Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Уйгур активисти Гавел сыйлыгына татыды


Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи. Страсбург, 30-сентябрь, 2019-жыл.
Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи. Страсбург, 30-сентябрь, 2019-жыл.

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты Кытайдагы уйгур активисти, камакта отурган Илхам Тохти жана Балкандагы “Жаштар демилгеси” укук коргоо уюмуна ыйгарды.

ПАСЕ 30-сентябрда жасаган билдирүүдө быйылкы сыйлыктын жеңүүчүлөрү жасаган иштер “ар бир адамдын ар-намысы, укугу, фундаменталдуу эркиндиктери урматталган жана кепилденген коом курууга умтулган адамдарга үмүт берет” деп белгиленди.

Экономист-окумуштуу, профессор, Кытайдагы уйгур азчылыгынын укуктары үчүн күрөшүп келген Илхам Тохти 2014-жылдын сентябрь айында сепаратизм үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген.

Лилиан Мори Паскье, Страсбург, 30-сентябрь 2019-жыл
Лилиан Мори Паскье, Страсбург, 30-сентябрь 2019-жыл

“Тохти 20 жылдан ашык убакыттан бери уйгур азчылыгынын абалын жакшыртуу, Кытайда улуттар аралык диалогду, өз ара түшүнүшүүнү жайылтуу аракетин көрүп келет. 2014-жылы ал өмүрүнүн аягына чейин абакка өкүм кылынган, - деди ПАСЕнин төрайымы Лилиан Мори Паскье.

Шинжаң автономдуу районунун прокуратурасы Тохтинин Uighurbiz.net сайты аймактын көз карандысыздыгына чакырган материалдарды чыгарат деген айыптаган. Тохти өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Ал 2014-жылдын башында жети студенти менен кошо кармалган.

Кошмо Штаттар, Европа Биримдиги жана укук коргоочулар Тохтинин соттолушун Шиңжандагы активисттерди куугунуктоонун бир көрүнүшү деп сыпаттап, окумуштууну бошотууга бир нече жолу үндөп келишкен.

2016-жылы профессор адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө бериле турган абройлуу Мартин Энналс атындагы сыйлыкка татыган.

Быйыл январда америкалык депутаттардын тобу Тохтинин талапкерлигин Нобелдин тынчтык сыйлыгына сунуш кылышты.

“Бул номинация ушу тапта өтө маанилүү. Себеби, Кытай өкмөтү жана Коммунисттик партия адам укуктарын одоно бузууну улантып жатат. Миллиондон көп уйгур жана башка мусулман улутундагы азчылык өкүлдөрү “саясий кайра тарбиялоо лагерлерине салынган”, - деп тиешелүү катка кол койгондордун бири, республикачыл сенатор Марк Рубио 30-январда билдирген.

Нобель комитетинин төрайымы Берит Рейсс-Андерсенге кайрылуусунда конгрессмендер “Кытайдагы адам укуктары үчүн тынч күрөштүн символуна айланган профессор Тохти” сыйлыкка эң татыктуу талапкер экенин белгилешкен.

Акыркы үч жылдан бери Шиңжанда этникалык азчылык өкүлдөрү жапырт кармалып, “саясий кайра тарбиялоочу лагерлерге” күч менен жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар түшүп жатат.

БУУнун маалыматына ылайык, Кытайдын түндүк-чыгыш тарабында миллиондон ашуун жергиликтүү мусулмандар кармалууда.

Бээжин адегенде “лагерлер” тууралуу маалыматты четке кагып келген, бирок былтыр жыл этегинде андай жайлар бар экенин моюнга алган. Кытай бийлигинин ырастоосунда,“билим берүү” борборлорунда кытай тилине жана жаңы кесиптерге үйрөтүшөт.

Вацлав Гавел атындагы сыйлыктын экинчи лауреаты – Балкандагы түрдүү этникалык, диний топторду, өлкөлөрдү жараштырган, өз ара байланыштыруу иштерин жүргүзгөн уюм болуп калды.

Финалдык тепкичке тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёров да жеткен. Ал «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн 28 жылга кесилген.

Жамшед Ёров Страсбургдагы аземде. 30-сентябрь 2019-жыл
Жамшед Ёров Страсбургдагы аземде. 30-сентябрь 2019-жыл

- Бузургмехрдин соңку үч талапкердин тизмесине иргелип алынышы эле биз үчүн чоң жеңиш, биздин максатыбыз акчалай сыйлык алуу эмес. Бузургмехр Ёровдун ысымы дагы бир жолу жаңырсын, адам укуктары чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө дагы бир жолу көңүл бурулсун дейбиз”, - деди Страсбургдагы салтанатка катышкан Ёровдун бир тууганы Жамшед.

Демократия үчүн күрөшкөнү менен белгилүү инсан, Чехиянын мурдагы президенти маркум Вацлав Гавел атындагы сыйлык 2013-жылы негизделген. Лауреаттарга сыйлык катары 60 миң евро берилет.

Буга чейин ар кайсы жылдары мындай сыйлыкка беларус Алесь Беляцкий, азербайжандык Анар Маммадли, орусиялык Людмила Алексеева, чеченстандык укук коргоочу Оюб Титиев татыган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG