Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Т. Сариев: "Биз бай-манаптык башкарууга баратабыз"


Оппозиция президент сунуштап жаткан “кеңешме демократияны” талкуулоо үчүн бүгүн Бишкекте жыйын өттү. Президенттин жаңы саясий демилгеси боюнча “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев ой-пикир бөлүштү.

- Президент 23-мартта Ынтымак курултайында Кыргызстанга батыштагы шайлоого жана адам укугуна негизделген эмес, “кеңешме демократия” үлгүсү керек деп айтты. “Кеңешме демократия” эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Ачыгын айтыш керек, эгерде президенттин айтканын туура түшүнсөк, ал бардык шайлоолордон баш тартып, мындан ары "кеңешме демократия" термини менен жашайбыз дегени. Ал кандай термин? Cаясат таануучулар, эксперттер өзүнүн түздөн түз эки багытта кылган ишин айтып атат деп биз түшүнүп атабыз.

Биринчиден, курултайга окшогон чоң кеңешмелерди чакырып, башаламан эреже менен ар түрдүү маселелерди карамыш болуп туруп, аягында президент өзү чечип, жалгыз өзү кабыл ала берет. Экинчиден, өзүнүн жакын адамдарын, туугандарын чогулутуп алып, президенттик кеңешме деп коюп, ошол жерден мен кеңештим, мен чечтим дегенге барат.

Бул калыптанып калган баардык өнүккөн мамлекеттерде иштеп аткан шайлоо демократиясынан кетип, кеңешме демократиясына өтүү деген. Эгер буга өтүп кетсек, биз баягы эле феодалдык, бай манаптык башкарууга кетип калабыз да.

- Президент дүйнөдө «кеңешме демократия» деп аталган үлгү кеңири жайылып жатканын айтты. Бул үлгү азыр кайсы мамлекеттерде бар?

- Кеңшме демократия деген илимде бар. Бирок алар эч качан шайлоо демократиясын алмаштырган эмес, ага кошумча болуп кээ бир маселелер боюнча жардам иретинде айтылат. Мисалы 80-жылдардан бери Америкада кеңешме демократиясы киргизилген, алар эксперттердин тобунда, кандайдыр бир иликтөөлөрдүн, сурамжылоолордун негизинде бир маселени карап, ошону иликтеп чыгып туруп, анан кийин бийлик органдарына сунуштайт.

Ушул маселелер боюнча элдин ою ушул экен, ушуну силер чечкенде эске алсаңар деп. Бирок эч бир мамлекетте шайлоо демократиясынан кетип туруп, эми мындан ары кеңешме демократиясы менен жашайбыз деген тыянак жок. Мына ушуну укканда батыш өлкөлөрүнүн эксперттери, саясатчылары чачтары тик туруп атат. Айрыкча эл аралык уюмдар.

Анткени Кыргызстан эл аралык уюмдардын көбүнө мүчө болуп кирет. Биздин өзүбүздүн алган милдеттенмелерибиз бар. Ошол эле ЕККУга, БУУга мүчө болгондо биз бир топ милдеттенмелерди алганбыз, адам укуктарын сактайбыз, шайлоо укуктарын сактайбыз деп.

- Президент Курманбек Бакиев бул үлгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга ар кайсы коомдук топтордун катышуусуна шарт түзөт деп айтты. Кыргызстандын азыркы кырдаалына төп келет деди. Сиз буга кандай карайсыз?

- Эгерде мыйзамдуу бийлик органдары иштебесе, президент ушинтип кайсалап калат да. Биз бүгүн "Достук" мейманканасында ушунун тегерегинде Ынтымак курултайынын чечимдери боюнча тегерек стол уюштуруп, эксперттердин, саясатчылардын оюн угабыз. Биз мындан ары күрөшө беребиз, анткени күрөш деген адамдын укугу, эркиндиги үчүн болуп атат.

Президент, бийлик, мен ойлойм, абдан жаңылышат кыргыз эли баарына макул болуп, баарын эле кабыл ала берет деп. Жок, биз эркиндикти сүйгөн элбиз. Өз намысыбыз бар. Мен ойлойм, эл аралык уюмдар дагы, башка өнүккөн мамлекеттер дагы буга кошулуп бизге жардам берет бул маселелер боюнча.

Биздин күрөшүбүз алдыда. Мына 7-апрелде боло турган регионалдык курултайлар дагы ушуну камтыйт. Анткени эл койгон маселелер чечилбей жатат. Ошон үчүн Конституциянын 23-статьясына ылайык эл курултайларды өткөрүп, бийликтен сурашка толук укугу болот, эмне кылып атасың бул багытта, сенин саясатың кандай деп.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG