Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Депутаттын жакындары аралашкан чатак


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин бир туугандарынын балдарын актаган сот чечими нааразылык жаратты.

Бул иштеги жабырлануучу Адилет Алымов Арапбаевдер аны алдап өздөрүнө таандык эмес автоунааны сатып жибергенин, сот адилетсиз чечим чыгарганын айтууда.

Бул иште дагы бир депутат Гүлкан Молдобекованын баласынын аты аталат. Дээрлик үч жылдан ашык убактан бери чекит коюлбай депутаттардын туугандары, баласы катышкан чырлуу окуядагы экинчи тарап болсо дооматтарды четке кагууда.

Бишкек шаарынын тургуну Адилет Алымовдун айтымында, мындан үч жыл мурда депутат Азамат Арапбаевдин бир тууган инилеринин балдары - Султан жана Мирлан Арапбаевге ири суммадагы акча карыз берген. Алар күрөөгө "Лексус" үлгүсүндөгү жолтандабасты койгон жана акчаны чукул арада эле кайтарып берүүнү убада кылган:

- 2015-жылы 1-сентябрда менин досум аркылуу Султан Арапбаев жана Мирлан Арапбаев деген эки бала кайрылып, менден "бир-эки айда беребиз" деп 30 миң доллар карыз сураган, күрөөгө машина коюшкан. "Бир-эки ай ичинде акчаны берип машинаны кайра алабыз же машина сенде калат" деп сүйлөшкөнбүз. Мамкаттоодон текшерткенде автоунаа таза чыккан, мен 9-сентябрда машинаны өзүмө каттаткам. Алар эки айда акчаңды беребиз деген убадасына турган жок, ошондуктан мен автоунаанын толук кожоюну болуп айдап жүргөм. 2015-жылы 21-ноябрь күнү менин автоунаамды белгисиз адамдар уурдап кетти.

​Адилет Алымов машинасынын уурдалганына байланыштуу милицияга ошол күнү эле арыз жазган. Анын ырасташынча, автоунааны анын баштапкы ээлери Марат Аскеров менен Нурлан Абакиров аттуу жарандар айдап кеткен. Бирок милиция далил жок деп кылмыш ишин токтотуп, тергебей келет.

- Арапбаевдердин мага саткан машинасы өздөрүнүкү эмес экен. Алар 2015-жылы 30-июлда баасы 64 миң доллар деп келишип бул автоунааны Нурлан Абакиров менен Марат Аскеров аттуу жарандардан сатып алышыптыр. Акчанын 12 миң долларын берип, калганын эки айдын ичинде беребиз деп сүйлөшүптүр. Алар болсо бул акчанын баарын төлөп бүтө электе эле мага кайра 1-сентябрда сатып жиберишкен. Менин автоунаамды белгисиз бирөөлөр айдап кетти дегени менен ал автоунааны Марат Аскеров менен Нурлан Абакиров айдап кеткен. Бул автоунаага үч жолу ишеним кат жасалган экен. Экспертизада дагы бир техникалык паспорт жасалганы аныкталган.

Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

Адилет Алымовдун көптөгөн арыз-даттануусунан кийин 2017-жылы гана Султан менен Мирлан Арапбаевдерге "алдамчылык", "документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Иш ошол жылы август айында Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотуна өткөн.

Былтыр июнь айында райондук сот Арапбаевдердин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актаган. Адилет Алымов жогорку инстанцияга кайрылган.

Бишкек шаардык соту мындан эки апта мурун, тактап айтканда 15-январда райондук соттун чечимин күчүндө калтырган өкүм чыгарган.

Адилет Алымов кылмыш ишинде аты аталып жаткан адамдар таасирлүү туугандарынын кийлигишүүсү менен акталды, жазасыз калды деп эсептейт.

- Мага Марат Аскеров "мен тууралуу ЖМКга жарыялабай эле кой, бул маселени чечип бергенге аракет кылабыз" деди. Бирок анын айткандары сөз боюнча эле калды. Мен Султан Арапбаев менен да жолуккам. Шаардык сот иш каралаар алдында "мен соттон акталып чыгам, ошондо мен сага 15 миң доллар берем, калган 15 миң долларды кайдан алсаң, ошол жактан ал" деген. Султан Арапбаевдин атасы - Мухтар Арапбаев мурда Жалал-Абаддын мэри болгон. Мирлан Арапбаевдин атасы - Эркин Арапбаев мурда Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген. Булардын бир тууган байкеси Азамат Арапбаев Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат. Ал эми Марат Аскеровдун энеси - Гүлкан Молдобекова да КСДП фракциясынан депутат. Булардын прокуратура, милиция, сот, бардык жерде тааныштары бар. Ошондуктан менин арыздарымды карабай жатышат. Мен керек болсо президенттин аппаратына чейин жазгам. Ал жактан "ооба карайбыз" деп жооп келген, бирок жыйынтык жок. Ушул күнгө чейин эч кандай акыйкаттык жок.

​Биз депутат Азамат Арапбаевден бир туугандарынын балдарынын соттогу ишине кийлигишип жатат деген доомат боюнча пикирин сурадык. Ал бул окуядан кабары жок экенин айтып, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Азамат Арапбаевдин бир тууганынын баласы Султан Арапбаев Адилет Алымовдон автоунаасын күрөөгө коюп, 30 миң доллар алганын ырастады. Бирок аны күрөөгө коюлган автоунааны айдабашы керек болчу деп күнөөлөдү.

- Анын айткандары калп. Биринчиден, ал менден автоунааны сатып алган эмес. Аны эки бир туугандан күрөө катары алган, бирок машинаны айдап жүргөн. Мен деле, тууганым деле "кой, машинаны айдаба, сатып алган эмессиң, тура берсин" деп айтып жатканбыз. Ал автоунааны Нургазы деген таанышына тойго айдап барып кел деп берет. Ошол жерден машина жок болуп кетет. Ушул иштин айынан мен өзүм 100 миң доллардан ашык чыгым болдум. Машина жок, анын акчасын эки жыл төлөдүм. Эми ал бизге машинаны бербесе, биз ага кайсы акчаны беребиз? Машинанын кайда экени белгисиз болуп жатпайбы. Биз Нурлан Абакировго акчасын бир-эки ай кармаганыбыз менен баарын төлөп бергенбиз. Ал машинаны азыр атүгүл милиция да таппай жатат. Мен деле ал машинанын табылышына кызыкдармын.

"Азаттык" бул автоунааны бир тууган Арапбаевдерге сатты деген Марат Аскеровдун апасы, Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрайымы, КСДП фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекова менен да байланышты. Ал баласынын күнөөсү жоктугун айтты жана сотторго кийлишти деген сөздөр негизсиз экенин билдирди:

Гүлкан Молдобекова.
Гүлкан Молдобекова.

- Машинаны бирөөдөн сатып алып туруп Нурлан дегенге саткан. Ага чейин оюндар болушу мүмкүн, бирок менин балам акча берип сатып алган. Прокуратурага да барып сурак беришкен. Азыр эми уурдап алды дегенди угуп өзүм шок болуп жатам. Мен анын апасы катары андайга жол бербейм. Менин балам андай эмес. Азыр мына өзүмө келген арыздарды деле териштире келсең эле ушак болуп чыгат, азыр ушак менен жашап калдык го. Мен баламды билем, ошол жерде илешкен бир нерсеси болсо азыр жашап жаткан үйдү сатсам да төлөп бермекмин. Мараттын ал жерде эч кандай тиешеси жок.

Марат Аскеров сотто күбө катары сурак берген. Анын айтымында, Адилет Алымов ага жалган жалаа жаап жатат.

- Биз Арапбаевдерге машинаны акысын узартып төлөө шарты менен бергенбиз. Менин байкем берген. Артынан канча чуркап жүрдүк, соттошту, арыз жазышты. Алар акчанын кайсы бир бөлүгүн берип, дагы калса керек. Адилет мага чалып "машина каякта, жок болуп жатат" деп сураган. Мен билбей турганымды айткам. Бул жерде менин тиешем жок. Адилет мага "жардам бер, сенин апаң тигил жакта иштейт, жардам бербесең мен сени жазам" деп мени шантаж кылып жатат. Султан Арапбаевдер Адилет менен жолукса эле мушташып кетишет экен. Ошондуктан "биз сүйлөшө албай жатабыз, жардам бер" дегенинен, "макул, айтып көрөйүн" дегем. Сотко мени такай күбө катары чакырат. Кичине эле сурап, "отурбай эле кете бериңиз" дешет. Мен ал жерде ишеним катка байланыштуу эле илинип калыптырмын. Байкем мен жок болсом деле автоунаага ишеним катты менин атыма жаздырып коюптур. Ошон үчүн эле мени күбө катары чакырып жатышат.

Адилет Алымов Бишкек шаардык соттун 15-январда чыгарган чечимин колуна азырынча ала элек жана чечим колуна тийгенден кийин Жогорку Сотко чейин арызданганы жатат.

Кыргызстанда буга чейин дагы депутаттардын балдары, туугандарынын аты аталган чуулгандуу окуялар катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG