Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Иран учакты атып алганын моюнга алды


Кыйраган учактын калдыктары. Тегеран.
Кыйраган учактын калдыктары. Тегеран.

Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан аскерлери атып алганын жарыялады.

Мындай билдирүү 11-январда мамлекеттик телеканал аркылуу жасалды.

Мамлекеттик телеканал аркылуу жарыяланган билдирүүдө “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алганда “душмандын объектиси” катары жаңылыш кабыл алынганы айтылат.

АКШ менен курчуган кырдаалдан улам Иран аскерлери эң жогорку аскердик даярдыкта турганын, кырсыкка күнөөлүүлөр жазага тартыларын кошумчалашкан.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф кырсык “АКШнын авантюризминен улам жаралган кризис” учурунда орун алганын айтты.

Бул билдирүүдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Иранды кырсыкты толук кандуу иликтөөгө, күнөөнү толук моюнуна алууга чакырып, кенемте күтүп жатканын айтканы маалымдалды.

- Эл аралык комиссия кырсыктын себебин иликтеп бүтө электе Иран украиналык учакты атып түшүргөнүн моюнуна алды. Бирок биз күнөөнү моюнуна толук алышын талап кылабыз. Ирандан кырсыкты ачык иликтөө боюнча даяр экенин билдирген ишаратты, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, мерт болгондордун сөөгүн мекенине кайтарууну, кенемте төлөп беришин жана дипломатиялык каналдар аркылуу расмий кечирим сурашын күтүп жатабыз, - деп айтылат Зеленскийдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Иран бийлиги батыштагы бир катар өлкө башчылары жана эксперттердин 176 адам түшкөн “Боинг” ракетадан атылышы мүмкүн деген шек саноону четке кагып келген.

Бирок украиналык иликтөөчүлөргө учактын фрагменттери менен таанышууга уруксат берилген. Бирок Коргоо жана коопсуздук кеңешинин төрагасы Олексий Даниловдун айтымында, иликтөө алар каалагандай тез жүргөн жок.

Ирандын Транспорт министрлиги "ал маалда Ирандын аба мейкиндигинде, 2440 метр бийиктикте бир нече ички жана эл аралык каттамдардын учактары баратканын" айтып, ракета менен атып түшүрүлүшү тууралуу божомолдорду төгүндөгөн.

Жарандык авиация мекемесинин башчысы Али Абедазеде да 10-январда өткөргөн маалымат жыйында Батыш мамлекеттеринин расмий адамдарынын айтканын четке каккан:

- Улуттук авиация мекемесине божомолдорду жасоого уруксат берилбейт. Бир ар бир айткан сөзүбүз үчүн жооп беришибиз керек. Кырсыктын себептери азырынча бизге белгисиз. Бирок биз мурда да айткандай ага бир да ракета урулган жок. Биз эмне себептен өрт башталганын аныкташыбыз зарыл.

Буга чейин Кошмо Штаттардын, Канаданын, Британиянын расмий адамдары учак ракета менен адашып аткыланышы мүмкүн экенин боолгошкон.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 9-январда Оттавада өткөргөн маалымат жыйынында учак Ирандын ракетасы менен атып түшүрүлгөн деген маалыматтар бар экенин билдирген.

- Бизде ар кандай, анын ичинде өнөктөштөрүбүздүн жана өзүбүздүн чалгын булактарыбыз берген маалыматтар бар. Аларга ылайык, учак Ирандын аба-жер ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Балким бул атайылап жасалган эмес, - деген Трюдо кырсыктын себептерин дыкат иликтөөгө чакырган.

Ушундай эле ойлору менен Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дагы бөлүшкөн эле.

Bellingcat иликтөө тобу “лайнер кулаган убакта тартылган” делген видеону Интернетке жарыялады. Анда бир объект тез ылдамдыкта асманга көтөрүлүп, андан соң жарк этип, бир нече секунддан кийин жардыруунун үнү чыкканын көрүүгө болот.

Украинанын Коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу өкүлү Алексей Данилов алар бул версияны иликтеп жатышканын айткан. "Newsweek" журналы Пентагонго, АКШнын жана Ирактын чалгын кызматтарынын ысымы аталбаган жогорку даражалуу өкүлдөрүнө таянып, украиналык учак Орусияда өндүрүлгөн "Тор" ракетасы менен атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн экенин жазды.

Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын эл аралык аба каттамдары авиакомпаниясына таандык учак 8-январдын таңында жерден көтөрүлгөндөн көп өтпөй кыйраган.

Ичиндеги 176 адам, анын ичинде тогуз экипаж мүчөсүнүн баары жантаслим болушкан. Алардын арасында Канада, Иран, Швеция, Ооганстан, Германия, Британия жана Украинанын жарандары бар эле. Авиакырсыктын алдында Иран АКШнын аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урган.

10-январда Иран украин тергөөчүлөрүнө авиалайнердин калдыктарын изилдөөгө уруксат берди. Ошондой эле 176 адамдын өмүрүн алган кырсыктын себептерин иликтөөгө жардам берүү үчүн АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешин (NTSB) жана учакты чыгарган Boeing компаниясынын өкүлдөрүн да чакырды. Али Абедзаде кырсыкты иликтөө ишине Украина, Франция, Канаданын эксперттеринин катышуусуна дагы жол ачыларын кошумчалаган.

Улуттар Уюмуна караштуу авиация уюму аныктаган эрежелерге ылайык, учак Кошмо Штаттарга караштуу Boeing компаниясында чыгарылганына байланыштуу NTSB кырсыкты иликтөөгө катышууга укугу бар. Кырсык болгон күнү Тегеран учактын кара кутучуларын АКШга да, Boeing компаниясына да бербестигин айтып чыккан.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин администрациясы сөөктөрдүн кимге таандык экенин аныктоо максатында, учакта каза болгондордун туугандарынын ДНКлары чогултулуп жатканын кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG