Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Ракка чалдыккандар дарыга жетпей кыйналды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын дарыканаларында онкологиялык дартка чалдыккандарга айрым дарылар рецепти жок сатылары атайын жыйында айтылды.

"Эргене" коомдук фонду менен "Resours and Policy Exchange" уюму Кыргызстандагы өсмөгө (рак оорусун Кытайдагы кыргыздар ушинтип айтат-ред.) чалдыккан бейтаптардын дары менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүн иликтешкен.

Жыйынтыгында дартка чалдыккандардын 18 пайызы гана өсмөгө каршы дарыларды толук алаары белгилүү болду. Бийлик өкүлдөрү бул көрсөткүч 40 пайыз экенин айтканы менен каражаттын тартыштыгынан улам дарылануудан баш тарткандар жылдан жылга көбөйүүдө.

Жашы отуздан эми өткөн беш балалуу Чолпонай эмчектин залалдуу шишигине чалдыккан. Ал дарыланууда тарткан кыйынчылыгы тууралуу буларга токтолду:

- Операцияга, баскан-турганга, жол киреге, айтор кыбыр эткен кыймылдын баарына акча керек экен. Аябай кыйналдык. Айылдагы үч-төрт уюбузду, кой-эчкини саттык. Ошентип үч курстун бирөөнү гана төлөй албай алдым. Бир курсту толук алганга 75 миң сомдон ашык акча кетет. Азыр менин бир жарым жаштагы кызым да ооруп, аны дарылатайын деп, химия терапиядан баш тарттым. Анткени акчам жок.

Чолпонайга окшоп айыл жериндеги бейтаптар үчүн дарыга жетүү чоң кыйынчылыктар менен коштолот. Айрымдары үй-мүлкүн сатса, кээ бири жөн гана дарылануудан баш тартып жатканын Жалал-Абад облустук борборлоштурулган оорукананын онкология бөлүмүнүн башчысы Иса Маданбеков белгиледи:

Иса Маданбеков.
Иса Маданбеков.

- Онкологиялык оорулар акыркы жылдары аябай эле көбөйүп, анан "жашарып" жатат. Көбүнчө азыр жаштар залалдуу шишикке чалдыгууда. Дарылар жетишсиз. Мамлекеттик кепилдик боюнча бардык дарыларды бейтаптарга бекер беришибиз керек. Бизге берилген бир нече дарыны гана акысыз бергенибиз менен ооруган кишилер химия терапияга өз чөнтөгүнөн акча чыгарат. Ушундан улам дарылануудан баш тарткандар, ар кандай бүбү-бакшыларга баргандар көбөйүп кетти. Анан алар акыркы стадияга жеткенде бизге келишип, дарылоо өтө кыйын болуп калып атат.

Мамлекет тийиштүү чара көрүшү керек

"Эргене" коомдук фонду бул багытта мамлекет жетиштүү иш алып барбай жатканын билдирет. Азыркы тапта өсмөнүн дарыларын Кыргызстандагы бардык дарыканалардан жогорку баада таап, рецепти жок сатып алса болот.

Фонддун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова мамлекеттик органдар мындай чаржайыт акыбалды жөнгө салып, керектүү дарыларды ооруканаларга сатып алышы зарыл деген пикирде:

Таалайгүл Сабырбекова
Таалайгүл Сабырбекова

- Бул мүшкүлгө мамлекет негедир "рак бейтаптары баары бир айыкпайт" деп, кол шилтеп салгандай мамиле кылып жатат. Чындыгында биздин өлкөдө дарылардын баасы ар кандай. Ушундан улам мамлекет эң негизги, сапаты жагынан да жакшы дарыларды өз көзөмөлүнө алып, ооруканаларды камсыз кылып туруу механизмин иштеп чыкса жакшы болмок. Эң башкысы - бизде дары жетишсиз. Дарыканаларда рецепт менен сапаттуу химия терапия дары-дармегин табуу кыйын. Онкологиялык ооруканаларга мамлекет сапаттуу дарыны сатып алып, бейтаптарга берсе жакшы болмок.

Министрликтин баа саясатына алы жетпейт

Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармекти көзөмөлдөө департаментинин жетекчисинин орун басары Нурлан Дүйшөналиев ​ департамент өсмөнүн дарыларынын баасына кийлигише албай, сапатын текшерүү менен гана чектелерин белгиледи:

Нурлан Дүйшөналиев.
Нурлан Дүйшөналиев.

- Биздин департамент, тилекке каршы, дарынын баасына эч кандай таасир эте албайт. Азыр базар экономикасы болгондуктан, ар ким каалаган баасын коёт. Бул эми дарыны ташып келген унаага да көз каранды. Айрым дарылар учак, темир жол же унаа менен келип, жол киреси кошулуп отуруп кымбатка чыгууда. Биз сапатына гана көз салганга укуктуубуз.

Кыргызстанда расмий каттоодо азыр 25 миң өсмө (рак) оорулуу адам бар. Жыл сайын 5 миң киши залалдуу шишик менен каттоого алынып, алардын 3500дөн ашууну бир жылга жетпей каза болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG