Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Оштогу дарыгерлердин "бизнеси"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баякүнү адеп көзүм кычыша баштады. Алгач "бирдеме кирип кеткен окшойт" деп маани бербедим. Көзүмдү кызарта ушалап эки күн жүрдүм.

Өйкөп ооруп, басылбай койду. Айлам кеткенде, Ош шаардык ооруканасына көз догдурга бардым. Жаш дарыгер экен. Аппараты менен көрүп эле:

"Азыр элде көз оору пайда болду. Бири-бирине тез жугат. Сиз да дарылабасаңыз, бүт үй-бүлөңүзгө жуктурасыз. Тез арада дарылаш керек”, - деп катуу эскертти.

Анан столуна отуруп, кадимки союздун ыкмасына салып, барактын астына сыя кагазды төшөдү да, дарылардын узун тизмесин жаза баштады. Жарымынан өтүп калганда чыдабай кетип:

"Ушунча көп дары аламбы?" - деп сурадым.

"Ооба, бул оору тамаша эмес", - деген дарыгер тизмени андан ары улантып жазды. Ошентип бир баракка толгон дарынын тизмесин колума карматты.

Сыя кагаздын астындагы тизменин көчүрмөсүн өзүнө алып калды да, дароо бүктөп төш чөнтөгүнө салды. Жакшы кабыл алганына ыраазы болдум. Андан сырткары дарыгерлердин айлыгы аз экенин эске алып, колуна 100 сом бердим.

Унчукпай алды. Мен дарыгердин бөлмөсүнөн чыгып эле оорукананын тегерегин курчаган дарыканалардын бирине баш бактым. Ал жерде иштеген сатуучу кыздан тизмедеги дарылардын баасын санап беришин өтүндүм.

Анткени бир баракты толтурган дарынын баасы итапкан акча болорун алдын ала сезип тургам. Сатуучу кыз мен берген кагаздагы дарылардын баасын эсептегендин ордуна дароо эле текчесинин ар жеринен терип алып, желим баштыкка сала баштады. Эсептеп көрсө 675 сом болду.

- Бул дарылардын арзаныраак түрү жокпу? – деп сурадым.

- Жок. Дарыгер жазып берген гана дарыларды алышыңыз керек, – деди мостоюп.

- Менин буга тыйыным жетпейт экен, кечиресиз, - деп чыгып кеттим. Сатуучу кыз баштык толо дарыны кармаган бойдон калды. Мени сараң экен деп жаман көрүп калган чыгаар.

Чынында менин чөнтөгүмдө жанагы дарыгерге берген 100 сомдон сырткары 300 сом гана калган. Андан чыгып, дагы бир дарыканага бардым. Сатуучу орто жаштагы эже экен. Ага да баягы кагазды берип, дарылардын баасын санап берүүнү сурандым.

Сатуучу эже кагаздагы дарылардын тизмесин сөөмөйү менен бир кыдырып чыккан соң калькуляторун баскыласа, 660 сом болуп чыкты.

"Эже, көздүн кычышып, өйкөп ооруганын шарт эле айыктыра турган арзаны барбы?" деп сурадым.

Эже текчесинде тизилген дарылардын арасынан кичинекей кутуну алып, мага карматты.

- 35 сом. Эки саатта бир эки тамчыдан бир апта куюп турасың, - деди.

- Айыктырабы анан? - дедим анча ишене бербей.

- Айыктырат, – деп эженин үнү ишенимдүү чыкты.

35 сомдук дарыны бир күндө эки жолу көзүмө тамызып жаттым. Эки күндөн бери жүдөтүп аткан оору дароо жок болду. Көзүмдүн кычышканы тып басылды.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошол окуядан кийин мага дары жазып берген жаш дарыгердин аракетине абдан иренжип жүрдүм. "Бат эле айыга турган ооруга баштык толо дарыны эмнеге жазды?" деп ойлонуп жүргөн кезде жаш ишкер менен таанышып калдым.

Көрсө ал дары сатуучу фирманын кожоюну экен. Сөз болуп отуруп, ал жеке клиникалардын дарыгерлери көп акча табарын сөз кылып калды.

"Мисалы, Ошто бир жеке клиника бар. Анын дарыгери абдан тажрыйбалуу. Кардары көп. Ар бир бейтапты кабыл алганы үчүн 500 сомдон алат. Анын 200 сомун өзүнө алып калып, 300 сомун клиниканын кожоюнуна берет. Күн сайын 20 адамды кабыл алат. Ошондо бейтаптарды кабыл алганы үчүн эле күнүнө 4 миң сомдон табат. Андан сырткары клиникада дарыланып жаткандарды карайт. Ал кызматы үчүн айына 30 миң сомдой айлык алат. Андан сырткары биздин фирманын гана дарыларын жазып бергени үчүн гонорар төлөп турабыз. Бул кызматы үчүн чөнтөгүнө күн сайын кеминде 6-7 миң сом түшөт.

