Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:53

Жаңы окуу жылынан баштап Кыргызстандагы музыкалык окуу жайларда жана мектептерде алгач ирет кыргыз сольфеджиосу окутула баштайт.

Окуу китептин автору, композитор Астар Тыналиев “Азаттык” үналгысына сыябан-маек куруп, кыргыз музыкасындагы романстын жана роялдын ордун, музыкалык китептердин барк-баасын чечмелеп берди.

"Азаттык": Музыкага кызыккан, бирок музыкалык окуу жайларда окубай калган, азыр ар кайсы кесипте иштеп жаткан адамдарга сабак берип жүрөт экенсиз. Мындай идея кайдан келди? Канча акы алып окутасыз?

Тыналиев: Ооба, сабак берем. Бул үчүн акча албайм. Мен Маданият министрлигинде музыкалык эксперт болуп он чакты жыл иштедим. Ал кезде социализм доору өкүм сүрүп турган. Өзүм ошондой жооптуу кызматта тургандан кийин мага "өз ырларыңды, романстарыңды пропагандалабай коё тур, сандыкка сала бер" деп айтышкан. Ал мезгилде тартип ушундай болчу да.

"Азаттык": Эмне үчүн?

Тыналиев: Этикага туура келбейт эле. Өзүм Маданият министрлигинде башкы музыкалык эксперт болуп туруп, өз ырларымды радио, телевидениеге чыгарсам этикалык жактан туура болбойт эле, ошон үчүн сандыкка сала бергем. 150 ыр, романстарым бар.

Азыр пенсияга чыктым, кемпирим да музыкант. Бирде кемпирим “канча жыл өмүрүң калды, ырларыңды таратпайсыңбы” дейт. Кийин көзүм өтсө да аткарып жүрүшсүн деп таратып жатам. Операнын, филармониянын солисттерине 30-40 ырды тараттым.

Бир кызык нерсе айтайын, кесиби башка, мисалы финансист, мугалим же дагы башка кесиптерде иштеп жүргөн жаштар кайрылыптыр мага, эми эл болгондон кийин угат да, Тыналиев ушундай акысыз сабак бериптир, вокалдан, фортепианодон, сольфеджиодон деп. Анан мен ошолорго акысыз сабак берип жүрөм. Негизги максатымды ачык айтып коеюн, сандыктагы 150 ырымды таратып бүткөнгө үлгүрүш керек. Жок дегенде 50-60 ырды үнү бар ырчыларга, кесиби башка болсо дагы үйрөтүп, ырларымды берип жатам.

"Азаттык": Учурда аты чыгып калган жаш ырчыларга да ырларыңыздан бербейсизби? Жаштар арасында популярдуу ырчыларга дегеним.

Тыналиев: Мен ритмикалык музыкага эзелтен эле каршымын. Кыргыздын мыкты шедевр обондору, эки тоонун ортосунда өзөндөн келген мелүүн шамалга канатын каалгыткан бүркүт сыяктуу кетиш керек кыргыздын шедевр ырлары. Ритмге салсаң ал шедевр обондордун ышпалдасы чыгып калат.

"Азаттык": Эмне үчүн? Мирбек Атабеков деле “Арпанын Ала-Тоосунан” деген ырды жаңыртып ырдап чыкпадыбы. Эл жакшы эле кабыл алды менимче.

Тыналиев: Кыргыз эски шедевр ырларын ритмге салганда өлчөмү бузулат. Ритм деген бул - солярка менен иштеген кудум эски паровоз сыяктуу дүңк-дүңкү-дүңк этип турат. Андыктан эстрадалык ырчыларга бергим келбейт да, алар дароо эле аранжировкага салышат. Анан эле обондун тамтыгы чыгат да калат.

"Азаттык": Сиздин үй-бүлөңүздө баары эле музыкага жакын окшойт. Мына колуңуздагы Муса Баетов тууралуу китебиңизде кызыңыз Арна Тыналиева ноталарды компьютерге түшүргөнгө жардам бериптир. Музыка сиздин жашооңузда кандай орунду ээлейт?

Тыналиев: Мен мугалим болуп көп жыл иштедим. 48 жылдык педагогикалык стажым бар. Петр Шубин атындагы борбордук музыкалык мектебинде завуч болуп турдум. Ошондой эле Мураталы Күрөңкеевде, Филармонияда иштеп калдым.

Министрликке караштуу Республикалык усулкана бар болчу, аны төрт жыл жетектегем. Музыкалык мектептердеги окуу процессинде колдонулуп жаткан усулдардын баары менден өтчү. Китептерди, методикалык адабияттарды, жыйнактарды көп чыгаргам. Акыркы эмгегим - Маданият министрлигинин буюртмасы менен быйыл “Кыргыз сольфеджиосу” деген окуу китебин чыгардым.

Мурда Кыргызстанда 127 музыкалык мектеп болсо, азыр 80и эле калды. Эми аны каражатка байланыштуу деп түшүнүш керек. Ошондой эле 10 музыкалык окуу жай, искусство институту, консерватория бар. Ушулардын баарында сольфеджио сабагы орус китептер аркылуу өтүлүп келет. Бүгүнкү күнгө чейин Калмаков, Фридкин, Способин, Барабошкина сыяктуу музыка таануучулардын китептери кыргыз мектептеринде өтүлүп жатат.

Эгерде баарын эле орус обондоруна киринтип атсаңар, биз болочокто кыргыз композиторлорун кайдан алабыз? Биздин болочок музыканттар адегенде кыргыз обондорунун ноталарын үйрөнүш керек. Азыр жаңы чыккан “Кыргыз сольфеджиосу” китебинин кириш сөзүнө ушинтип жазып койдук. Музыкалык мектептерде, окуу жайларда ушул кыргыз сольфеджиосун элүү пайыз колдонгула деген Маданият министрлигинин талабы бар.

Кудай буюрса, 1-сентябрдан баштап китеп колго тийсе борбордук усулкананын кызматкерлери менен аны кандайча колдонуп жатканын текшеребиз. Ар бир мугалимди текшеребиз. Мен буга өзүм дилгирмин.

Илгери түрк акылманы Назым Хикмет “маселеге мен күйбөсөм, сен күйбөсөң, анда ким жалындайт?” деп айткан экен. Башкалар чыгара албайт, колунан келбейт, анан мен өзүм ушул жашка келип калдым, колдон келип турганда, мүмкүнчүлүгүм болуп турганда чыгарып коелу деп иштеп жатам.

"Азаттык": Китеп демекчи, сиз 21 китеп чыгарыпсыз. Дагы кандай китептериңиз бар?

Тыналиев: Азыр романстарымды демөөрчүлөрдүн жардамы менен эки томдук кылып чыгарганга даярданып жатам. Буюрса, быйыл биринчи тому, кийинки жылы экинчи тому чыгат. Ноталары жана аккомпанементтери менен болот.

Дагы бир өксүк тууралуу айтып өтөйүн. Кыргызстанда рояль менен коштолгон ырларга өгөй мамиле жасалып келет. Абдылас Малдыбаевге окшогон улуу адамдардын бир топ рояль менен коштолгон обондору берилбей калды. Кандай сонун романстар бар. Менин деле рояль менен жазылган чыгармаларымды “Алтын фондго” албай коюшкан. Акылман Фирдоуси “эгерде татыктуу чыгармага кыянатчылык менен бут тосуулар болсо, сөзсүз тез арада ошол чыгарманы китеп бетине түшүрүп калганга үлгүрүш керек” деп айткан экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    Сабыр Абдумомунов "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG