Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Асад режимин сындаган АКШ сириялыктарга кайрымдуулук көмөк көрсөтөт


Өзүн "Абу Усман" деп атап алган өзбекстандык киши Сириядагы жоочуларга барып кошулган. 10.10.2014. Архив.
Өзүн "Абу Усман" деп атап алган өзбекстандык киши Сириядагы жоочуларга барып кошулган. 10.10.2014. Архив.

Америка Кошмо Штаттары 30-мартта Сириядагы согуштан азап чеккен калайыкка дээрлик 600 миллион доллардай гуманитардык жардам бере тургандыгын жарыялады. Вашингтондун айтымында, мындагы калайык Башар Асаддын режими жана ага үзөңгүлөш орусиялык аскер аба күчтөрү жүзөгө ашырып келген аба чабуулдарынан улам “эсепсиз сандагы мыкаачылык” учурларына дуушар болуп келди.

АКШнын кайрымдуулук жардамы Сириянын ичиндеги болжолдуу 13,4 миллион кишиден тышкары, Түркия, Ливан, Иордания, Ирак жана Египеттеги 5,6 миллиондой теги сириялык качкындарга жумшалат.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Брүссел. 2021-жылдын 24-марты.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Брүссел. 2021-жылдын 24-марты.


АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 30-марттагы билдирүүсүндө: "Биз дүйнөдөгү өзгөчө аялуу элдин мүшкүлдөрүн жеңилдетүү үчүн колдоо көрсөтөбүз, анткени бул колдоо – биздин улуттук асыл-нарктарыбызга жана мамлекеттик кызыкчылыктарыбызга төп келет», – деп айтты. Ал башка демөөрчүлөрдү да азапка батып турган Сирия элин колдоого үндөдү.

Баб ал-Хава чек ара бекетине жакын жерде абадан сокку урулган учур. Сирия. 2021-жылдын 21-марты.
Баб ал-Хава чек ара бекетине жакын жерде абадан сокку урулган учур. Сирия. 2021-жылдын 21-марты.


Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдө саясий реформаларды жүргүзүүнү талап кылган элдик толкундоолор менен ыңкылаптар кулач жайып жаткан маалда, 2011-жылы мартта Сирияда башталган толкундоолорго эриш-аркак коштолгон зордук-зомбулуктун көпчүлүгү үчүн Сириянын президенти Башар Асад жана анын Орусия да кирген колдоочулары жоопкер катары айыпталып келишет.

Блинкендин айтымында, Сириянын эли «Асад режими менен Орусиянын аба соккулары, мажбурлап жоголуп кетүүлөр, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мыкаачылыгы жана химиялык курал-жарак чабуулдары сыяктуу учурлар да камтылган мыкаачылыктарга кириптер болду».

Асаддын режиминин замбиректен аткылоосунан улам набыт кеткен карапайым кишилердин жаназасы окулууда. Атареб кыштагы, Халеб (Алеппо) вилайети, Сирия. 2021-жылдын 21-марты.
Асаддын режиминин замбиректен аткылоосунан улам набыт кеткен карапайым кишилердин жаназасы окулууда. Атареб кыштагы, Халеб (Алеппо) вилайети, Сирия. 2021-жылдын 21-марты.


Айтмакчы, исламчы жоочулардын үгүтүнө ишенип, Борбордук Азиядан да бир нече жүздөгөн кишилер Сирияга жана ага коңшу Иракка келип, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ар кыл топторуна кошулушкан. Айрымдары бул жакка өз үй-бүлө мүчөлөрү менен жөнөгөн.

Тасма. Сирияга кеткен жакындарын күтүп күдөрү үзүлгөн киши.

16-мартта Кыргызстан бийлиги «Мээрим» деп аталган гуманитардык долбоордун алкагында 79 баланы Ирактан алып келди. 18 жашка чыга элек бул балдар-кыздар өкмөттүн атайын даярдалган реабилитациялык борборуна жайгаштырылды.

Бирок алардын ата-энелери Ирактагы качкындар жайларында кала берүүдө. Айрымдар Иракта “Ислам мамлекети” террордук уюмунун очоктору ойрон кылынган соң, абактарда же лагерлерде кармалууда.

Сириянын түндүк-чыгышындагы “Ал-Хол” качкындар лагеринде да кыргызстандыктар бар экендиги маалымдалууда. (TT)

XS
SM
MD
LG