Мурда дарыгерлер гонорарды аптекадан алышчу. Ошондуктан тигил же бул аптекадан гана дары сатып алууга кеңеш берип, элге жаман көрүнүшчү. Азыр ал система жоголду. Азыр "дарыны каалаган аптекаңдан ала бер" дешет. Себеби, алар биз менен иштешет. Фирма үчүн бейтаптардын дарыны кайсы аптекадан сатып алганы маанилүү эмес. Болгону биздин фирманын дарысы сатылса болду.

Ошондуктан биз азыр дарыгерлер үчүн жакшы системаны ишке салып бердик. Дарыгер бейтапка дайындаган дарылардын тизмесинин көчүрмөсүн бизге алып келип тапшырат. Биз баасын чыгарып, пайызын төлөп беребиз", – дегенде мага эпсиз көп дары жазып берген, тизменин көчүрмөсүн чөнтөгүнө каткан жаш дарыгер көз алдыма тартылды.

Көрсө дарыгер фирмадан акы алууну көздөгөн тура.

Кыскасы, бул аңгеме менен мамлекет дарыгерлерди элге эмес, дары саткан фирмаларга көз каранды кылганын айткым келди. Мамлекет учурда өмүр сакчыларына 5-6 миң сомдон маяна берет.

Ал акча эч нерсеге жетпейт. Айласы кеткен догдурлар акчаны жакшы төлөгөн жеке фирмаларга жипсиз байланып калыптыр. Муну менен мен ак халатчандарды күнөөлөгөндөн алысмын. Анткени аларды алдамчылыкка мамлекет түртүп жатат деп түшүнөм.

Бир кезде дары саткан адам Саламаттык сактоо министрлигинде иштеп, Жогорку Кеңештин депутаты болуп отургандары жалганбы? Андай кадрлар элдин ден соолугун ойлойбу же сатыкта турган дарысын ойлойбу?

Баса, дарыгерлердин алдамчылыгына байланыштуу дагы бир мисалды айта кетейин.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ымаласы жакшырып, чек аралары ачылганына эки жыл болду. Эки жыл мурда Оштогу жеке клиникаларда бейтаптар кезекке турушчу. Азыр бир да жеке клиникада кезек күткөндөр жок. Бейтаптардын көбү Өзбекстанга ооп кеткен дешет. Бул эми башка маселе дечи.

Бирок азыр Оштогу дарыгерлер арасында Өзбекстан менен байланышкан алдамчылыктын башка формасы пайда болгондой. Мисалы, бөйрөгүңүз ооруп бардыңыз дейли, оштук дарыгерлер сизди ошол замат Өзбекстандан дарыланып келүүгө үгүттөшөт.

- Бөйрөктөгү ташты талкалап жок кыла турган жабдуу Ферганада бар. Бирок анын кызмат акысы кымбат. 4,5 миң долларга эч жериңизди кеспей туруп, ташты ичке түтүк менен сууруп чыгат. Андай аппарат Кыргызстанда жок. Кошуна өлкөнүн дарыгерлери менен мен жакшы таанышмын. Сизди өзүм коштоп алып барып, дарылатып келем, – деп ичи-коюнуңузга кирет.

Бул маалыматтарды мага айткан кишилер Өзбекстанга өздөрү эле барып, оштук дарыгер 4,5 миң долларга баалаган операцияны 450 эле долларга жасатып келишкенин айтып беришти.

Кыскасы, кыргызстандык дарыгерлер бейтапты Өзбекстанга алып барып, операциянын баасын он эсе кымбат айтып, орто жолдон акчага иштеп жатканы кадимки көрүнүшкө айлангандай.

Муну мен дарыгерлердин өз өлкөсүнө каршы экономикалык диверсиясы же чыккынчылыгы деп баалар элем. Бирок кайра эле Кыргызстанда дарыгерлердин маянасын, саламаттык сактоо саясатын эске алып, диверсияны дарыгерлер эмес, коммерсант саясатчылар жасап атат деп эсептейм.

Аңдап карасаңыз, дарыгерди аргасыздыкка, акча издөөгө, алдамчылыкка саясатчылар түртүп жатканы даана көрүнөт. Билермандарыбыз мамлекеттүүлүктү, реалдуу экономиканы, саламаттык сактоону, билим берүүнү унутуп, 30 жылдан бери саясий оюндун кызыгынан чыга албай келет.

Ушинтип отуруп ач калган дарыгерлерди мамлекеттин эмес, дары саткан фирманын, башка өлкөнүн жана акчанын кулуна айландырып салганыбыз жалганбы? Балким бул көрүнүштү кан буугандай токтотууга мезгил келгенин сезип тургандырсыз. Антпесек, жетер чекке жеттик го дейм?...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG