Адистер ички-тышкы миграция, жоопкерчиликтин жоктугу, кайдыгерлик өңдүү көптөгөн себептерден улам алимент төлөөдөн качып жаткандар көп экенин айтууда.
"Бербейм, билгениңди кыл”
Кыргызстанда көп учурда ажырашкан жубайлардын балдары энеде калат. Турмуш бузулгандан кийин мурдагы күйөөсү каралашпай, бардык түйшүк аялдын моюнуна жүктөлгөн учурлар жок эмес.
39 жаштагы Аида мурдагы күйөөсү менен 2019-жылы ажырашкан. Учурда тигүү цехинде иштеп, эки баласын жалгыз багат:
“2019-жылы 6-майда сот чечим чыгарган. Ошондон бери 35 миңге жетпеген акчаны бөлүп-бөлүп берген. Көп деле байланышпайм. Эки жыл мурда документ иштери боюнча кайрылгам. Эки балабыз мектепте окуйт. Акы төлөгөн ийримдери бар. Тигүү цехинде иштейм, батирге айына 18 миң сом берем. Коммуналдык кызматтарга өзүнчө төлөйм. Балдардын атасы алимент сурасам, “Бербейм, колуңдан келгенин кыл” деди. Айлам кеткенде сотко кайрылдым. Мартта милицияга арыз жазганы барганда эле карызы 600 миңден ашып кеткенин айтышкан”.
Отуз жаштагы Айтурган мурдагы күйөөсү менен кызы төрөлгөндө эле ажырашкан экен. Майыптыгы бар наристесин жалгыз баккан келин мурдагы күйөөсү тоготпой койгондо сотко кайрылган:
“Сүйлөшүп эле үйлөнгөнбүз. Никени мыйзамдаштырган эмеспиз. Кызым тубаса шал оорусу менен төрөлүп калды. Биз эки башка жолго түшкөндө жаңы туулган, азыр алтыга чыкты. Ата-энемдин үйүндө турам, оорукчан бала менен иштей да албайт экенсиң. Бат-бат тумоолойт, эл барган бала бакчага албайт. Айына экөөбүзгө 80-100 миң сомдой кетет. Дарысы кымбат, тамак-ашыбыз бар дегендей. Кызымдын атасы 35 жашта, Бишкекте эле турат. Кыйналып жатканымды көрүп туруп каралашпайт. “Мен кайдан билем, балким башкадан төрөгөнсүң” дейт. Ошон үчүн арызда ДНК анализ тапшырсын деген талап коюп жатам”.
"545 млн сомдон ашуун карыз өндүрүлдү"
Кыргызстанда акыркы тогуз айда алимент боюнча карыз 6 млрд 588 млн 442 миң сомду түзгөн. Анын 545 млн 142 миң 897 сому өндүрүлгөн.
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулардын иш-аракетин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Молдобековдун маалыматында, алимент өндүрүү боюнча 1 093 документ толук аткарылган:
“1047 карызкорго издөө жарыяланганына байланыштуу аткаруу өндүрүшү убактылуу токтотулган. Жалпы болжолдуу алимент боюнча карыз 6 млрд 588 млн 442 миңди түзүп, анын 545 млн 142 миң 897 сому өндүрүлгөн. 2026-жылдын тогуз айында карызкорлорду Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуу боюнча 1623 материал ички иштер органдарына жөнөтүлүп, 1408 иш козголуп, 982и сотко жиберилип, 86 карызкорго карата айып пул чегерүү жана коомдук жумуштарга тартуу чечими чыккан. 136 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому кабыл алынган. 358 материал кыскартылган".
Молдобековдун айтымында, тогуз айда алимент боюнча бир арыз бир канча жолу, бир канча мекемеге жазылган учурлар катталган. Андан сырткары айрым карызкорлор алимент өлчөмү орточо эмгек акы аз жерлерди көрсөтүп, аткаруу документтерин аймактык сот аткаруучулар кызматына жиберишкен. Мунун кесепетинен бир эле аткаруу барагы бир жыл ичинде үч-төрт жолу жазылган.
Азыр алимент бербеген ата кийин алимент доолайбы?
Жактоочу Адилет Мерканов ички миграциянын айынан алимент өндүрүү иши татаалдашып жатканын айтууда:
“Элдин баары Бишкекте жашайт. Тигүү цехинде же идиш жууп иштесе, анда арызды бул жактан бериш керек. Кокус батирде жашаса, жашаган жеринен маалымкат алуу өтө оор. Анан өз айылыңардан, районуңардан сотко кайрылгыла дешет. Өзү батирге акча төлөп жашаган киши жактоочуну кайсы каражатка жалдайт? Биздин юридикалык компания Орозо айында 309 аялга, 972 тирүүлөй жетим калган балага акысыз жардам бердик. Ошол учурда беш-он жыл мурда чыккан чечимди аткарбай жүргөндөр бар экенин көрдүк. Алардын атынан арыз жазып, сотко тапшырдык. Кечээ президент соттун чечимдери аткарылбай калганын айтты. Алимент боюнча дагы көп чечимдер аткарылбай калып кетүүдө”.
Буга чейин 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол коюлган. Ага ылайык, ата-энени багуудан баш тарткандарга айып төлөтүп, үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.
Юристтер мындай учурда азыр алимент төлөөдөн качып жүргөн ата-энелер деле кийин уул-кызын сотко берсе болорун белгилешет.
Андыктан баласын жалгыз баккандарга кааласа-каалабаса дагы алимент өндүрүүнү же мурдагы түгөйүн сотко берип, ата-энелик укуктан ажыратууну сунушташат.
“Соттун чечими туруп, балдарын бакпаса, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка барса, өзгөчө оор кылмыштар менен соттолсо, бала төрөлгөндө эле карабай таштап кетсе ата-энелик укуктан ажыратылат. Бирок бизде сот мындай чечимдерди сейрек ишке ашырат. Алимент төлөбөй, өкүм чыккандарды да аталык укуктан ажыратпай койгон учурлар бар. Аталык укуктан ажыратпаган учурда кайра эле бала менен эне кыйналат. Мага баласын сыртка алып барып дарылатып келейин десе, мурдагы күйөөсү уруксат бербей койгон келиндер кайрылат. Алар уруксат жок ушу турган Кордойго да бара албайт. “Алименттен баш тарт, анан уруксат берем” деген эркектер да бар. Алимент төлөбөгөн ата-эне кийин карыганда баласын “каралашпай койду” деп сотко бергенге толук укуктуу. Убагында алименттен качып жүргөнүн далилдөө кыйын болгондуктан бала сот чечимин аткарууга аргасыз болот. Андыктан баланы жалгыз баккандар алимент сураш керек. Бул баланын ырыскысы, аны 18 жашка чыкканга чейин ата-эне багууга милдеттүү”, - дейт юрист Адилет Мерканов.
"Карызкорду мамлекет эшектей иштетсин"
Кыргызстанда ажырашкан жубайлардын жашы жете элек балдары көп учурда чет өлкөгө ата-эненин биринин нотариалдык кеңсе аркылуу берген уруксаты, мамлекеттик органдын тастыктоочу документи менен гана чыга алат.
Бул эреженин айынан балдарын чет өлкөгө өзү менен кошо чыгара албай жатканына даттангандар көп болгон.
20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети баланы ата-эненин биринин гана уруксаты менен чет өлкөгө убактылуу алып чыкканга уруксат берген айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окуудан карап, кабыл алды.
Бул жыйында депутат Гуля Кожокулова жашы жете элек баланы багууга, тарбиялоого катышпаган ата-энелердин жоопкерчилигин кароону сунуштады:
“Тиешелүү деңгээлде каралбай калганы үчүн баңгизатка берилген балдар көбөйүп жатат. Жашы жете электер арасында кылмыштуулук өсүп жатат. Ошондуктан, баланы багуудан качкан ата-энелердин жоопкерчилигин караш керек. Ата-энелер өз балдарынын алдындагы жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Үй-бүлөлүк кодексте, Балдар кодексинде жазылуу. Кылмыш-жаза кодексинде да ата-энелердин жоопкерчилиги бар”.
Кыргызстанда быйылтан тартып алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркиндигинен ажыратуу тажрыйбасы ишке аша баштады. Жыл башынан бери өлкөнүн айрым аймактарында алимент төлөбөй жүргөн жарандар кесилген учурлар катталды.
Анткен менен азыркы иштеп жаткан алимент өндүрүү механизми жетиштүү натыйжа бербей жатканы айтылып келет.
Мындан улам айрым эл өкүлдөрү алимент өндүрүү жол-жобосун өзгөртүүнү сунушташкан.
"Келгиле, бир минималдуу сумма коелу. Аны мамлекет жапсын да өзүнө карызкор болгондорду иштетсин. Кечирип койгула, бирок алар эшектей иштеши керек. Баланы жасадыңбы? Багууга милдеттүүсүң! Бизде бир аялды төрөтүп коюп, башка үй-бүлө күтүп, ал болбой калса дагы үйлөнүп жатышат. Алар ойлонбойт. Акырында президент, депутат, сот, прокуратура күнөөлүү болуп чыгат. Алимент маселеси сотко кайрылбай эле чечилүүгө тийиш. Ажырашсаң, мамлекетке карыз болосуң! Төлөбөгөн учурда мамлекет мүлкүңдү алып коет. Алар жоопкерчиликти сезсин деген", - деген депутат Дастан Бекешев жыл башында.
Бийлик демекчи, октябрдын башында Баткен облусуна жумуш сапары менен барып эл менен жолуккан президент Садыр Жапаров дагы бул маселени чечүүдө өнүккөн өлкөлөрдү мисалга тарткан.
"Эркектер бузулду такыр. Жапонияда ажырашуу жокко эсе экен. Мыйзамы дагы катуу экен. Ажырашсаң дагы аялың менен балаңды өмүр бою багат экенсиң. Жоопкерчилик өмүр бою эркектин моюнунда болот экен”, - деген Жапаров.
Анткен менен ажырашуу жана алимент төлөө маселеси Кыргызстанда көйгөй бойдон калып келет. Быйыл апрель айында Акыйкатчы институту “жарандар ата-энелик жоопкерчиликтен качып, баланын укуктары толук корголбой, маселе массалык социалдык көйгөйгө айланып бара жатканын” белгилеген.
Июнь айында Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери Минск жана Кишинев конвенцияларынын протоколун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун карап, кабыл алышкан. Эгер документ колдоо тапса, Кыргызстанда алимент төлөөдөн качып, чет өлкөлөргө кетип калгандарды жоопкерчиликке тартуу жеңилдей турганы айтылган.
Шерине