Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Кытай Алтайдан суу сурады


Кытайдагы суу каналы. (видеодон алынган кадр)
Кытайдагы суу каналы. (видеодон алынган кадр)

Кытайлык уюмдардын бири орус бийлигине Алтайдан Кытайга суу жеткирүүчү куурдун курулушун колдоону суранып, кайрылуу жөнөттү.

Учурда Орусиянын Алтай аймагында Кытайга таза суу экспорттоо темасы кызуу талкууланып жатат.

- Кытайга? Мунун баарынын эмне кереги бар? Карагайларды кыйып ал жакка жөнөтүп жатышат, эми ташый элек суу калдыбы?

- Менимче бул өлкө үчүн кабыл алынгыс нерсе, өзгөчө биздин аймактан суу алат деген кантип болсун?

- Эми жакшы жагы да бардыр. Аймагыбыздын экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп, жаңы иш орундары пайда болот чыгаар.

Жергиликтүүлөрдүн Кытайга суу жеткирүү боюнча пикирлери ушундай.

Өткөн жылдын күз айында кытай экологдору Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге кайрылган. Алар Алтай крайынан Казакстан аркылуу Кытайга суу жеткире турган куурдун курулушунун долбоорун колдоп берүүнү өтүнүшкөн.

Мындай сунушту “Орусия, Чыгыш Европа, Борбор Азия жана Кытай ортосундагы кызматташуу боюнча Кытай коомчулугу” деп аталган уюм өз сайтына жайгаштырган.

Анда Алтай крайынан Кытайга узундугу 1,5 миң чакырымды түзгөн куурдун курулушу каралган. Сайтта жазылгандай, курулуш 2026-жылы башталып, 2040-жылы аякташы керек.

Долбоорго 80 миллиард доллар сарпталары да эсептелген. Ушуга окшош куур Кытайдын өзүндө да бар. Узундугу 1,5 миң чакырымдык канал Кытайдын түштүгүнөн түндүгүнө суу жеткирет. Анын курулушуна 100 миллиард доллар кете турганын Кытайдын мамлекеттик телеканалдары кабарлашкан.

Кытай суу кризисине кептелгенин байкоочулар белгилеп келет. Буга соңку 25 жылда коңшу мамлекетте 28 миңден ашуун майда дарыялардын жоголушу да себеп болгондой. Эми Жер шарындагы калктын 20 пайызы байырлаган Кытайга планетадагы суу ресурстарынын жети пайызы гана туура келет.

Өндүрүш ишканаларынан жана айыл чарбадан чыккан таштандылардын жер алдындагы сууларды булгап жатканы бул көйгөйдү ого бетер курчутканын адистер белгилешет.

Өкмөттүк иликтөөлөргө ылайык, жер алдындагы суулардын жетимиш пайызы Кытайда көзөмөлгө алынбаган өндүрүштөн жана химиялык жер семирткичтердин ашыкча колдонулушунан улам ичүүгө жарабай калган.

Анткен менен айрым экологдор сөз болуп жаткан долбоор ишке ашса, айлана чөйрөгө эбегейсиз зыян келтире турганын айтышууда.

Алтайлык эколог Алексей Грибков Кытай жалпы эле таза сууга муктаж экенин билгени менен аларга суу берилишине каршы:

- Бул суу - биздин суу. Ал бизге, биздин аймакка керек. Жашоо үчүн, айыл чарба үчүн, эң башкысы табият үчүн керек.

Орусиядагы Обь дарыясы.
Орусиядагы Обь дарыясы.

​Орусиядан Кытайга суу экспорттоо демилгесин алгач Орусиянын мурдагы айыл чарба министри Александр Ткачев көтөрүп чыккан.

2016-жылдын май айында жасаган билдирүүсүндө ал Алтай крайында жаан-чаачындын суулары көп болгондуктан, коңшулар менен бөлүшүү мүмкүн экенин билдирген.

"Ткачев өзү кызматтан кеткени менен кытайлар бул демилгени эстен чыгара электей", - дейт Орусиянын Суу ресурстары боюнча федералдык агенттигинин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Александр Колотов.

- Менимче, орус бийлиги министрдин оозу менен Алтайда жаан-чачын суулары ашыкча экенин жана биз аны коңшулар менен бөлүшүүгө даяр экенибизди айттырып алган. Албетте бекер эмес, акчасына. Биздин аткаминерлер сууну жаңы мунай катары карап жатышкандай, -дейт ал.

Орусияга Кытайга карагай экспорттойт.
Орусияга Кытайга карагай экспорттойт.

Ал эми кытай таануучу Вита Спивактын айтымында, Кытай Сибирь аймагынын ресурстарын түгөтүүгө белсенип жатат деген жоромолдор чындыкка дал келбейт. Ал Орусия Кытайга өз карагайын бир топ жылдан бери ийгиликтүү экспорттоп келе жатканын айтууда:

- Карагай мунай, көмүр жана газ сыяктуу эле экспорттоло турган товарга айланган. Орусия Кытайга карагай экспорттогон мамлекеттердин сап башында турат. 2017-жылы Москва Бээжинге 30 млн. кубометр карагай жеткирген. Кытай Сибирдин табигый ресурстарын түгөтүп жатат деген жоромолдор чындыкка туура келбейт, чындыгында аны аткаминерлер жок кылып жатат, - деди Спивак.

Алтайлыктар бул маселени экологдор менен биргеликте кызуу талкуулап жаткан маалда жергиликтүү бийлик үн каткан жок. “Настоящее Время” каналынын катына бийлик суу түтүгүн куруу жөнүндө эч кандай сунуш түшпөгөнүн билдирген. Амбициясы күч долбоорду сайтына жарыялаган уюм да комментарий берүүдөн баш тартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG