Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Түркия батышчылбы же чыгышчылбы?


Барак Обама менен Режеп Тайып Эрдоган бир катар маселелерди талкуулашты. Алардын арасында Иран,Ооганстан башкы темалардан болду.
Барак Обама менен Режеп Тайып Эрдоган бир катар маселелерди талкуулашты. Алардын арасында Иран,Ооганстан башкы темалардан болду.

Кечээ Вашингтондо Ак үйдө президент Барак Обама Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен көзмө-көз отуруп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки лидер өз ара мамилелерден тышкары Жакынкы Чыгыш темасын, Иран маселесин сөз кылышты.

Мамлекеттик катчынын жардамчысы Филипп Гордон түрк өкмөт башчысы менен президент Обама жеке өзү көзмө-көз отуруп, көп маселени талкуулагысы келет деп айткан эле. Алардын арасында Иран, Ооганстан, Ирак, Кипр, Евросоюз, Армения, Кипр, башка да темалар аталды.

Айрым баяндамачылар Түркия акыркы кездери Батыштын "огунан чыга баштаганын" айтып жатышат. Буга Вашингтон менен Брюссел кооптонбой койо албайт.

Өткөн айда Эрдоган Тегеранда болуп, газ, мунай келишимдерине кол коюп кайтты, андан соң ислам өлкөлөрүнүн Стамбулдагы саммитинде президент Махмуд Ахмединжадды "жакшы досум" деп жайкады. Буга кошо жакындагы бир билдирүүсүндө атом бомбасын түзүү Ирандын "оюнда да жоктугун" айтып, Тегеранга санкцияларды жарыялоону кыяз кылып жаткан өлкөлөрдүн планын "текеберлик мамиле" катары баалады жана адегенде аларды өздөрүнүн ядролук куралдарын жок кылууга чакырды.

Мындан тышкары эл аралык трибунал "адамгерчиликке каршы кылмыш кылганы үчүн" атайы айып таккан Судандын президенти Омар ал-Башир Анкарада ырасмий сапар менен болуп кетти. Жакынкы Чыгыштагы жагдайга байланыштуу Израилдин позициясын Эрдоган көптөн бери эле айыптап келатат.

Вашингтондун көз карашынан алганда Анкаранын айрыкча Тегеран менен ылым санаган ымала түзүп жатканы эл аралык коомчулуктун кысымында калган Иранды далыга таптап, демин көтөргөн колдоо болуп саналат.

Ошентсе да Филипп Гордон Анкаранын "огу Чыгышка ооп" баратканы тууралуу сөздөрдү "ашепке кепке" чыгарды. Ал эми мамлекеттик департаменттин ырасмий өкүлү Ион Келли эки тараптын алакасы "бекем жана кеңири" экенин ырастап, ошол эле учурда мунун өзү АКШ менен Түркиянын ортосунда "пикир келишпестиктер жок дегенди билдирбей турганын" да бышыктады.

"Бардык союздаштарыбыз менен деле пикирибиз такай бир жерден чыгып турбайт, биз аларды жеке жана ачык мүнөздө талкуулайбыз. Ошондуктан премьер-министр Эрдоган Вашингтонго келгенде өз ара мамилелердин бардык ой-кырларын кеңири сөз кылганы жатабыз", - деп белгилеген эле Келли өткөн аптада.

Ортодогу оош-кыйыш иштерге карабай Түркия АКШ үчүн маанилүү союздаш бойдон калат. Ошол эле учурда байкоочулар Түркия өзүнүн "чыгышчыл" оролунан да чыкпайт дешет.

Айрым маалыматтарга караганда Вашингтондо эки өлкөнүн өкүлдөрү экономика жана соода тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн биргелешкен планын жарыялаганы жатышат.

XS
SM
MD
LG