Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Бакиев Баш мыйзамды бузуп келдиби?


Президент К.Бакиев "Ак жолдун" курултайында, 1-май, 2009-жыл.
Президент К.Бакиев "Ак жолдун" курултайында, 1-май, 2009-жыл.

Конституциялык Сот бүгүн ЖК депутаты Б. Бешимовдун арызын карап, Баш мыйзамдын 45-беренесине түшүндүрмө берди. Ага ылайык, өлкө башчысы президенттик шайлоо күнү жарыяланганга чейин партиялык ишин токтотууга тийиш.

КР президенти Курманбек Бакиевдин Башмыйзамды бузуп жатканы тууралуу сөздөр ал жаңы куралган “Ак жол” партиясынын төрагасы болгон, тагыраак айтканда 2007-жылдын 15-октябрь күнү эле айтылып баштаган. Бирок ошол эле күнү партиянын уюштуруучулары Курманбек Бакиев партия каттоодон өтөрү менен төрагалык кызматын өткөрүп берет, деп ишендиришкен. Анткени ошол тушта колдонулуп жаткан Башмыйзам да, анын 2007-жылы 21-октябрда жалпы элдик Референдум менен кабыл алынган жаңы редакциясы да мамлекет башындагы адамга кандайдыр бир партияга мүчө болуусуна тыюу салат.

Ушундан улам Башмыйзамдын 45-беренесинин 3-пунктуна түшүндүрмө берүүнү өтүнүп, Конституциялык Сотко кайрылган ЖК депутаты, Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов журт башчысы болгон соң, президент элди партиялаштары жана партиялаштары эместер, деп бөлүүгө укуксуз деп эсептерин бүгүн Конституциялык Соттун жараянында билдирди:

- Эгерде бир партиянын лидери болуп туруп, ошол партиянын идеологиясын жана иштерин бүткүл мамлекеттик башкаруу органдарына таңууласа - бул туура эмес. Бул деген элдин ынтымагын бузуп, биримдигине шек келтирет. Азыркы учурда биз Курманбек Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясатын көрүп атабыз. Алар үчүн эл эки тапка бөлүнүп калды: акжолчулар жана акжолчулар эместер. Акжолчулар - бир тууган, ал эми акжолчу эместер болсо - өгөй.

“Ак жол” партиясынан өкүл болуп келген Бакыт Сыдыгалиев сотто президент Курманбек Бакиев төрагалыкты тапшыруу менен партиядагы ишмердүүлүгүн да токтоткон, деп бекемдеди:

-Партиянын уюштуруу курултайы болгон күнү президент Курманбек Бакиев катышкан, бирок ал ошол эле күнү өзүнүн партиядагы мүчөлүгүн токтотору тууралуу арыз жазып берген. Ошондон тартып, бүгүнкү күнгө чейин ал партиядагы ишмердүүлүгүн, тагыраак айтканда мүчөлүгүн токтоткон. Ал партиялык мүчөлүк акы төлөбөйт, партиянын ишмердүүлүгүнө кийлигише албайт.

Доо арыз ээси Бакыт Бешимов “Ак жол” партиясынын өкүлүнүн сөзүнө макул эмес. Ал сотко бир катар далилдерди келтирип, 2007-жылдын 15-октябрынан бери президент Курманбек Бакиев партиянын лидери катары иш-чараларга катышып, үстүбүздөгү жылдын 1-майында болгон акыркы курултайында партиянын саясий кеңешине мүчө болгондугун, өзүнүн 1-орунбасарлыгына талапкер көрсөткөндүгүн белгиледи.

Бакыт Бешимовдун айтуусунда муну жалпы эл көрүп-билип турат:

- Бүткүл Кыргызстандын эли теле аркылуу көрүп атпадыбы, “Ак жол” партиясынын курултайлары болуп атканда Курманбек Бакиев активдүү катышып, жетекчилик органдарын шайлоодо да кийлигишип атты. Ошол партиянын негизги идеологиялык-саясий ишин алып барып жатты. Ушунун баарын жалпы эл көрүп турса, партиянын өкүлдөрү болсо “жок, Курманбек Салиевич партиядагы ишин токтотуп койгон” деп айтып атышат. Бул –жалган.

Түштөн кийин Конститутциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова баштаган курамы ЖК депутаты Бакыт Бешимовдун арызына карата чечим чыгарды. Төрайым чечимдин мазмуну менен мындайча тааныштырды:

-КР Конституциялык Соту чечти: КР Башмыйзамынын 45-беренесинин 3-пунктуна расмий чечмелөө берилсин. Берилген Конституциялык ченемде өлкөнүн президенти болуп шайланган адам саясий партиянын жана уюмдун мүчөсүнүн ар кандай партиялык, уюмдук иши КР Жогорку Кеңешинин жаңы шайлоо датасы тууралуу расмий жарыялоосуна чейин токтотуп турат.

Бакыт Бешимов Консоттун чечимине канааттанганын билдирди. Анын “Азаттыкка” айтканы боюнча, бул чечимдин негизинде мындан ары дагы башка аракеттер көрүлөт:

- Азыркы чечим эмнени билдирет? Буга чейин президент Бакиев өзүнүн партиядагы мүчөлүгүн токтотпой, Башмыйзамга каршы иш алып барганы жөнүндө айтылды. Ошондуктан, биз ушул Конституциялык Соттун чечиминин негизинде мындан ары дагы тиешелүү соттор менен ишти улантабыз.

Конституциялык Соттун чечимине “Ак жол” партиясынын өкүлү да канааттанганын төмөнкүчө билдирди:

- Баары Конституциянын чегинде болуш керек. Көп суроолор Конституциядан тышкары болуп атат, аларды башка соттор териштирет. Ким президент болбосун, бул эреже баарына бирдей таркатылат, ошондуктан, бул чечим туура деп ойлойм.

Президент Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын төрагасы болуп шайланып, ошол эле күнү кайра мүчөлүктөн чыгуу тууралуу арыз бергени менен, бүгүнкү күнгө чейин партия төрагасы жок келе жатат. Төраганын ыйгарым укуктарын анын орун басарлары аткарышат. Буга чейин бул милдетти мурдагы вице-премьер-министр, “Ак жол” партиясын түптөөгө чоң салым кошкон деп айтылып келе жаткан Элмира Ибраимова аткарып келди.

Жыл башында кызматынан бошогон Элмира Ибраимова 23-апрелде партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу катары элге кайрылуу жасагандан кийин, партиялаштары ал 2008-жылдын май айынан бери эле “Ак жолдун” катарынан чыгарылганын айтып чыгышты. Быйыл май айында “Ак жол” партиясынын төрагасынын 1-орун басарлыгына ЖК депутаты Табылды Орозалиев шайланып, төраганын милдетин аткарып келе жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG