Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:08

Спортчулардын уюткусу тууралуу китеп


“От детдома до Олимпийских игр” ("Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин") китебинин автору Темирбек Маматканов.

Окурман журту үчүн басмадан чыккан ар бир жаңы китеп чоң сүйүнүч. Былтыр басмадан чыгып, жакында окурмандардын колуна тийген “От детдома до Олимпийских игр” деген китеп өзүнчө сөзгө арзыйт.

Спорт-интернаттын маанайын эске салган китеп

“От детдома до Олимпийских игр” ("Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин) деген китепти дасыккан журналист Темирбек Маматканов жазган.

Автор өзү бул көлөмдүү эмгегин "спорттук энциклопедия" деп атаган. Китепте республикадагы спортчуларды даярдачу белгилүү борбор - Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын эгемендик жылдарындагы жана мурдагы совет заманындагы басып өткөн жолу ар тараптуу чагылдырылат.

Темирбек Маматкановдун өспүрүм курагы да ушул окуу жайда өткөн. Тактап айтканда, 1970-1974-жылдары Н.К. Крупская атындагы спорттук мектеп-интернатта окуп, жеңил атлетика менен машыккан. Спорттук жатак мектеп ал кездеги Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен мурдагы сегиз жылдык мектеп-интернаттын негизинде 1968-жылы ачылган. Ал жатак мектептин башаты 1930-жылы түзүлгөн жетим балдар үйүнө барып такалат.

Береги спорттук мектеп-интернат 1970-жылы СССР Министрлер советинин токтому менен Спорттук профилдеги республикалык мектеп-интернат болуп кайра түзүлөт. Бул токтомго ылайык, болочок спортчуларды даярдачу берегидей окуу жайлар СССРдин курамындагы бардык 15 республикада ачылган.

Ал эми Олимпиадалык резерв окуу жайынын макамы Спорттук профилдеги мектеп-интернатка 1989-жылы берилип, окуучулар 9-10-класстарга гана алынчу болгон.

“От детдома до Олимпийских игр” китебинин мукабасы.
“От детдома до Олимпийских игр” китебинин мукабасы.

Темирбек Маматканов, жалпылап айтканда, Олимпиадалык резерв окуу жайынын дээрлик 85 жылдык тарыхын камтыган китепти жазуу максатын: “Максат-интернаттын тарыхы жана анда окуган балдар тууралуу айтып берүү болду. Бизде канчалаган сонун улан-кыздар окуганын, кандай сонун мугалимдер жана машыктыруучулар иштегенин тарыхка калтырайын деген ой”, - деп түшүндүрдү.

Мария Кулчунованын “эрдиги” кайталанабы?

Калемгер-журналист окуу жайдын тарыхы, күнүмдүк жашоосу жана окуу жараяны тууралуу анда ар кайсы жылдары таалим-тарбия алган улан-кыздардын, атагы чыккан спортчулардын, аларды окуткан, спортко машыктырган жана тарбиялаган устат-мугалимдердин сөзү менен айтып берет. Жалпысынан 300гө жакын каармандын жергиликтүү жана эл аралык мелдештердеги ийгиликтери, турмуш жолу тууралуу да китептен кенен маалымат аласыз.

Бүгүн спортчулардын республикалык ордосуна айланган окуу жайдын алгачкы тарбиялануучуларынын арасында мурдагы СССРдин бир нече жолку чемпиону, 1988-жылкы Сеулдагы Олимпиаданын жеңүүчүсү, Европанын чемпиону Мария Кулчунова да бар.

Мария Кулчунова.
Мария Кулчунова.

СССР спортунун эмгек сиңирген чебери Мария Кулчунова көптөгөн дүйнөлүк жана эл аралык мелдештерде 400 метрге чуркоодо 20 жолу рекорд койгон. Советтик спортсмен аялдардан биринчи болуп 400 метрди 50 секунддан аз убакытта багындырган. Мындай чоң ийгиликке кийинкилерден эч ким жеткен эмес. Бирок да мурдагы СССРдин деңгээлинде, андан кийин жайкы Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды алган, Азия чемпионатында, дагы башка чоң сыноолордо жеңген тарбиялануучулар бир топ. Алардын катарында балбандар Кенжебек Өмүралиев, Алмазбек Аскаров, Асеин Төрөгелдиев, Табалды уулу Сулейменкул, Кадырбек Дюшембиев, Юрий Мельниченко, Раатбек Санатбаев, Уран Калилов жана башкаларды атасак болот.

Бул окуу жайдын 1972-1992-жылдардагы жана андан кийинки бүтүрүүчүлөрүнүн арасында түркүн тармактардагы белгилүү адистер, илимпоздор, артисттер, журналисттер, ишкерлер, министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары бар. Мунун өзү окуу жайдын жамааты бүтүрүүчүлөр спорт менен катар жакшы билим алышына да чоң маани бергенин күбөлөйт.

Агай-эжейлерге, устаттарга алкыш сөз

Темирбек Маматканов өзүнүн энциклопедиялык эмгегинде мугалимдер, тарбиячылар жана машыктыруучулар жөнүндө да кенен-кесир айтып бергени, окуу жайда бир-эки жыл иштеп кеткен мугалимдер менен машыктыруучуларды да унутпай жазганы өзгөчө урматка татыйт деп ойлойм.

Себеби алардын ар бири: “Кичинекей адамды тарбиялап жатып, биз аны дайыма чоң кишидей көрөбүз жана өзүбүздөн: “Аны Ата журтка тапшырып жатканда бизде уялуу сезими пайда болбойбу” деп сурайбыз. Ошого таалим-тарбия ишинде инсан урматталган, ар бир окуучунун күчүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ишенген атмосфера түзгөнбүз”, -деп, балдар үйүнүн биринчи жетекчиси Ольга Тихоновна Семечкинанын сөзүн башты бийик көтөрүп айта алышат.

Арийне, мындай чоң эмгекти жазуу машакаттуу иш экенин автордун сөзү да ырастайт: “Көп убактым спортчулардын артынан ээрчигенге кетти. Машыктыруучулардан маалымат алган алда канча жеңил болду. Спортчулар деги тартиби жок адамдар болот экен... Артынан кубалап жүрүп эптеп өмүр баянын алсам, сүрөттү анан берем дейт. Сүрөттүн артынан канча убара болдум, китептин материалын ушинтип жүрүп чогултканга эки жыл кетти. Балдар үйүнүн, спорттук мектеп-интернаттын архивдерин каздым. Китеп эки жыл “Учкун” басмаканасында жатып калды. Балдар да каражаттан жардам берип жатты. Бирок акча толук жетпей жатты. Анан менчик басмакана таап, жарым акчасын алдын-ала төлөп, китепти бастырдым. Ал учурда китепти улам түзөтүп өзгөртүп жаттым. Себеби кырдаал өзгөрүп турду".

Ш. Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы.
Ш. Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы.

Т. Маматканов өкүнүч менен белгилегендей, 2014-жылы Олимпиадалык резерв окуу жайында бүгүн гимнастика бөлүмү жабылып калганы суроо жаратат. Себеби совет заманында СССРдин курама командасына кирген, эгемендик жылдары эл аралык ири турнирлерде байгелүү орундарды жеңген гимнасттар бар эмес беле?

Авторго сунуш...

“От детдома до Олимпийских игр” ("Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин) энциклопедиясы 500 гана нускада чыккан. Окуу жайды соңку жарым кылымга жетпеген убакта эле миңдеген улан-кыздар бүткөнүн айтсак, бул албетте аз. Ошого китеп кийин дагы чыгат деген үмүттө айрым сунуштарды айтып, кээ бир маалыматтарды тактап кеткенди оң таптым.

1) Китепте спортчуларды таптап, асырачу республикалык окуу жайга эмне үчүн Шералы Сыдыковдун аты берилгенине автор бир сереп салып койсо жакшы болмок экен. Себеби, “Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин” китебинде көрсөтүлгөндөй, Ш. Сыдыков анын ысымын алып жүргөн окуу жайда окуп же иштеген эмес экен. Болгону эки жылдай Туризм жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикти жетектептир. Ал комитетти жетектеп турган бир жыл ичинде кыргызстандык спортчулар Азия жана дүйнө чемпионатында 11 алтын, 30 күмүш жана коло медаль жеңип, 20 спортсмен Олимпиада оюндарына жолдомо алган экен. Бирок бул спорткомитеттин жалгыз жетекчисинин эмес, жалпы машыктыруучулардын узак жылдык эмгегинин үзүрү. Ошондуктан Шералы Сыдыковдун ысымы Олимпиадалык резерв окуу жайына терең ойлонулбай коюлуп калгандай көрүнөт.

2) Спорттук интернатты 1973-74-окуу жылынан баштап 24 жыл бою Тайлак Камбаралиев жетектеген. Ушул жетекчинин тушунда спорттук мектеп Олимпиадалык резерв окуу жайына айлантылып, спорткомплекс курулган. Окуу жайдын азыркы базасы жана педагогикалык жамааты калыптанган. Ушундай кишинин ысымы окуу жайга берилсе, анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында эч кандай суроо жаралмак эмес.

