Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:59

Бата кылганы үчүн абакка кесилген төрага


Токтоналы Данияров тууралуу топтолгон архив документтер.
Токтоналы Данияров тууралуу топтолгон архив документтер.

Токтоналы Данияров 1936-жылы "эл душманы" аталып, бата кылганы үчүн партиядан чыгарылып, беш жылга камалган. Жогорку жактарга улам-улам жазган арыздары бийликтегилерге жетип, бир жарым жылдан кийин абактан үйүнө кайтып тиричилик кылып жүргөн чагында согуш чыгып, канмайданга аттанган. 1943-жылы Украинанын Донецк облусунун Мариновка кыштагында курман болгон.

"Эт жегени чын"

Токтоналы Данияров азыркы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кайырма айылында төрөлгөн. Анын чоң атасы Үркүнбай колунда бар бай кишилерден болгону, куш таптап мүнүшкөрчүлүк кылганын урпактары эскеришет. Маалыматка караганда, ал куш салып тоодо жүргөндө кар көчкүдө калып Кара-Кечеде каза тапкан. Ошол Кайырмада 1904-жылы, башка бир маалыматта 1905-жылы Токтоналы Данияров төрөлгөн.

Колхоз башкармасы, айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген Токтоналы өз колу менен толтурган өмүр баянында 11 жыл малай болуп жүргөнүн жазган. Совет бийлиги алыскы тоо арасына жайыла баштаган чакта билим алып, айылдык комсомол ячейкасынын башчысы, чарбалык иштерге тартылып, 1931-жылы ВКП (б) партия мүчөлүгүнө кандидаттыкка өткөн. Комсомолдук жумуштан Кайырмада уюшулган колхоз башкармасына көтөрүлүп, кийин айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген.

Ага "бай-манаптык салтты карманган", "совет бийлигинин душмандары менен бир дасторкондо отуруп эт жеген, бата кылган" деген айып коюлуп, большевиктер партиясынын катарынан чыгарылган.

Окуянын чоо-жайын Токтоналы Данияров өзү 1936-жылы 20-августта облустук партия комитетинин катчылары Белоцкий менен Жээнбаевге жазган “арызында” жөнөкөй тилде баяндап берген:

“Мен партияга кандидат болуп 1931-жыл 21-мартта кирип, 1936-жылга чейин келгем. 1936-жыл мал каттоодо Кайырма селсебетинин төрагасы болуп турганда төмөндөгү убак менен партия катарынан чыгарылгамын.

1. Январь мал каттоодо Ленин колхозунун мүчөсү Баялы уулу бир козу союп, малды бар деп каттатты дегенге...

2. Аялы өлгөндө 2 кой бир тай торпок сойду дегенге... Аны Жамандардыкына катып койду дегенге убакты менен төмөнкү далилдерди көргөзөм.

1. Жок малды “бар” деп козу союп каттатты деген Баялыныкына барсам Жамандар Садырбаев, Өмүр Калыков, Мады Кыдырмаев, Тургуналы Жаналиевдер олтурушкан экен. Барып азда туруп кетейин десем, “тамак ичип кеткин” дегенден олтуруп калгам. Эт алып келди. Бул эмне эт? – десем, Баялы уулу айтты: “Эки балама “кызылча” чыкты эле, ошого бир козу сойдум” деди. Этин жеп кетип калдым. Ошол жеген этти “бата тилеп сойгон” деп партиядан чыккан Тынай Чыналиев деген тууган, дос, тамыр-сөөк жана жандын тилин ала турган арак ичкендерге, арыз бердирип партиядан чыгарылдым. Чыналы уулунун кусаматы менен, Чыналы уулу 33-жылы бир көк бээ, 1400 койду Кочкор районундагы райкомдун нускоочусу бата алганын айтып карматкамын. Ошол кезде сот менен сүйлөшүп 1000 сомду сотко берип, көк бээни Чыналиев алганын кармап, токтуну Бөлөкбаевдин колуна берген. Азыр күндө ал бээ ээси менен.

Аялым өлгөндө аялымдын жагы Үмөтчерикбаян деген өзүнүн бир эчкисин союп көз көргөндөр менен келгендерге берген. Үйүмө бир торпок сойдурган эмесмин. Бул жалган. Бул да Чыналиевдин кусаматы деп билемин. “Мени менен арак ичкен” деп калп айтат. Тергөөчү Акматов менен кезигип алып дагы сурак кылдырып атат мени. Мени “ичип койду, жеп койду” деген колхоз жактан киши жок. Башка уюмдарга да кайрылышкан эмес. Райкомдун бюросунда гана партиядан чыктым. Өзүм мурда 11 жыл малай болуп келгенимди, менин ошол убактымды эскерип көрүп партияда калтырууңарды сураймын”.

Токтоналы Данияров жазган түшүнүк каттын бири. 1936-жыл.
Токтоналы Данияров жазган түшүнүк каттын бири. 1936-жыл.

Негедир “бата тилөө” ишине катышкандардын маселесин карап жатканда жергиликтүү партия жетекчилери “көк бээ менен кой”, сотко берилген 1000 сомду кеп кылышкан эмес. Арыз ээси акыйкатка жетип каламбы деп үмүт кылган партия жетекчилеринин бири Хасан Жиенбаев - Асанкан Жээнбаев эки жылдан кийин өзү да сталиндик репрессияга кабылып, 1938-жылы атылып кеткен.

"Азаттык" Жээнбаевдин кайгылуу тагдыр жолун, тарткан азаптарын эскерген, ал тууралуу кененирээк караңыз:

Токтоналы Данияров “эт жегени” үчүн эле эмес, дасторкондо совет бийлигинин “душмандары”, “бай-манаптык элементтер” менен чогуу отурганы, большевиктердин кылтагына илинген алдым-жуттумдарга, алдамчы-шылуундарга каршы чыкпай насиптеш болгону үчүн айыпталган, дасторкон үстүндө мал каттоону кантип үзгүлтүккө учуратуунун амал-аргасын издешкен деп күнөөлөнгөн.

Бийлик ээлеринин ырасташынча, ал жерде жаңы заманды жактырбаган кулактар, үзсөм-жулсам деген алдамчылар толуп алышкан, Данияров аларга каршы аёосуз күрөш ачып, жат элементтерден айыл жерин ыкчам тазалоого активдүү киришкен эмес. Чакан айылда төрт кулак, эки кылмышкер жаңы бийликке каршы иштегени ырасталган. Саясий кыраакылыктан таптакыр куржалак калган айылдык кенештин төрагасы алар менен бир дасторкондо олтуруп эт жеп, бата кылып бир үйдө чогуу отурган. Жазалоо жалгыз Токтоналы Данияровго гана багытталбай, кулактар, совет бийлигинин душмандарын жаап-жашыргандыгы үчүн Жамандар Садырбаев да кылмыш жоопкерчилигине тартылган, партиядан чыгарылган.

Ошентип, Жумгал райондук партия комитетинин бюросу Т.Данияровдун аялы каза болгондо кой союп диний ырым-жырым жасаганын айыптуу иш деп эсептеген. Райондук прокурор Карабашевге партиядан чыгарылган Данияровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу милдети жүктөлгөн. Райондук партия комитети Т.Данияров менен бирге Садырбаев Жамандар, Турсунбаев Кулмамбет, Ысмендиев Алымбекти ВКП(б) катарынан чыгарган.

Партиялык жаза

1936-жылы 17-октябрда республикалык партколлегия мүчөлүктөн чыгарылган төртөөнүн маселесин кароо үчүн “партиялык үчилтикти” чакыруу тууралуу Жумгал райондук партия комитетинин биринчи катчысы Токтосун Достаевге жашыруун кат жөнөтүшкөн. 1936-жылдын 15-ноябрында Кыргызстан Компартиясынын партиялык көзөмөлдүн тергөөчүсү Горин Токтоналы Данияровдун Жумгал райкомунун аны партиядан чыгаруу чечими боюнча аппеляциялык арызы канааттандырылбаганын, антишке арыз ээсинин кулактар, саясый жарамсыз элементтер менен бирге батага катышып, өкмөттүк маанилүү иш-чара - мал санакты үзгүлтүккө учуратышы негиз болгонун билдирген.

Айылдык кеңеш төрагасынын түшүндүрмөлөрү, жазган арыздары жоопсуз калган. Ошондой документтердин бирин келтире кетели. 1936-жылы 27-январда Жумгалда партжыйын өткөн.

“Жумгал райкомунун заседаниесинин № 4-протоколунан көчүрмө.

27-январь, 1936-жыл

Угулду: Партиянын кандидаттары Т.Данияровду жана Ж.Садырбаевди Ленин колхозунда бата кылууну уюштуруп, мал санакты үзгүлтүккө учураткандыктары жөнүндө.

Достаев менен Осмоналиевдердин билдирүүсү

1. Данияров Токтоналы 1931-жылдын 21-мартынан бери партиянын кандидаты, социалдык абалы – кызматкер, улуту – кыргыз, Кайырма айылдык советтин төрагасы.

Күнөөсү: 1. Данияров Токтоналы 3-январь, 1936-жылы Жаналиев Турдуналы жана Баялиев Ниязалы (Ниязалиевдин үйүндө) партиядан экөө тең чыгарылгандар, кылмышкер-жазалануучулар жана Жантелиев Аскар – кулактын баласы (улуу мал санакчы), Кыдырмаев Мады болуп бата кылуу салтын жасашкан. Бата кылуунун максаты – мал санакты үстүртөн жүргүзүү болуп саналган, колхоз малын ичип-жеп жоготкондордун кылмыштарын жаап-жашырууну көздөшкөн. Бата кылуу социалдык абалга туура келбеген элемент.

2. Данияров Т. – айылдык советтин төрагасы жана Ленин колхозунун мүчөсү болуп туруп колхозду кулактардан тазалоого чара көргөн эмес. Аныктыгында колхозду талап-тоногондорду жаап-жашырып (колхоздо 4 кулак, 2 жазалануучу кылмышкер болгон), Садырбаев да колхоздун мүчөсү болуп туруп Данияров экөө кулактарды жашырып келишкен. Ошонун негизинде кайра экинчи жолу мал каттоо жүргүзүлгөндө 63 малдын башы жалпы санга жетпей калган. Бул негизинен малдын башынын азайышы жулик “активистерден” жана бата уюштурган терс элементтерден болгон.

3. Данияров Т. аялы өлгөндө мал союп диний “куран” окуп бата кылган. Данияров менен Садырбаев, Т.Жаналиев 1932-жылдын 7-августундагы декрет боюнча партиядан чыгарылып, кылмыш жазага кириптер болгонун билип туруп Жаналиевди кызматтан алуунун (башкармалыктан) ордуна акыркы күнгө чейин аны коргоп келишкен. Ушуну менен Жаналиевге колхозду чачыратууга шарт түзүп, бай-манаптык бата кылууну уюштурушкан.

Райкомдун уюштуруу бюросу (РК ВКП (б))

Токтом кылат

1. Мал санакка каршы бата уюштуруп, ирип-чириген кулак элементтери менен байланышып аларды жаап-жашыргандыгы, диний салтты уюштургандыгы (аялы өлгөндө) жана партияны алдагандыгы үчүн Данияров Токтоналы партиянын катарынан чыгарылсын (ВКП(б)). Айылдык советтин төрагалык кызматынан алынсын.

Кылмыш-жазага тартуу Карабашевге тапшырылсын (Карабашев райондун прокурору – Ред.).

2. Кандидаттык топтун Данияровго жана Садырбаевге берилген жыйналышынын чечими жокко чыгарылсын (“эскертилсин” деген чечими – Ред.).

Иш башкаруучу көчүрмөнүн тууралыгы үчүн кол коёт. Умурзакова”.

Т.Данияров өзгөчө ишеним арткан большевиктер партиясынын катарынан чыгып калышына макул болбой, бир топ жерлерге арыз менен кайрылган. Алардын баарынан бирдей, окшош жоопторду алган. Опол тоо айыпты бир үйдө чогуу отуруп эт жеген “төрт адамга” бирдей койгон ошол кездеги Жумгал райкомунун биринчи катчысы Токтосун Достаевдин өзү да бул окуядан бир жыл өтүп-өтпөй куугунтукка кабылган. Анын кайгылуу тагдыры “Азаттыктын” “Куугунтук курмандыктары” берүүсүндө 2018-жылы 23-декабрда баяндалган.

Иши кылып, Т.Данияров “бай-манаптык адат” деп эсептелген батага катышып, эт жеп калгандыгы үчүн партия катарынан чыгарылган. Анын үстөкө-босток каттарынын пайдасы тийип, Бишкектен анча алыс эмес Молдовановка айылындагы түрмөдө бир жарым жыл жаткандан кийин бошотулуп, айылына кайтып келген.

Айылында кара жумуштарды жасап, колхоздо чарба башчысы, бригадир болуп иштеген. Элеттеги тынч турмуш деле көпкө созулбай 1941-жылы жайында дүйнөлүк экинчи согуштун өртү совет жерин каптаган. Т.Данияров согуш башталгандан көп өтпөй аскерге чакырылып, Беларус фронтунун 24-гвардиялык аткычтар дивизиясында кызмат өтөгөн. 1943-жылы 2-августта Украинанын Донецк облусунун Мариновка кыштагында кан майданда курман болгон.

Бир топ жыл дайынсыз жоголгон чоң атасын Акималы Чекиров издеп, СССР Коргоо министрлигинин башкы аскердик архивинен Донецк аймагындагы Мариновка кыштагында курман болгонун, сөөгү ошол жердеги боордоштор мүрзөсүндө коюлганын аныктаган. Акималы Чекировго чоң атасы менен кан майданда бирге болгон Б.Эшимбеков жазган катына момундай жооп берген. Анын каты кандай жазылса ошол мазмунда түшүндүрмө менен бердик.

“Саламатсызбы, Акималы балам.

Акималы, Токтоналынын кабарын сураптырсыз. Токтоналы экөөбүздүн часыбыз (часть - аскер бөлүк ред.) эки бөлөк болчубуз. Бирок бир эл болуп мага келе калчы. Өзү ооруп жүргөн, жакшы болуп калганда Сталинграддын согушуна алып кеткен, жолдошуң келбей калды согуштан дешти. Ошентип бирибизди бирибиз көрүшпөй калдык, бири-бирибиздин бөлүктү билишбей калыппыз. Мен ичимен абаратсия (операция ред.) болуп үйгө кетирген, анан мен кайра барбай калып өз дакиментим (документ ред.) жок калган. Анан белетим (билет)дагы жок калып, мен согушка барбагандай болуп бетеринарлыкка (ветеринар ред.)да илинбей калгам. Документ жок болгондон кийин часымды (часть - аскер бөлүк ред.)да билбейм, бирок Сталинграддын согушунда гана болгонбуз. Катыңа жооп жазбай койсок болбос, балам.”

Совет бийлигине берилип кызмат кылган, жаңы замандын таттуусуна караганда ачуусун көбүрөөк тарткан тарыхый улуу инсандын өмүр таржымалынын бир бүркүмү ушундай. Акималы Чекировдун чоң атасынын сүрөтүн Кыргызстандагы архивдерден издеп табуу аракети да майнапсыз аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG