- Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңдан кийин ал жактагы жаш балдар менен иш алып баруу кандай болуп атат, буга чейин эмне иштер аткарылды?
- Бүгүнкү күнгө бир жарым миң баланы Ысык-Көлгө алып баратабыз, реабилитация жана эс алуу боюнча. Ушандай максат койгон өкмөт азырга чейин жети жүздөн ашык баланы Ысык-Көлгө жөнөттү. Бүгүн-эртең дагы ушунча баланы эс алууга жөнөтөбүз. Ал балдар Бишкекте медициналык кароодон өтүп атышат, андан ары Көлгө жөнөтүлөт. Дагы кырк чакты реабилитациялык борборлор ачылат жана жергиликтүү бийлик менен жумуш жүргүзүлүп атат. Алар балдар менен мелдештерди уюштуруп, эс алуу боюнча аракеттерди көрүшүп, психологиялык иш жүргүзөт.
- Демейде ушундай бир ири кырсыктар, кагылыштар болуп кеткен учурларда балдарга алгачкы жардам катары медициналык-психологиялык көмөктөр көрсөтүлөт эмеспи. Ош, Жалал-Абаддагы ошондой балдар менен иштеш үчүн психологдор жетиштүү болуп атабы?
- Психолог боюнча маселени көтөргөнбүз, азыр түштүк тарапта балдар менен жумуш жүргүзө турган адис психологдор жокко эсе экен. Азыр мен билим берүү мекемелери менен иштешип атам, бул багытта 120 адис даярдасак деп атабыз. Мындан сырткары балдар менен иш жүргүзө турган социалдык кызматкерлер керек. Менимче 3-6 ай балдарга психологиялык колдоо керек. Билим берүү борборуна жок дегенде бир социалдык кызматкер болуш керек технологияларын билген, кыргыз-өзбек балдарын кошо тургандай маселелерди билим берүү борборлорунун башчыларына коюш керек. Максаттар көп, бирок маселе аны канчалык ишке ашырууда. Бийликтен, эл аралык уюмдардан чоң жардам керек. Экинчиден адистерди да окутуу зарыл.