Тайлак Камбаралиевдин айтымында, Олимпиадалык резерв окуу жайынынын базасын түптөөдө Кыргыз ССРнин Министрлер советинин төрагасы Ахматбек Сүйүмбаев менен Кыргызстан Компартиясынын БКсынын катчысы Кеңеш Кулматов олуттуу көмөк көрсөткөн экен.

3) Тактап кетчү жагдай - спорттук багыттагы жатак мектептин бүтүрүүчүлөрүнө биринчи аттестатты, китепте жазылгандай Тайлак Камбаралиев эмес, анын биринчи директору Абсалбек Ниязов тапшырган. Ошондо биринчи бүтүрүүчүлөр арасында мен да бар болчумун. А. Ниязов абдан интеллигенттүү жана окуучуларга кесиптик багыт берүүгө өзгөчө көңүл бурган педагог-жетекчи эле.

4) Автордун каармандардын өмүр баянын кеңири бергени дайым эле өзүн актабайт деп ойлойм. Арийне, мындай ыкма ар бир кишинин тагдыры, басып өткөн жолу кайталангыс экенин, спортко кандайча келип калганын түшүнгөнгө жакшы. Бирок энциклопедияга болгон талапка жооп бербейт.

5) Деген менен, Акылбек Чекиров (жеңил атлетика), Сүйөрбек Осмонов (футбол) жана башка бир топ таланттуу улан-кыздардын спорттук жатак мектепти бүткөндөн кийин өз таланттарын таптабай же машыктырган устаттарынын сөзүн “эш тутпай”, жараткан берген өзгөчө талантын толук ачпай калганы жаш муун үчүн жакшы сабак болот деп ойлойм.

Китептин каармандарынын пикирлери

“Балдар үйүнөн Олимпиада оюндарына чейин” деген китеп тууралуу ошол спорттук багыттагы жатак мектептин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Адамалы Осмоналиевдин пикири: "​Ал (биз менен спорттук мектеп интернатта окуган) ар бир баланын өмүр баянын жазбаптыр да... Кээ бир эле көзгө көрүнүп, эмгек кылып жүргөн классташтардын өмүр баяны бар. Жакшы китеп! Балдар үйү кезинен берки санжырасын, анын ичинде кантип спорттук мектеп-интернат, анан Олимпиадалык окуу жай болгонун, спортко салым кошкон бүтүрүүчүлөр, бизди окуткан агайлар, мугалимдер жана машыктыруучулар жөнүндө жазыптыр. Бул китеп жөнүндө пикирим жакшы".

Адамалы Осмоналиев - Cпорттук багыттагы республикалык мектеп-интернаттын кыргыз классынын биринчи бүтүрүүчүсү. Ал грек-рим күрөшү менен машыккан. 1972-жылкы 9-класста окуп жүргөндө өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону наамын жеңип алган. Эр таймаштын кулатуу түрүн негиздөөчүлөрдүн бири. Спортту жана эр таймашты өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн Адамалы Осмоналиевге 2013-жылы “Физкультура жана спорт боюнча Кыргыз Республикасынын мыктысы" наамы ыйгарылган. Адамалы мырза бир нече көркөм фильмде түрдүү ролдорду ойногон.

Бул окуу жайда 1973-жылдын сентябрынан бери эмгектенген орус тил мугалими Светлана Есеналиева эжейдин пикири: "​Бул китеп абдан пайдалуу. Анткени ушул окуу жайда канча жылдан бери канча балдар тарбияланганы; Кыргызстандын бүт жети дубанынан келген балдар, элеттен келген балдар кантип (эл аралык мелдештерде) кыргыз элинин туусун көтөргөнгө чейин жеткени кенен жазылыптыр. Бул убагында чоң окуу жай болчу да. 680 бала окучу. Азыр 320 бала окуйт. Анын бүтүрүүчүлөрү кыргыз эли ишенген, кыргыз эли сыймыктанган балдар болду. Жалгыз эле Темир Сариев эмес, башка да бир топ балдардын аты аталып, ким эмнеге жеткени айтылган. Азыр мына кыргыз класстар көбүрөөк болуп, орус класстар азыраак. Бул китеп окуу жайдын мааниси, келечеги үчүн жакшы саамалык".

Ырас, Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын "өмүр жолуна" арналган китептин чыгышы жакшы жана чоң саамалык. Мындай китептер ар бир окуу жана мектептер тууралуу жазылса болмок!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG