Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:56

БШК Лукашенко «ишенимдүү жеңгенин» жарыялады

Милиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн суу бүркүп, желим ок менен атып, жаш агызган газ, кулак тундурган граната колдонду.
Милиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн суу бүркүп, желим ок менен атып, жаш агызган газ, кулак тундурган граната колдонду.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембидеги президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап, анда Александр Лукашенко ишенимдүү жеңгенин жарыялады.

Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айтып, аны таануудан баш тартты.

Минск шаарында 10-августка караган түнү миңдеген адамдар бийликти айыптап калайман каршылык акциясына чыкты жана ал тоз-тополоң менен коштолду.

Демонстранттар менен милициянын кагылышында ондогон адам жабыркады. Укук коргоочулардун эсебинде, бери дегенде бир киши мерт болду.

БШКнын башчысы Лидия Ермошина шайлоого катышкандар көп болгонун, шайлоочулардын 84,5% добуш бергенин билдирди. Ал 10-августта баштапкы жыйынтыкты жарыялап жатып, азыркы президент Александр Лукашенко ишенимдүү жеңгенин айтты:

«Александр Лукашенкону 4 652 423 адам колдоду. Башкача айтканда, ал 80,23% добуш топтоду. Светлана Тихановскаяга 574 312 адам добуш берди, тактап айтканда, дээрлик 10% жакын добуш алды. Бул - шайлоонун баштапкы жыйынтыгы. Добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы боюнча БШКнын жыйынына карата дагы такталат. Бирок мен олуттуу өзгөрүү болот деп ойлобойм».

Беларустагы президенттик шайлоонун сүртүмдөрү

Көпчүлүк эксперттер жана байкоочулар Беларуста шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй активдүү өтүп жатканын белгилешүүдө. Латвия, Литва, Орусия, Украина өлкөлөрүндө беларус жарандары үчүн ачылган шайлоо бекеттеринде добуш берүү үчүн келгендердин узун кезеги пайда болду.
1/17 Көпчүлүк эксперттер жана байкоочулар Беларуста шайлоо буга чейин болуп көрбөгөндөй активдүү өтүп жатканын белгилешүүдө. Латвия, Литва, Орусия, Украина өлкөлөрүндө беларус жарандары үчүн ачылган шайлоо бекеттеринде добуш берүү үчүн келгендердин узун кезеги пайда болду.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссия азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.
2/17 Беларустун Борбордук шайлоо комиссия азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Шайлоо бекеттери саат 9да ачылганда эле узун кезек пайда болду.
3/17 Шайлоо бекеттери саат 9да ачылганда эле узун кезек пайда болду.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Бул жолу беларус эли шайлоого жигердүү катышууда. Добуш берүүгө үй-бүлөсү менен келгендер абдан көп.
4/17 Бул жолу беларус эли шайлоого жигердүү катышууда. Добуш берүүгө үй-бүлөсү менен келгендер абдан көп.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Шайлоо пандемия шартында өтүүдө.
5/17 Шайлоо пандемия шартында өтүүдө.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Москва, Киев шаарларындагы Беларус элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр мүнөт сайын көбөйүүдө. 
6/17 Москва, Киев шаарларындагы Беларус элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр мүнөт сайын көбөйүүдө. 
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Президенттикке талапкерлердин бири Светлана Тихоновская.
7/17 Президенттикке талапкерлердин бири Светлана Тихоновская.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
8/17
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Добуш берүү үчүн келген адам.
9/17 Добуш берүү үчүн келген адам.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Эгерде кечинде өтө көп добуш берүүчү келсе, шайлоо бекеттеринде өткөрмө режими киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина билдирди.
10/17 Эгерде кечинде өтө көп добуш берүүчү келсе, шайлоо бекеттеринде өткөрмө режими киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Лидия Ермошина билдирди.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттер менен маектешти. «Мыйзамды бузуп эч ким эч кандай репрессия кылган жок жана кылбайт. Мыйзамды сактагыла. Мыйзам, бир гана мыйзам!» деп айтканын БелТА агенттиги жазды.
11/17 Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттер менен маектешти. «Мыйзамды бузуп эч ким эч кандай репрессия кылган жок жана кылбайт. Мыйзамды сактагыла. Мыйзам, бир гана мыйзам!» деп айтканын БелТА агенттиги жазды.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
12/17
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
13/17
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Москва, Киев шаарларындагы Беларус элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр мүнөт сайын көбөйүүдө. 
14/17 Москва, Киев шаарларындагы Беларус элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезек күткөндөр мүнөт сайын көбөйүүдө. 
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Александр Лукашенко добуш берүүдө.
15/17 Александр Лукашенко добуш берүүдө.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Беларус убактысы боюнча саат 9:00дө (Бишкек убактысы боюнча түшкү 12:00) шайлоо бекеттери ачылып, добуш берүүчүлөр келе баштады. 
16/17 Беларус убактысы боюнча саат 9:00дө (Бишкек убактысы боюнча түшкү 12:00) шайлоо бекеттери ачылып, добуш берүүчүлөр келе баштады. 
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы төрт күндүк алдын ала шайлоого шайлоочулардын 32,24% пайызы катышканын жарыялады.
17/17 Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы төрт күндүк алдын ала шайлоого шайлоочулардын 32,24% пайызы катышканын жарыялады.
Бүгүн Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат.
Артка
Алдыга

БШКнын маалыматына караганда, калган үч талапкердин ар бири бир пайыздан ашыгырак добуш топтоду. Шайлоочулардын 6% баарына каршы добуш берди.

Оппозиция добуштарды өз алдынча санаган. «Добуш» интернет-платформасындагы санакта Тихановскаяны шайлоочулардын дээрлик 80% ашыгы колдогон. Оппозициячыл талапкердин штабы добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартты.

Жекшембиде мамлекеттик экзит-полдун жыйынтыгы Лукашенко жеңгенин көрсөткөндөн кийин Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адамдар көчөгө чыккан. Алар бийликти «добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалады» деп айтыпташкан. Милиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн суу бүркүп, желим ок менен атып, жаш агызган газ, кулак тундурган граната колдонду.

«Весна» укук коргоо уюму тоз-тополоңдо бери дегенде бир адам мерт болгонун, 200дөн көп киши камалганын маалымдады. ИИМ адам өлүмү тууралуу фактыны бышыктай элек. Күч органдары 10-августка караган түндөгү окуяларга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Кытайдын лидери Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин Лукашенкону жеңиши менен куттукташты.

Тихановская менен Лукашенконун добуш бериши
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Беларуста соңку шайлоо мурдагылардан кескин айырмаланып, оппозициялык маанай күч алган, жапырт нааразылык акциялары көбөйгөн кезде өттү. Андан сырткары азыркы президент Александр Лукашенкого атаандаш талапкерлер чыкты. Шайлоо өнөктүгүнүн убагында журналисттер, блогерлер жана саясий активисттер сыяктуу ондогон адамдар камакка алынды.

Белгилүү видеоблогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган жана мурдагы үй кожойкеси Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланган. Анын штабы менен өткөн айда расмий каттоодон өтпөй калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун штабдары бириккен. Натыйжада шайлоого үч аял - Тихановская, Бабариконун шайлоо штабынын координатору Мария Колесникова жана Цепкалонун аялы - Вероника Цепкало чогуу бир команда болуп аттанган.

Оппозициячыл талапкердин шайлоочулар менен жолугушууларына миңдеген адамдар катышкан. Добуш берүүгө саналуу күндөр калганда мындай жолугушуулар үзгүлтүккө учураган жана Тихановскаянын штабы буга байланыштуу бийликти айыптаган.

65 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Ал ушуну менен алтынчы жолу шайланды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG