Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Пакистандын президенти коронавирус илдетин жуктуруп алды


Пакистандын президенти Ариф Алви. Исламабад. 2021-жылдын 25-марты.
Пакистандын президенти Ариф Алви. Исламабад. 2021-жылдын 25-марты.

Пакистандын президенти Ариф Алвинин 29-марттагы айтымында, ал COVID-19 илдетине каршы вакцинанын биринчи ийнеси менен эмделгенине карабастан, андан коронавирус табылган.


Президент Алви «Твиттердеги» барагында: "Менин коронавирус боюнча сынагым оң чыкты. Мага вакцинанын биринчи дозасы сайылган болчу, бирок антитулкулар экинчи дозадан кийин гана пайда боло баштайт. Бул - бир аптанын ичинде башталууга тийиш эле. Этият болуңуздар", – деп жазды.

Өлкөнүн 2018-жылдын августунан берки коргоо министри Первез Хаттак да коронавируска чалдыккандыгы аныкталды.


20-мартта өлкө премьер-министри Имран Хан жана анын жубайы коронавирусту жугузуп алышкандыгы аныкталган болчу. Өкмөт башчы Имран Хандын саламаттыгынын абалы турукташып, эми өз ишин улантуу үчүн ага уруксат берилди.

Пакистанда акыркы күн-түн ичинде 41 киши коронавирустун айынан кайтыш болуп, бул илдетке байланыштуу 4500дөн ашуун жаңы учур катталгандыгы 29-мартта расмий маалымдалды.

Пакистанда өткөн жылдан бери жалпысынан бул илдетти жугузууга байланыштуу 659 миңден ашык учур катталды, анын ичинде 14 256 киши өмүрүнөн ажырады.

Өткөн айда расмий Исламабад саламаттыкты сактоо кызматкерлерин эмдөө жүрүмүн баштаган, бирок кыйла пакистандыктар Кытай берген вакцинага күмөн санап жаткандыктан, эмдөө өнөктүгү оош-кыйыштуу мамилеге кабылууда.


Былтыр бул өлкөдөгү таблигчи дааватчылар узакка чейин «коронавирус илдети тууралуу маалымат – жалган» деп санашып, өкмөттүн карантиндик эрежени сактоо талаптарына баш ийбей келгени маалым. (TT)

XS
SM
MD
LG