Буга удаа эле Сох анклавын айланып өткөн жол салуу үчүн да 236 гектар жер алмашылган. Өзбекстан президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда чек ара бекеттерин көбөйтүү чечими кабыл алынып, тараптар чек ара маселесине чекит коюлганын жар салды.
Өзбекстандын Фергана облусунан – Чоң-Кара менен Таш-Төбө эксклавдары Кыргызстандын аймагына (Баткен облусуна) өтүп, учурда жергиликтүү элге кыргыз жарандыгын берүү жараяны жүрүп жатат. Бул үчүн эки мамлекеттин кызматкерлери кирген жумушчу топ түзүлгөн.
Кыргызстанга өткөн эки айылда жалпысынан эки жарым миңдей калк жашаса, алардын көпчүлүгү этностук кыргыздар. Чоң-Кара айылынын башчысы Үрүстөм Байназаров буларды билдирди:
“Жарандардын өзүнүн эрки. Кааласа, кыргыз жарандыгын алат, каалабаса, азыркы бойдон калат. Бирок бул жакта баары эле кыргыз паспортун алабыз деп турушат. Анткени баарынын улуту кыргыз. Биз кайсы айыл аймагына кошулушубуз боюнча маалымат бериле элек. Баары бүткөндөн кийин айтышат окшойт”.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, биргелешкен жумушчу комиссия 24-июлда Кадамжай районунда жолугуп, жашоочуларынын жарандыгын аныктоо, аларды көчүрүү, мүлктүк, чарбалык жана башка маселелерди жөнгө салууну сүйлөшкөн. 3-августта жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери уланды.
Кыргыз бийлиги Кыргызстандын аймагындагы эки эксклав айылдар алмашуу жолу менен өткөнүн июнь айында билдирген. Анын ордуна кайсы жерден участок берилгени ачыкталган эмес.
Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев да берилген жерлер боюнча маалымат берген жок:
“Эки айылды алып жатабыз, ордуна жер бердик. Кайсы жерлер берилип жатканын эмне кыласыңар? Ал комиссиянын деңгээлинде чечилет. Калктуу жерден эмес, бош жаткан участокту бергенбиз”.
Бөрүбаевдин айтымында, бул тилкелерди алмашуу өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашууда. Документ Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 2023-жылы Ысык-Көлгө келген учурда кабыл алынган.
“Ынтымак ордо” буга чейин Баткен облусунда эки айылды байланыштырган жол салуу үчүн Өзбекстан менен 236 гектар жерди башма-баш алмашканын билдирген.
“Мындан сырткары Сай айылынан Таян айылын көздөй жол салууга 236 гектар теңме-тең жерлер алмашылды. Кудай буюрса, мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 чакырым жол басып, айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 чакырым жол жүрөбүз”, - деген президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.
Жогоруда айтылгандай, Өзбекстан менен алмашылган жерлердин ордуна Кыргызстан кайсы жерлерди бергени ачыктала элек. Бийлик өкүлдөрү аткарылып жаткан иштердин баары эки өлкөнүн кызыкчылыктарына төп келерин айтып жатат.
Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга өткөн айылдарга кыргыз паспортторун берүү иштери өткөн аптада өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынан соң ишке ашырылууда. Чолпон-Атада өткөн жолугушуу учурунда эки өлкө лидерлери соңку жылдардагы жетишкендик катары чек ара маселелерин толугу менен чечилишин аташкан эле.
Президент Садыр Жапаров жолугушуудан кийин буларга токтолгон:
“Чек арадагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Биз чек ара маселелерин толугу менен аяктадык, өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйттүк, эки мамлекеттин жарандарынын бири-биринин аймагында жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узарттык жана Анжиян шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугун уюштуруу маселесин колдойбуз”.
Бул сапардын алкагында Кыргызстандын аймагындагы, буга чейин жаңжалдарга себеп болуп келген Чечме булагын эки тарап чогуу пайдалануу боюнча келишим түзүлгөн.
2025-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Чечме булагы талаштуу болуп келгенин, чек ара такталгандан кийин ал Кыргызстанга өткөнүн айткан.
2022-жылы ноябрда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Фергана облусундагы Сох районуна жакын жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагына байланыштуу орток пикир табылганын билдирген. Ал булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, муну тараптар өзүнчө макулдашарын кошумчалаган.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатканы айтылган.
Жер алмашуулар тууралуу Өзбекстандын медиасы Кыргызстандын расмий билдирүүлөрүнө таянып маалымат таратты. Бул кабар өзбек коомчулугунда да талкууга түшүп, социалдык тармактарда колдогондор да, нааразылыгын билдиргендер да болду.
Шерине