминде 300 жылдык жаңгакты кесип, капты алып кетишкенин көрдүк. Жаңгактан шире алып турган кези экен. Тамчылап тим эле, көз жаштай болуп... Бир аксакал киши, келишкен сакалы бар, калпакчан... Ошол киши тетири бата берди. Мен өмүрүмдө андай уккан эмесмин. Өтө тетири, катуу сөздөрдү айтты. “Бириң эки болбосун” деп, жаңгакты кыйгандарга карата айтты. Кадимкидей титиреп кеттим. Сөздөрү өтө чоң таасир этти. Аксакал көзүнө жаш алды. Эки тамчы деп эсимде калды. Жаңгактын ширесинин тамчысы, анан аксакалдын көз жашы. Ошол күнү эле кайра Жалал-Абадга түшүп, балдарды топтоп, ошол күндөн тарта “капщиктерге” каршы күрөштү баштадык”.
Гамал менен Лоренс
Бельгиялык Лоренс да өзүнчө кызык каарман. Ал Гамал Сооронкулов менен чогуу Кыргызстандын тоолорун кыдырып, табиятты, жан-жаныбарларды, курт-кумурска, канаттууларга чейин сүрөткө тартат. Бельгияда мамлекеттик кызматкер болуп иштеген Лоренс 2024-жылы Таласка турист болуп келип, экоактивисттердин тобуна кошулат. Ошондон бери ал да жаратылышты коргогон ыктыярчыга айланган.
Гамал менен Лоренстын жашы тең. Гамал 68де болсо, Лоренс андан эки жаш кичүү. Лоренс аны “улгайган киши” деп тамашалап, Гамалдын ага чычалап калмайы бар. Алардын бири-бирин түшүнгөн орток тили да кызык. Гамал французча да, англисче да биле бербейт. Ал эми Лоренс болсо кыргызча түшүнбөйт.
Экинчи күн. Үрмарал капчыгайы
Сапарыбыздын экинчи күнүндө Таластын Чаткал району менен чектешкен Үрмарал капчыгайына бет алдык. Бул аймакта учурунда алтын казуу аракеттери болгон экен. Жолдон Сооронкуловдун классташы Куттубек Татаевге жолугуп калдык.
“Ата-бабабыз сактап келген жерди биз дагы сакташыбыз керек. Көрүнгөнгө казууга жол бербешибиз керек да. Ошондо Гамалды чакырдым да. “Гамал, келбесең болбойт. Бул жер туулуп-өскөн жериң, сууну буруп атышат, бизден кийинки муундар эмне болот” деп, ызы-чууну чогуу токтоттук”.
2018-жылы "Полюс голд кейжи" аттуу компания Үрмаралда алтын казуу укугун алып, иш баштап жибергенде жергиликтүүлөр катуу каршылык көрсөтөт.
“Бул Үйүр-Марал өзөнүнүн кире бериши. Бул жак кичи Жолчу-Сай. Анан Майлуу-Булак сайы. 2017-жылы ишкер жигиттер адашып калышкан экен. Алтын казууга лицензия алып келет. Кандай жол менен алышканын билбейм. Болгону 7000 долларга алган. Ошондогу доллардын курсун эсептесек, кереметтүү токойдун бир гектары 720 сомго айланган. Анан ошол фирма келип алып, ишти баштап коюшкан. Мына көрүп аткандар “отстойник” деп коет. Суунун нугун буруп туруп, бул жерге жабдууларын коет. Токойдун ичинде чатырларын тигип, өзүнчө бир лагерь куруп коюшкан. Тилекке каршы, ушул жерде бир нече дарактар кыйылып кеткен. Ошондо ушул суу жок болуп калышы ыктымал эле. Бакай-Ата районунда 23 миң адам суусу жок калмак. Биздин ичип аткан таза суубуз ушул. Ошондо Сагынбек Момбеков деген агабыз келип, ушул жерде жанагы атактуу ырын ырдап... “Сат, сат, сат” деген ыры бар эмеспи, ошону ушул жерден ырдап кеткен да. Активисттердин күчү менен алардын ишин токтоттук. Токойубузду сактап калдык”.
Гамал Сооронкулов 2018-жылдан тарта Үрмаралга бугуларды алып келүүгө жең түрө киришет. Таластын ушул тоолорун мурда бугу-марал байырлап, жердин тарыхый аталышы дагы Үйүр-Марал дегенден алынган экен.
Анын демилгесин Голливуд актеру Леонардо ди Каприо түзгөн фонд колдогон. Бирок ошол кезде Үрмаралдын корук деген макамы болбогондуктан, Нарындан алып келинген бугу-маралдар Таласка эмес, Аксы районунун Авлетим коругуна кое берилген.
“100 жыл мурун, 1926-жылы ушул Кара-Коюн капчыгайында менин эле ата-бабаларым, биздин айылдын мергенчилери менен кызыл аскерлер этке деп туруп, марал аткан экен. 9бу, 11 баш маралды атышкан экен. Эми карабайсыздарбы, тагдыр. Маралдар тукум курут болуп жатат. Анан келген орустар,“топонимика” менен Үйүр-Маралдын аталышын туура эмес жазып коюшуп, карталарга “Урмарал” деп койгон. Биз маралды “уруп” жок кылдык дегендей да”.
Кыргызстанда ички туризм өнүгүп, эс алуучулар тоо-таштарды тебелеп-тепсеп кунарын качырып жатканын айтат Сооронкулов. Каражат табуу максатынын арты менен кооз жерлердин баарын эс алуу жайга айлантуу өнөктүгү күчөдү.
“Туризм өнүгүшү керек. Түшүнүп турам. Кыргызстанга бирден-бир өнүгүү алып келген тармактардын бири. Бирок туризмди өнүктүрөбүз деп эле, ушундай кооз жерди талкалап жатабыз. “A frame”, “Барнхаус” дейт экен. Курулушу оңой экен. Антропогендик басым өтө катуу болуп атат. Өзүнүн эрежелери бар да. Туризм экен деп эле баарын эле баса калып жанагы үйлөрдү салып салсак жайыттарга, сууларга чоң кесепети тийиш мүмкүн”.
Үчүнчү күн. Кара-Коюн капчыгайы
Сапарыбыздын үчүнчү күнүндө Үрмаралга тушташ Кара-Коюн жайлоосуна бардык. Сооронкулов биотүрдүүлүктү сактоо максатында чоң үңкүрдүн тегерегин тосуп, кичи корук уюштурган. Үңкүрдүн төрүн жарганаттар түнөк кылат.
“Бул мумиянын аккан ордулары. Теги жакта кол жеткен жерлер бар. Шилекейлеп колуңду тийгизсең мумиянын даамын сезесиң. Мына бул жерге жаш сүрөтчү балдар петроглифтерди тартып кетишкен. Бул марал. Бул жанагы күн бала. Аркар, кулжа, тоо текелер. Мен адегенде “Бул эмне кылганыңар” деп, анан кайра карасам, жарашты. Эми үңкүрдүн төрүнө баралы... Эңкейип басасыңар... Мен айткан жерден башты көтөрүп өтүш керек, анткени башты уруп алчу жерлер бар.
- Бул эмненин жыты?
“Бул жарганаттын заңынын жыты. Баса бергиле, ушул жерден башыңарды көтөрө берсеңер болот. Бул жагы эндүү эле кенен, бийик жер. Үңкүрдүн түбүнө келдик, эми жүрүңүздөр”.
“Тигине жарганаттар. Булардын пайдасы зыяндуу курт-кумурскаларды, чымын-чиркейлерди жеп, азайтат. Эч жамандыгы жок. Булардан жөн эле корко беришет. Кан ичет, минтет экен деп. Мунун түрлөрү көп. Тилекке каршы, Илимдер академиясын алып келе албай жүрөм. Жеринен келип, изилдеп такташ керек болуп жатат. Жаныбарлар дүйнөсү, өсүмдүктөр дүйнөсү болуп, экосистеманын өзүнчө бир бөлүгү”.
Төртүнчү күн. Суусамыр өрөөнү
Ошентип төртүнчү күнү Сооронкулов менен Ош-Бишкек жолунун боюндагы Суусамыр жайлоосуна бет алдык. Бул өрөөн уникалдуу табиятка ээ.
Жайында өрөөндү мал-жандык каптап, жайлоого чыккан эл толот. Соңку кездери өрөөндөгү жайытты алтыгана каптап, бул маселе тынбай көтөрүлүп келет. Малчылар аны жок кылуунун түрдүү жолун жасап көрүшкөн.
“Алтыганага мен бириничилерден болуп каршы чыккам. Бирок адистер аны жайыт өзүн-өзү коргош үчүн ушундай чыкканын айтып беришкенде ынанып калдым. Азыр көп жерге көчөт тигип жатам. Анткени алтыгана көлөкөдөн коркот экен. Ушунун баары токой болуп калса ажеп эмес. Анан көрдүңүздөрбү, ошол алтыгана менен жайлоонун чек арасына көбүрөөк басым кылып, көчөт тиктик. Өсүп, көлөкөсүн берсе жайыттарга алтыгана чыкпай калса деген ниет да. Бул кадам жайытты жайлоону сактоо аракети”.
Суусамырдын Өтмөк ашуусуна жакын аймагында бадалдуу токойлор көп. Мөңгүнүн суусу жер асты менен булак болуп токойлорду сугарып турат. Гамал Сооронкуловдун Суусамыр тоолорун токойго айлантам деген аракети да ошондон. Бул демилгеге бельгиялык Лоренстин да жардамы чоң болуп жаткан экен.
“Жан-жаныбарларга, түркүн гүлдөргө өтө кызыгып, баарын тартып, өзүнчө бир архив кылып атат. Келечекте аны биз колдонобуз деп турам. Флора менен фаунанын базасы сыяктуу. 2024-жылы эмне бар эле, 2025те эмне болду? Орхидеялар гүлдөдү деген суроолорго жооп издеп жатат”.
Экологияны сактоо үчүн биотүрдүүлүктүн баарын камтуу оңой эмес. Табияттагы жайыттар, курт-кумурскалар, өсүмдүктөр, тоолорду байырлаган жапайы жаныбарлар. Миңдеген, керек болсо миллиондон түр жалпы экосистеманы түзөт.
“Климаттын өзгөрүшүн өз көзүм менен көрүп жатам. Эң биринчи кезекте бул мөңгүлөрдүн азайышы. Мисалы, мен бала кезде Чийим-Таштын ашууларынан чоң мөңгүлөрдү көрчүмүн, азыр жок. Жакын жердегилерди айтып атам. Ошондой эле күндүн ысышы. Анан сөзсүз түрдө адамдын антропогендик кийлигишүүсү. Малдын көптүгү. Биздин тоолордо малчылар өтө көп болуп кетти. Анан албетте, тоолордогу кендерди иштетүү тармагы дагы өтө чоң таасир этип атат. Булар антропогендик көрүнүш. Ал эми табияттагы климаттын өзгөрүшү чоң маселе болуп жатат. Мындан биз эч жакка кете албайт экенбиз. Болгону ошого ыңгайлашып аракеттерибизди кылышыбыз керек”.
“Мен курактуулар, биздин муун, бизден мурункулар, кийинкилер жаратылышка, табиятка өтө кыянат мамиле кылып койдук. Мүмкүн арасында кечиримдүүлөрү бар, айрымдары кечиримсиз. Кандай болбосун, жаштарды тартипке чакыруу максатында Кожожаштын тагдырын мисал кылып, тобоо келтирүү деген мааниде 2015-жылы жыйын уюштурдум. Кожожаштын аскасынын этегинде, Чаткалдын экологдорун, мергенчи балдарды браконьер досторумду чакырдым. 37 киши чогулду. “Жайлоо курултай” деп атадым, ошол жерде кийиктер көп атылып кеткени, аркар, кулжалар жок болуп кеткени жөнүндө сөз кылдык. Биримдикке чакырдым. Коргойлу, сактайлы, тобоо келтирели, тукум курут кылып жибербейли деген мааниде абдан сонун сөз болду”.
“Лоренс мени “old man” деп тамаша кылат. Чынында карыя деген сөз катуу тиет экен. Эки жылдан кийин 70ке толом. Жаш өтүп атат. Алдыда ишке ашыра турган чоң кыялдар, чоң пландар бар. Жаратылышты коргоого кызыккан жаштарга насаатымды айтып, керез катары тапшырып кетсемби деген ниеттерим бар. Буюрса ишке ашып калаар. Азырынча Кудайга шүгүр”.
Гамал Сооронкулов менен беш күндөй Суусамыр өрөөнү менен Таластын тоолорун кыдырдык. Аны тааныгандар тамашалап “киши кийик” деп айтышат экен. Өзү айткандай кээде бул дүйнөнүн ташпишинен кечип кеткен дербиш сыяктуу тоо аралап, “тоо сакчысындай” табият менен күңгүрөнүп сүйлөшүп жүргөнүнө күбө болдум.
Гамал Сооронкуловдун айткандарын азыр көпчүлүк аңдап түшүнбөшү толук мүмкүн. Бирок алдыдагы жылдарда анын күйүп-бышкан ар бир сөзүнө маани берилбесе, реалдуу кесепеттери менен бат эле бет келебиз.
Шерине