Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 20:30

Акыркы күндөрү соттук териштирүүлөрдөгү доо коюу жана доону өндүрүү аракеттеринин тегерегинде кызуу талкуулар жүрүп жатат.

Кыргызстанда сотто доо коюу адам укуктарынын ченемдерине канчалык туура келет? Айыпка жыгууда тандалмалуулук барбы? Анын өндүрүмдүүлүгү канчалык? Үзүрүн доогер же мамлекет көрүп жатабы? Сот аткаруучулардын ишин жакшыртууга мыйзамдык түзөтүүлөр керекпи?

"Арай көз чарай" талкуусуна Сот департаментинин сот аткаруучулардын ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Султан Сатаркулов жана укук коргоочу Рита Карасартова катышты.

“Азаттык”: Султан мырза, учурда доо өндүрүүнүн абалы кандай? Адамдар, ишкана-мекемелер соттун чечимине баш ийүүсү, аны аткаруу салты калыптанып жатат десек болобу?

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокуратура кызматкерлерине люстрация мыйзамын киргизмейинче сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.

Султан Сатаркулов: Бүгүнкү күндө республика боюнча 203 сот аткаруучу иштеп жатат. 2017-жылы соттун чечими менен 106 352 соттук аткаруу барагы келип түшкөн. Алардын ичинен 41 миңден ашыгы алимент өндүрүүгө тиешелүү болсо, калган категориядагылар 65 миңден ашат.

Жалпысынан ар бир сот аткаруучуга бир айда 543 сот аткаруу барагы келип түшкөн. Демек биздин кызматкерлерге өтө оор жоопкерчилик жүктөлүүдө. Мисалы, 2017-жылы сот аткаруучулар тарабынан өндүрүлө турган жалпы суммасы 4 миллиард сомдон ашык доо келип түшкөн. 27 миң аткаруу барагы кайра доогерлерге кайтарылган. Кайсы учурларда кайтарылат? Айталы, доогердин арызы боюнча карызкордун мүлкү жок болсо, ж.б. жагдайлар келип чыкса...

“Азаттык”: Рита айым, соттук доо дегенде 2017-жылы бир нече журналистке, маалымат каражаттарына коюлган айыптардын суммасы 30 миллион сомдон ашканы көп талкууну, тынчсызданууну жаратууда. Сот аткаруучулар доону доолап жүрөт, айыпкерлер болсо ал сумманы төлөй албай турганын айтышууда. Бул жерде маселенин кийинки укуктук жолу кайда алып барат, кантип чечилиш керек деп ойлойсуз?

Рита Карасартова: Мен бул маселе боюнча ар бир соттук териштирүүдө болдум. Бул сот процесси саясий куугунтук десем жаңылышпайм. Соттун жүрүшүндө көп жагдайлар эске алынган жок. "Моралдык чыгым эмне себептен 5 миллион сом болуш керек?" деген суроолорго жооп табышкан жок. Соттор чечимдерди өтө эле ыкчам, тез чыгарганы да өзүнчө суроо жаратат.

Сот аткаруучуларга келсек да тынчсыздана турган маселелер бар. Мисалы, бир эже үйү бузулганы үчүн акчасын өндүрө албай алты-жети жылдан бери жүрөт, сот аткаруучулар милицияга берсе “издеп жатабыз” деп сооротуп келатат. Тапкысы келбеген жарандар ошентип жылдап издөөдө жүрө беришет. Ал эми саясий кызыкчылык болсо саясатчыларга, журналисттерге, укук коргоочуларга тиешелүү иштер болсо сот аткаруучулар катуу туруп жатышат.

Журналисттер “мейли, төлөп берели, айлык акымдын бир бөлүгүнөн берип турайын” дешсе, сот аткаруучулар “жок, азыр төлөйсүз” деп талап кылышууда. "Кээ бир кишилерге соттор жыйырма жыл ичинде төлөй турган кылып чечим чыгарып жатышат. Андай чечим журналисттерге эмне үчүн колдонулбайт?" деген суроолор жаралууда.

Мындан ары “соттун чечимин аткарбай, айыпты төлөбөй жатасың” деп кылмыш ишин козгошу мүмкүн. Бул - укук коргоочуларды, журналисттерди кадимкидей эле коркутуу. Дал ушул көрүнүштөрдөн улам “эркин" деген Кыргызстандын аброю эл аралык деңгээлде канча эсе түшүп кетти. Көрсө, бул көрсөткүч биздин өлкөнүн инвестициялык абалына да өзүнүн тескери таасирин тийгизет экен.

Султан Сатаркулов: Биз, сот аткаруучулар, соттордун ишине кийлигише албайбыз. Бизде “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзам былтыр кабыл алынган. Башка мыйзамдарда доо өндүрүү боюнча бир топ жеңилдиктер каралган. Мисалы, "карызкор 50 миң сом төлөшү керек" деп чечим чыккан дейли. Аны 4-5 айга бөлүп төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Сот аткаруучулар мыйзамдын чегинде гана иштешет. Сот кандай чечим жазса, ошондой гана аткарат. Аткарбаса алар да жоопкерчиликке тартылат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Соттордун "тандама" таразасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:39 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG