Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Нааразылык акцияларын чагылдырган блогер камалды


Адилет Али Мыктыбек.
Адилет Али Мыктыбек.

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек камакка алынды. Ага Фейсбукка жазган билдирүүлөрү үчүн “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлду.

Блогер акыркы айларда кумаркана мыйзамы, көзөмөл-кассалык аппараттына байланыштуу нааразылык акцияларына активдүү катышып, аларды чагылдырып жаткан. Ал тапта Next TV каналынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевге дагы бир кине тагылып, камакта калтыруу бөгөт чарасы бир айга узартылды.

Активдүү блогер кармалды

Адилет Али Мыктыбек 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, адегенде 48 саатка, андан кийин 29-июлга чейин камалды.

Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Мунун алдында Адилет Али Мыктыбек териштирүү иштеринде тергөөчү тыныгуу алган тапта видео кайрылуу жасап, коюлган айыпты четке каккан.

Адилет Али Мыктыбектин убактылуу кармоочу жайдан жазган каты. 1-июль, 2022-жыл.
Адилет Али Мыктыбектин убактылуу кармоочу жайдан жазган каты. 1-июль, 2022-жыл.

“Мага коюлган айыпка макул эмесмин. Болгону бийликке эскертүү катары кайрылууларды жасагам. Мен алардын ишин сындагам жана жеке өздөрүнө тиешелүү эч нерсе айткан эмесмин, шылдың кылган жокмун. Кыргыз Республикасынын эркин жараны катары пикиримди ачык-айкын билдиргенге укугум бар. Мен муну кылмыш эмес деп билем”.

Адилет Али Мыктыбек камакка алынар күнү эле өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда кайра кумарканаларды ачууга каршы нааразылык акциясы өткөн. Пикетте эч кандай чакырык жасабай турганын, акцияга катышкандар жарандык позициясын билдиргени эле келгенин кайталаган.

Ал Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө быйыл 11-апрелде эле сурак бере баштаган. “Массалык башаламандыкка чакыруу” иши боюнча буга чейин милицияда бир нече жолу суракта болуп, күбө катары өтүп жаткан.

Адилет Али Мыктыбек Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы жана акыркы бир нече айдан бери Фейсбуктагы баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз алып берип жаткан.

Анын адвокаты Акмат Алагушев Фейсбукка Адилет Али Мыктыбектин жазган бир нече посттуна лингвистикалык экспертиза жүргүзүп, ошонун негизинде иш ачылганын айтты.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

“Кылмыш иши Фейсбуктагы баракчасына жазган посттору боюнча козголду. Ал жерде бир эле пост эмес бир нече билдирүү бар. Бирок ошонун негизинде иш козгоо негизсиз, логикага сыйбайт. Анткени “Массалык башаламандыкка чакыруу” деген айып коюлуш үчүн адам башаламандык болгон окуяга өзү аралашышы керек”.

Адилет Али Мыктыбек 11-апрелде милицияда сурак берип чыккандан кийин тергөөдө Next TV телеканалы боюнча да суроолор берилгенин билдирген.

Next TV каналына дагы бир айып тагылды

Ал тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Next TV каналынын ишинин алкагында директору Таалайбек Дүйшөмбиевге “улут аралык кастыкты козутуу” боюнча дагы бир айып такканы белгилүү болду. Бул тууралуу анын адвокаты Тимур Султанов кабарлады.

“Тергөө органдары психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүштү. Жыйынтыгында алар экинчи эпизод - дагы бир маалымат боюнча айып тагышты. Таалайбек Дүйшөмбиев да, биз - жактоочу тарап да буга макул эмеспиз. Муну абсурд жана мыйзамсыз деп эсептейбиз”, - деди адвокат.

28-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Таалайбек Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасы дагы узартылып, ал атайын кызматтын өтүнүчү менен 3-августка чейин камакта калтырылган.

УКМК быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы “улут аралык кастыкты козутуу” деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган. Тергөөнүн пикиринде, телеканал Кыргызстан Орусияга Украина менен согушуу үчүн аскердик жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган.

Каналдын ээси, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков муну Next TV көз каранды эмес эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрүн чыгарганы менен байланыштырып келет.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Эгемен, башка көз карашты чагылдырган телеканалды жаап, жок кылууну максат кылып жатат. Next TV каналынын директору беш айдан бери күнөөсү жок, мыйзамсыз, адилетсиз түрмөдө кармалып турат. Дагы бир кылмыш иши ачылды. Журналисттер кайра суракка чакыртылып жатат”.

Медиа коомчулук, бир катар эл аралык уюмдар телеканалга козголгон ишти сөз эркиндигине кысым катары бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев такталбаган маалыматты таратууда этият болуу жана стандарттарды кармануу керектигин билдирген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов ар бир адам пикирин ачык айта аларын, бирок айрым талылуу маселелерде чагымчылдыкка алдырган билдирүүлөрдөн кармануу керек экенин айтууда.

“Чек ара маселеси, саясий кырдаал курч болуп турат. Ошондуктан жеке пикирди саясатка аралыштырбай, улут аралык абалды эске алып этият мамиле кылышыбыз керек. Себеби, өлкөдө аны колдонуп кете турган ар кандай күчтөр болушу мүмкүн. Алар бул абалды өздөрүнүн пайдасына буруп кетүүгө аракет кылат”.

Өнөкөткө айланган иш

Буга чейин да социалдык тармактардагы пикири үчүн суракка чакырылгандар болгон. 21-июнда блогер, жарандык активист Бакмурат Токтогулов социалдык тармактарда бийликти сындаган пикири үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыккан.

Адвокат Акмат Алагушев лингвистикалык экспертиза дайындай калып, социалдык тармактарга жазган посттору үчүн иш козгоо өнөкөткө айланып баратканын сындады.

“Лингвистикалык жана политологиялык экспертизаны Улуттук илимдер академиясынын адистери берип атат. Укук коргоо органдары аларды иш козгоо үчүн кандайдыр бир курал кылып алышты. Алар кылмыш ишин ачканда адистердин чыгарган корутундусуна таянып атышат”.

Быйыл март айында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, партиянын саясий акцияларын чагылдырып, курч пикирлерди айтып, жазып жүргөн Мирлан Ураимов кармалып, кийин эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаты менен бошотулган.

Социалдык тармактарда курч билдирүүлөрдү жазып жүрүп суракка барган блогерлердин катарында журналист Семетей Талас уулу да бар. Бирок ал кайсы иш боюнча суралганын так айткан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG