Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Иранда футбол күйөрманы өзүн өрттөдү


"Эстеглал" футбол клубунун Ирандагы күйөрмандары.
"Эстеглал" футбол клубунун Ирандагы күйөрмандары.

Иранда 29 жаштагы аял эркектер арасында өткөн футбол таймашына кирүүгө аракет кылганы үчүн айыпталгандан кийин өзүн-өзү өрттөп, көз жумду. Анын өлүмү социалдык тармактарда нааразылык толкунун жаратып, көпчүлүгү Иран бийлигин аялдарга стадиондорго киргенге салган тыюу сынга алышты.

«Эстеглал» деген сүйүктүү командасынын түсүнөн улам өзүнө »The Blue Girl» же «Көк кыз» деген ылакап ат коюп алган Сахар Ходаяри баш калаа Тегерандагы ооруканалардын биринде көз жумганын жергиликтүү медиа 9-сентябрда маалымдады.

«Көк кыз» деген ылакап ысым менен белгилүү ирандык кыз Сахар сот имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөп, каза болду. Маалыматтарга караганда сот аны футбол стадионуна кирүүгө аракет кылганы үчүн алты айга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

«Аялдарга эркектердин футбол мелдештерине кирүүгө болбойт», - деп жазды «Твиттердеги» баракчасына журналист Али Нурани.

Ырасталбаган маалыматтарга караганда Сахар бир жума мурда эле каза болушу мүмкүн. Бирок анын өлүмү тууралуу 9-сентябрда, сөөк жерге берилгенден кийин айтылды.

Ирандык кыз менен коштошуу зыйнаты негизинен шииттер отурукташкан Кум шаарында күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын алкагында өткөн.

Сахар 2-сентябрда сот имаратынын алдында өзүнө газолин чачып, өрт койгон. Маалыматтарга караганда, анын денесинин 90% күйүп калган жана өпкөсү толугу менен жабыркаган.

Сахардын денесинин токсон пайызы күйүп калган.
Сахардын денесинин токсон пайызы күйүп калган.

Бир тууган эжесинин айтымында, Сахар психикалык жактан жабыркаган жана мурда да өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Ал сиңдисинин акыбалы аны алты айга камап коюшарын уккандан кийин кескин начарлап кеткенин кошумчалады.

Сахар Тегерандагы «Азади» стадионунда өтүп жаткан оюнга узун кемсел жана көк түстөгү жасалма чач кийип өтүүгө аракет кылган. Кире бериштеги күзөтчүлөр аны текшере баштаганда, өзүнүн аял экенин айтууга мажбур болгон.

Сахардын камалышы, анын өз өмүрүнө кол салышы жана өлүмү социалдык тармактарда нааразылык толкунун күчөттү. Колдонуучулар кырк жылдан бери аялдарга футбол стадиондоруна кирүүгө тыюу салган буйруктун жокко чыгарылышын талап кылып жатышат.

Соңку жылдары эркектер арасында өткөн спорттук таймаштарга тандалма гана аялдарга кирүүгө уруксат берилип келет.

«Ал эркектер аялдар үчүн баарын чечкен, аялдарды укуктардан ажыраткан, эркектер түзүп берген адилетсиз жолдо бараткан Ирандын кызы болчу. Биз анын камалганы жана өзүн-өзү өрттөгөнү үчүн жоопкербиз», - деп жазды ирандык мыйзам чыгаруучу Парванех Салахшури »Твиттердеги» баракчасына.

«Эстеглал» командасынын бир нече оюнчусу Сахардын жакын туугандарына көңүл айтып, анын өмүрүнө кол салышына түрткөн кырдаал үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатышканын жазды.

Өткөн аптада ысымын атабаган бийликтин расмий өкүлүнө шилтеме жасап, «бир келин бетин жаппай, күзөтчүлөр менен кагылышууга барганы үчүн камалганын» айрым маалымат каражаттары кабарлашкан.

Сахардын өлүмү ФИФА Иранга аялдарга эркектер арасында өткөрүлгөн спорттук таймаштарга салынган тыюуну жоюуга басым жасап жаткан маалга туш келди.

25-августта Ирандын спорт министринин орун басары Жамшид Тахизаде Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өтө турган Иран-Камбоджа таймашына аялдарга кирүүгө уруксат берилерин билдирген.

«Human Rights Watch» уюмунун глобалдык демилгелер боюнча жетекчиси Минки Уорден «Твиттердеги» баракчасына ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино Ирандагы бул маселеге чекит коюш үчүн Тегеранга жетиштүү басым көрсөтпөй койгонун жазды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG