Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Алмазбек Атамбаев: "23-июлга жетемби-жетпеймби, билбейм"


Бириккен оппозициянын президентикке талапкери Алмазбек Атамбаев Ош жергесинин шайлоочулары менен жолугушуусун улантууда. Ал Кыргызстандын түштүк борборундагы кездешүүдө өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрү коркунучта турганы жарыя кылды. Ошондой эле СДПдан Жогорку Кеңешке депутат болгон Руслан Шаботоевдин эбак өлтүрүлгөндүгүн, партиялашы - парламенттин мүчөсү Жусупжан Жээнбековду эмне үчүн уюмдан кетүүгө мажбурлагандыгын ачыктады.

Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушкан оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев ага карата олуттуу коркунуч жаралгандыгын, ошон үчүн үй-бүлөсүн алыска коопсуз өлкөгө жөнөткөндүгүн, өзү болсо мекенинде өмүрүн тобокелге салгандыгын жарыя кылды.

-Чындыгында мен деле башымды канжыгага сайып туруп чыктым да. Азыр деле 23-июнга чейин жетемби-жетпеймби, ким билет.

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш депутаты Руслан Шаботоев эбак криминалдашкан бийликтин курмандыгына чалынгандыгын, ошондой эле партиянын парламенттеги өкүлү Жусупжан Жээнбековдун уулу өтүп кеткендиги атасына оор болгондугун айтып, бирок партиялашы эки жээкте чарпылгандыгы, принципсиздиги жана туруксуздугу үчүн мандатынан ажырай тургандыгын маалымдады.

-Жусуке дедим, эми сен ары же бери болуп чечпейсиңби депчи. Баласы өтүп кетти, казыр Бишкекте өздөрү чечип атат. Бирок адам деген бир тарапта болуш керек дайыма. Эки жак менен ойнобош керек. Мен атайын оперативдүү иликтөө жасатып билгемин, мисалы Шаботоев Руслан капкачан өлтүрүлгөн. Ким өлтүргөнүн да билебиз, жөн гана бийлик жаап атат.

Алай жана Араван райондорунда шайлоочулар табигый кырсыктан жапа чеккендер каралбай калгандыгын, пенсия-пособия Акаев доорундагыдай кечеңдетилип таратылып жаткандыгын, чет өлкөдөн кайткан мигранттарга жумуш орундары жоктугун айтышты. Жооп иретинде сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев элден алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүүгө жардамдашууну өтүндү.

-Жетишет, утканы утсун керек болсо Бакиев утсун, керек болсо Мотуев утсун. Бирок эл добушун бергендей саналсын.

Жолугушууларга абай салган «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев Алмазбек Атамбаевдин гана эмес, түштүк аймагындагы бардык оппозиция өкүлдөрүнүн өмүрү коркунучта экендигин белгиледи.

-Андан сырткары үй-бүлөсүн дагы Түркияга жөнөтүп иргенин кошо белгилеп кетти. Бул деген Кыргызстандагы криминалдык чөйрөнүн азыркы бийлик менен аралашып кеткендигинин белгиси. Эми бул жерде Алмазбек Атамбаевдин эле өмүрунө коркунуч келип аткан жок, жалпы эле анын талапкерлерине, анын жактоочуларына, ошондой эле оппозициялык маанайдагы партиянын өкүлдөрү коркунуч туулуп атат.

Шайлоочулардын бири Ашым Култаевдин пикиринче, жергиликтүү аткаминерлердин кошоматчылыгынан улам жогорку бийлик жаманатты болууда.

-Алтообу, алтымышпы канча болсо дагы ошолордун шартын мамлекет тарабынан чечип бериш керек. Эл өзү өзүнүн калыс оюн айтып, каалаган президентти шайлайбыз. Баардыгы эле кыргыздын кулундары, баары эле өзүнүн Ата-Мекени үчүн күйүп бышып жүргөн жигиттер. Эми ушуну тандашыбыз керек да.

Ара-чолодо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевди кепке тартканыбызда, президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин өмүрүнө коркунуч жаралууда деген кабарды четке какты.

-Башка жакты билбейм Ош облусунун аймагында андай официалдуу түрдө бизге эч кандай арыз түшкөн. Тоскоолдуксуз эле үгүт иштери жүрүп жатат, -деди Жеңиш Ашырбаев.

Алмазбек Атамбаев эртең Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушуп, андан ары Баткен жергесине сапар тартаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG