Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Абакта каза тапкан Арстан Алай акыркы сапарга узады


7-январь, 2024-жыл. Бишкек
7-январь, 2024-жыл. Бишкек

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Аны менен коштошуу зыйнаты 7-январда Бишкектеги өз үйүндө өтүп, сөөгү шаар четиндеги Сокулук районуна караштуу Орок айылына коюлду.

Арстанбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында чыгып сүйлөгөндөр анын ишмердүүлүгү, кайрымдуулук иштери тууралуу айтып эскеришти.

“Атам кайсы жыл экени эсимде жок, революция болгон. Ошол жылдары орто жана чакан бизнеске жардам берем деп теледен сүйлөп чыккан. Ошондо бир топ эл келген. Пайызсыз акча берген, ошол карыздары ушул кезге чейин бар. Атам көп кайрымдуулук кылды. Мектеп, бала бакчаларды оңдоп бердик. Атама акыркы калоом болсо: “ата, сизди ким асып койду?” деп сурайт элем”, - деп ыйлады маркумдун уулу Төрө Абдылдаев.

Прокуратура Абдылдаевдин абактагы өлүмүн иликтейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

Кенжебек аттуу айылдашы маркум убагында элет эли үчүн бир топ иштерди жасаганын айтып берди:

“Эми анын эмгектерин айтайын. Дыйкан айылына мечит салды, көрүстөндөрдү тосту. Мектеп, бала бакча оңдоду. Күйүүчү майын берчү эле. Эми эмне деп айтабыз. Кайрат кылгыла, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам”.

Абдылдаевдин жаназасы өз үйүндө окулуп, маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылына коюлду. Маркумдун үй-бүлөсү анын саламаттыгы жакшы болгонун айтып, эмне себептен №1 абактан №31 түзөтүү мекемесинде которулганы сыяктуу ар кандай шектүү жагдайлар көп болуп жатканын айтып жатышат. Уулу Төрө Абдылдаев атасынын өлүмү боюнча акыйкат тергөө, иликтөө болушу керектигин талап кылды:

“Адилеттүү чечим чыгарып берсин. Атамдын мойнунда үч из калыптыр. Тартылган издер экен. Өзү муунуп өлгөн кишиде бир эле из болмок деп айтып жатышат. Акырына чейин тергеп берүүсүн суранам”.

Арстан Алай менен коштошуу зыйнатына баргандар
Арстан Алай менен коштошуу зыйнатына баргандар

Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу коомчулукта ар кандай суроого баш катыргандар көп. Маселен, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бийлик органдары тиешелүү териштирүүдөн кийин коомчулукта жаралган суроолорго так жооп бериши керек деп эсептейт:

"1. Арстан Алайды өз жанын кыюуга мажбур кылган кандай жагдайлар болгон, ал жагдайлар кандайча түзүлгөн, ошол жагдайларды түзүүгө карата бирөөлөр тарабынан кыймыл-аракеттер болгонбу, болсо алар мыйзамдуубу же жокпу?
2. Арстан Алайды камакта кармоонун зарылчылыгы бар беле же жок беле?
3. Жаңы жыл алдында Арстан Алай каза болду деген маалымат болгон. Ошол маалыматты ким тараткан? Ошондон бери аны тирүү көргөн, аны менен сүйлөшкөн киши барбы же жокпу?
4. Ар бир камерада, даланда турган видеокамера эмне үчүн ашканада жок? Биринчи кезекте ошол жерге коюлушу зарыл эле го. Бар болсо эмнеге ал жактагы видео жок?
5. Түрмөнүн даланын көзөмөлгө алган күзөт кайда? Эмне себептен түнү бою ал жер кароосуз калган? Же түнү бою камактагылар ээн-эркин басып жүрө беришеби?
6. Арстан Алай психикалык жактан жабыр тартып жатканы аныкталгандан кийин эмне себептен атайын ооруканага эмес, түрмөнүн бейтапканасына жөнөтүлгөн?
7. Арстан Алайды СИЗОдон колония-бейтапканага которуп жаткандагы, бул жактан алып чыгып, тиги жакка алып кирип жаткан видеону дагы көрсөтүү керек. Коомчулук, айрыкча үй-бүлөсү анын тирүү басып жүргөнүнө ынануусу зарыл", - деп жазды Каптагаев Фейсбукка.

Арстан Алайдын өлүмү тууралуу маалыматты алгач анын адвокаты Кайсын Абакиров айтып чыкты. Андан кийин Жаза аткаруу кызматы расмий маалымат таратып, Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин акыркы мүнөттөрү деген видео сюжет жарыялады. Анда кабарчы маркумдун “өзүнүн жанын кыйганга даярдык көргөн учурлары видео көзөмөлгө түшкөн”, - деп билдирген.

Материалда 31-абактын жетекчиси Кайрат Рымбеков Абдылдаев ашканада "сүлгү менен электр чайнектин шнуруна асынып калганы 5-январда таңкы саат 5.15те аныкталганын" маалымдаган.

Арстан Алайдын абактагы өлүмү. Жакындары териштирүүнү талап кылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:56 0:00

Маалыматка ылайык, Абдылдаевге "инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган.

29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап жатканын айтып дарыгерге кайрылган.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен Абдылдаевге "такталбаган психотикалык инсандык бузулуу, коронардык жүрөк оорусу бар" деген диагноз коюлган. Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

“Алгачкы кароодо денесинде жаракаттар табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты милициянын каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча Жаза аткаруу кызматында кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу жаза аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзүнө караганда, Арстанбек Абдылдаевдин денесин кароодо зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Ал арада Юстиция министрлиги анын өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзгөнү маалым болду. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, комиссия бардык материалдарды, анын ичинде Арстанбек Абдылдаевдин №31 дарылоо мекемесиндеги жүрүм-туруму тартылган видеолорду, суициддин белгилерин да текшерет.

6-январда Башкы прокуратура Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарынын аракетине юридикалык баа берилерин билдирди.

"Абдылдаевдин денесин кароо учурунда, маркумдун моюнунда зымдын изинен башка күч колдонуудан чыккан башка жаракаттары бар экени аныкталган эмес. Анын өлүмүнүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-трассалогиялык, соттук-психиатриялык жана башка тийиштүү амалдары жүргүзүлүүдө".

"Атам өз жанын кыюуга бармак эмес"

Маркумдун жакындары окуяны териштирүүнү талап кылууда. Арстан Алайдын кызы Аксана Арстанбекова атасынын саламаттыгы жакшы болгонун айтып, эмне себептен №1 абактан №31 түзөтүү мекемесинде которулганы сыяктуу ар кандай шектүү жагдайлар көп болуп жатканын белгиледи.

“Бул боюнча күнөөлүүлөр сөзсүз жооп бериши керек. Эмнеге коопсуздугун карашкан эмес? Бул атайын эле жасалган иш. Духу күчтүү болчу, андай нерсеге барбайт эле. “Мени өмүр бою камап жибербейт, - деп катуу тынчызданган эмес - Жеңил берене болуп жатпайбы. Үйдөгүлөр камсанабасын” - деп салам айттырып жиберген. 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда бөгөт чарасы каралмак. Атабыз менен ошол жактан көрүшүп калалы десек, алып келишкен эмес. Ошол сот боло турган күнү тергөө абагынан 31-колонияга которуп жибериптир. Эмнеге которуп жибергенин эч ким билбейт. Себебин сурасак, түндө сарсанаа болуп, уктабай жүрөт дешти. Ал которууга себеп болбосо керек. УКМК тергеп жатса, №1 тергөө абагына жөнөтүп коюшкан. Ушул сыяктуу табышмактар көп.

Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаев Бишкекте дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат өткөн айдын 14-декабрында белгилүү болгон. Анын алдында социалдык тармактарда Абдылдаев изделип жатканы тууралуу жарыя тараган. Анда ал 13-декабрда эртең менен саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткенден бери белгисиз экени жазылган.

Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" Арстан Алайдын жоголгону жөнүндө маалымат милициянын каттоосуна алынып, издөө иштери башталганын ырастаган.

Бирок, андан бир күн өткөндөн кийин, 15-декабрда Арстан Алай (Арстанбек Абдылдаев-ред.) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жатканы маалым болгон. Атайын кызмат ал "диний кастыкты козутууга" айыпталып кармалганын, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) негизинде иш козголгонун билдирген.

Маалыматта Арстан Алай өзүн “Жаңы кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндер жана ишенимдер туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

"Кылмыш ишин козгоого А.Абдылдаевдин Facebook, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеген", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстан Алайдын бөгөт чарасын карап, аны 15-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Маалыматка ылайык ал №1 тергөө абагында кармалмак.

Адвокат Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганын, бул тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирди.

“Арстанбек Абдылдаевдин туугандары кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча арыз берет. Себеби, шек саналып камакта жаткан адамды Жаза аткаруу кызматынын бир мекемесинен экинчи мекемеге которуу мыйзамда так көрсөтүлгөн. “Камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамда чектөөлөр жана шектүү кайсы учурда башка абакка которулары жазылган”.

Арстан Алай кармалганда анын атын атагысы келбеген тарапташтарынын бири ал кастыкты козута турган эч кандай чакырык жасабаганын билдирген.

Арстан Алайдын идеяларын колдоп, ал уюштурган жыйындарга барып тургандар ошондой эле жаш кыз-келиндерди аны менен жакын мамиледе болууга үндөгөн же түрткөн окуялар болбогонун да белгилешкен.

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов буларга токтолду.

“Кандай болгон күндө дагы бул жакта мамлекеттик органдар жоопкерчиликтүү. Өзүнө өзү кол салган күндө дагы анын өмүрү камакка алынгандан кийин мамлекеттин колунда болчу. Бул деген аябай коркунучтуу көрүнүш. Казакпаев каза болгондо дагы эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес”.

Арстан Алай ким?

2020-жылы Арстанбек Абдылдаевдин “мен Кудаймын” деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан кийин милиция ага карата Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

Фейсбуктагы акыркы видео кайрылууларында ал желекти өзгөртүү, ККМ жана УКМК сүрөтүн жарыялаган кыздар тууралуу айткандарын көрүүгө болот.

55 жаштагы Арстанбек Абдылдаев 1990-жылдардын башынан тарта ишкерлик менен алектенген. Ал алгач күйүүчү май бизнеси менен алектенсе, кийин курулуш тармагында да ишкерлик кылган. 2010-жылдан тарта саясатка аралашып, 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Ал Сооронбай Жээнбековдун бийлигин, ал эми соңку президенттик шайлоодогу дебаттардын биринде ошол маалдагы талапкер Садыр Жапаровду сынга алган.

Ал табият мыйзамдарын өз алдынча чечмелөөгө аракет кылып, пикири менен бөлүшүп турган. Анын “кыш болбойт”, “Мен Кудаймын” деген сыяктуу билдирүүлөрү талкууга түшүп, коомдо сын, талкуу, түшүнбүстүктөрдү пайда кылган. Арстанбек Абдылдаевдин жакындары маркум кыргыздын улуттук өзөгүн табуу, баалуулуктарды коргоо боюнча аракет кылганын билдиришүүдө.

Абактагы өлүмдөн кийинки коомдун реакциясы

Жаңы жыл алдында социалдык тармактарда "Арстан Алай абакта каза болду" деген маалымат тарап, кийин ал төгүндөлгөн.

Мындан улам айрым колдонуучуларда күдүк ой жаралса, айрымдары тергөө иштери бүтө электе шектүүнүн №31 түзөтүү мекемесине которулганына таң калышууда.

Рита Карасартова:

"Өткөн жумада "Кемпир-Абад иши" боюнча бөгөт чарасы каралып жатканда Арстан Алайдын дагы бөгөт коюу чарасы каралган. Агайды алып келген эмес, эмнеге аны СИЗОдон башка жакка которуп кеткенин жакындары дагы, адвокаты дагы билген эмес. Кээ бир учурда чуркап, адвокаттар кат жазып атып араң ооруканага чыгарышат, бул жерде эч кимге маалымдабай туруп алып кеткени абдан чоң суроону жаратат".

Клара Сооронкулова:

"Репрессиялык режимдин дагы бир курмандыгы. Ким жооп берет?".

Эмилбек Каптагаев:

"Арстанбек Алай асынып өлүптүр деген кабар жүрөктү өйүп турат... Өйдө-төмөн айткандары болбосо эч бир макулукка зыяны деле жок болчу... Жөн-жай сүйлөшүп отурганда кадимкидей эле пенде эле го... Арты кайырлуу болсун дейли... Жакындарына кайгыны бөлүшүү менен көңүл айтам, аларга аманчылык, ден соолук каалайм...".

Гүлшайыр Абдирасулова:

"Арстан Алайды дарылоо үчүн колонияга жаткырган күндө да эмнеге ал асынган абалда табылды? Бийлик дарылоого муктаж адам асынып алды дегиси келип жатабы? Андай болсо эмнеге тергөө абагында асынган эмес? Мен Арстан Алайды өлтүрүп коюшту деп эсептейм. Андай эместиги далилденмейинче бул киши өлтүрүү бойдон кала берет".

Эржан Сулайман:

"Арстанбек Абдылдаев түзөтүү мекемесинин ашканасында асынып өлгөн деп маалымдалган фактыны укуктук көз караштан гана караш керек. Эмнеге тергөө изоляторунда эмес, түзөтүү мекемесинде болгону, эмнеге асынган денеси ашканада табылганы, эмне себептен асынып алууну ишке ашыруу мүмкүн болгону ж.б. суроолор жаралууда?
Мындай жагдайда албетте түзөтүү мекемесинин кызмат адамдарынын, жетекчисинин жана андан жогорку жетекчилердин жоопкерчилиги автоматтык түрдө каралууга тийиш. Түзөтүү мекемелеринин ичинде кайсыл бир адамдын укуктары сакталбаганы бардык жарандар үчүн кооптуу белги. Түрмөлөрдө укуктары сакталбай келгендердин арасында ар кандай адамдардын топтору бар, анын ичинде "экстремизм" жана башка беренелер боюнча соттолгон мусулмандар дагы. Ошондуктан адам укуктарынын сакталышы баарына керек. Ал эми ким жашоодо кандай баалуулуктарды карманганы, кандай өмүр сүргөнү үчүн Жараткан алдында өзү жооп берет".

Гүлгакы Мамасалиева:

"Кыргызстанда жашоо аябай коркунучтуу болуп калды!
Бүгүн бар, эртең жоксун! Мыйзам, сот, прокуратура, адилеттүүлүк өкүм сүрбөй калды! Арстан Алай эмне жазыгы үчүн камалды, колонияга сот өкүмү жок кандайча барып калды, кандайча өлүп калат деген суроого жооп жок, бийлик эч кимге эч нерсе түшүндүрбөй турган, адамдарды коркутуп бийлей турган заманага келип такалдык! Үч бутактуу бийликтин жоктугу - мына ушуга алып келмек! Нет во власти принципа сдержек и противовеса! Жаткан жери жайлуу болсун".

Абакта кыйылган өмүрлөр

Кыргызстанда буга чейин абакка камалгандан кийин ооруканага түшүп же абак камерасында өлүмгө дуушар болгон окуялар буга чейин да катталган.

2022-жылы 10-июнда УКМКнын абагынан оор абалда ооруканага түшкөн саясат талдоочу, тарых илимдеринин доктору, профессор Марат Казакпаев эсине келбей жатып, 56 жаш курагында көз жумган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы тергөө абагында Марат Казакпаев каза болгондон кийин ага эч кандай кысым болбогонун жана ага жетиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүлүп турганы боюнча учкай маалымат тараткан. Анда ал өнөкөт оорусуна байланыштуу дайыма врачтардын кароосунда болуп, 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда толук дарыланып чыкканы айтылган. Ага кардиолог кан басым оорусу боюнча диагноз коюп, кийин Казакпаев тергөө изоляторунда дарылануусун улантып келген.

Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары 2021-жылы апрель айында кармалган.

2022-жылы 18-июнда "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында каза болгон. Аны абак кызматкери 18-июнда түнкү саат бирге жакын асынып турган абалда көргөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы анда 18-июнда апрель айынан бери тергөө абагында кармалып турган Бакыт Асанбаев жанында эч ким жок кезде өз өмүрүнө кол салганын билдирген. Атайын кызматтын белгилешинче, маркум өзүнө кол салганда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жаткан.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров банкир Асанбаевдин жана ага чейин атайын кызматтын тергөө абагынан ооруканага которулуп, каза тапкан саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзгөнү кабарланган.

2022-жылы 30-июлда кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов №21 абактын камераларынын биринде киши колдуу болгон. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн кабарлаган.

Башкы прокуратура мындан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-пункту ("өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов ага чейин 15-июлда Бишкекте кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК)
басма сөз кызматы Жумагуловду кармоо уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ишкерлерден ири суммада акча талап кылуу фактыларынын негизинде жүргөнүн кабарлаган.

Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү туугандарына 31-июлда берилип, 1-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ичке-Суу айылында жерге берилген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор буга чейин абактарда адам өлүмү көбөйүп жатканына кабатырлыгын билдирген. Мекеменин маалыматында, 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде суицидден он адам, анын ичинде бир жашы жете элек өспүрүм набыт болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG