Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:50

"Белек-бечкектерди кайтарып салган учурлары көп болгон"


"Мурда коньяк, конверт менен белектер келчү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:20 0:00

"Мурда коньяк, конверт менен белектер келчү"

"Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мурдагы айыл чарба министри Александр Костюк болду. Ал маегинде мамлекеттик кызматка ким алып келгенин, концертте коньяк кошуп белек алганын, Бакиевдин бийлигине барбай койгонун, эмне үчүн Убактылуу өкмөткө иштегенин, саясатчылар Аманбаев, Масалиев, Исанов жөнүндө пикирлери тууралуу ой бөлүшөт.

- Александр мырза, орус тилдүү кыргыздар “мен орусча ойлонуп, орус тилинде түш көрөм” деп калышат, кыргызча “түш жооруган” Костюк кайсы тилде ойлонуп, кайсы тилде түш көрөт?

- Эки тилде, кыргызча, орусча...

- 27 жашыңызда Тоң райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуптурсуз, сизди ал жакка ким алып барган?

- Турмуштагы баскан жолум, анан өзүмдөгү анча-мынча сапаттарым алып барса керек. Мен студент кезде эле коомдук турмушка активдүү аралаштым, акыркы курста окуп жатканда Компартиянын катарына өттүм. Курстун жетекчиси, комсомол комитетинин катчысы болуп иштегем. Эмгек жолумду Тоң райондук суу чарба бөлүмүндө катардагы адис болуп баштап, төрт жылдын ичинде башкы инженерликке чейин иштегем. Райондогу суу чарба тармагынын бир нече долбоорлорун өзүм чийүүгө катышып, өзүм ишке ашыргам. Ал кезде советтик системанын жакшы жагы кадрларды даярдоодо, дайындоодо жаштардын арасынан да издешчү. Мени да Компартия көз кырында карап жүрсө керек. Мамлекеттик кызматка келип калышыма ошол кезде партиянын Тоң райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген Бейше Жапаров себепкер болгон. Мен аралашып, аткарып жаткан иштеримди көрсө керек, сүйлөгөн сөздөрүмдү укса керек, таразалап туруп, анан ошол кызматты сунуш кылса керек деп ойлойм. Мен ал кишинин өзүнө көзүнүн тирүүсүндө ыраазычылыгымды айтып калдым, кийин балдарына сыймыктануу менен эскерип айтып келатам.

- Айтылуу мамлекеттик ишмерлер Абсамат Масалиев, Жумгалбек Аманбаев менен Ысык-Көлдө чогуу иштешкен экенсиз, алардын мүнөзү, башкаруу, уюштуруудагы ыкмалары жөнүндө эмне айта аласыз?

- Абсамат Масалиев Компартиянын казанында кайнаган, анын ишине абдан берилген, түз, так иштеген адам эле. Бийликтегилердин схемаларына да аралашпады, шаан-шөкөттү жактырчу эмес, иш боюнча талапты катуу койгон жетекчи эле. Облустагы жетекчилер “көңүл буруп коелу” деп белек-бечкек алып барса, кайра кайтарып берип салган учурлар көп болгон. Ал киши жетекчилерге “почему” деген суроону көп берип, ишти талап кылчу. Кээ бир жетекчилерге “почему” деп он жолу сурап койгондо, айрымдары эсин жоготуп койчу.

- Абсамат Масалиевич схемаларга аралашкан эмес деп айтып жатпайсызбы. Демек, ал кездеги бийликте схемалар болгон экен да...

- Мен андай деп айткым келбейт. Тирүү адам болгондон кийин бирөөгө жагасың, башкаларына жакпайсың, бирөөлөр менен чай ичишесиң, башкалар менен үй-бүлөлүк карым-катыш кыласың дегенди айткым келген.

- Жумгалбек Аманбаев жөнүндө эмне дейсиз?

- Жумгалбек Бексултанович кыргыздын төбөсү көрүнгөн, өтө терең ойлоно билген, республиканын көп аймактарында иштеп, элди-жерди жакшы билген, борбордук бийликте да иштеген чоң адам эле. Кыргызстанды жетектей турган адамдардын бири болчу. Адамгерчилиги бийик, алган адистигин да мыкты билген кесипкөй киши эле.

- Ал кишинин күтүүсүз өлүмүн да саясат, бийлик менен байланыштыргандар бар, сиздин оюңуз кандай?

- Жумгалбек Бексултановичти жакшы көргөндөр, жаман көргөндөр да бар эле. Ал кездеги өлкөнүн жетекчилигине катуу сындарды айтып жүрдү. Бирок, ошол үчүн ал кездеги бийликтен кысым, же башка нерсе болгон деп айта албайм. Кийин парламентке депутат болсом деген ой менен айылга барып калды. Күрөш катуу болду. Атаандаштары тарабынан да катуу, орой мамиле болду, эмоционалдуу кабыл алган учурлары болгон. Ошолорго чыдабады окшойт, анан өзү да жаш эмес, 60тын кырынан ашып калган эле, ден соолук чыдабады окшойт, дүйнө салып кете берди...

- Коррупция бүгүн да актуалдуу. Совет доору менен азыркысистеманы салыштырып айтканда коррупциянын табияты өзгөрдүбү, мурда белектер, “паралар” кандай формада берилчү эле, азыр кандай?

- Илимпоздордун айтымында "коррупция болгон, бар, мындан ары да боло берет". Анын деңгээли кандай, ал коомдун өнүгүшүнө канчалык терс таасирин тийгизет, кеп ошондо. Бүгүнкү күндөгү коррупциянын деңгээли менен совет заманындагы коррупцияны салыштырып болбойт, ал кезде коррупция деген жокко эсе болчу.

- Сиз кызматта турганда белектерди кандай формада алчу элеңиз?

- Тирүү адам болгондон кийин баары болот. Бирөө белекти “коробка” менен, дагы башкасы коньяк менен, кээ бири “отпускеге кетип баратыптырсыз” деп жардамчың аркылуу конверт берип жиберген учурлар болгон. Азыркылардай болуп, “бул иш мынча болот, ал чечим үчүн мынча пайыз болот” деп соодалашуу жок болчу.

- Александр мырза, Акаевдин доорунан бери эле орустарды өкмөткө алып келүү Москвага жагыныш үчун жасалчу деп калышат. Сиз министр болгондо да ошондой кеп болгон, ушундай көрүнүштү байкадыңызбы?

- Жок, мен байкаган жокмун. Мен беш жыл министр болуп иштедим. Эл аралык кызматташтыкта, ошол эле Орусия менен бир топ маселелерди чечүүгө катыштым. Орусия кошуналарыбыз Тажикстан, же Өзбекстанга караганда бизге башкача мамиле кылган деп айта албайм.

- Сизге орус улутундагы министр катары жылуу мамиле кылчу беле, маселе чечүүгө жардамы тийгенби?

- Балким жылуу мамиле кылгандыр. Бирок, көп маселелер өз нугунда эле чечилчү. Орусту министр коюп алып, “чайкоочулук” кылышкан, пайдасын көрүшкөн деп айта албайм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG