Линктер

шаршемби, 24-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:38

Уруу башчынын айкели талашка түштү


Уруу башчынын эстелиги орнотула турган жер. Каракол шаары

Каракол шаарынын борбордук скверине бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Арык Мырза аттуу инсандын айкелинин орнотулушу нааразылык жаратты.

Айкел орнотуу жөнүндө чечимди Каракол шаардык кеңеши кабыл алган. Муну шаардык кеңеш мыйзамдуу чечим деп эсептесе, жарандык активисттер шаардын борбордук аянтына уруу башчынын эстелигинин коюлушу архитектуралык да, идеологиялык да, тарыхый да ченемдерге кайчы келерин айтып жатышат.

Арык Мырзанын 450 жылдыгына карата айкел орнотуу боюнча “Ак-Суу Арашан” коому алгач 2013-жылы демилге көтөргөн. Коомдун өкүлдөрү эстеликти Каракол шаарынын түндүк тарабындагы кире беришине орнотууну сунуш кылган. Бирок коомчулуктун сыны жана активисттердин кийлигишүүсү менен ал жүзөгө ашпай калган.

Эми уруу башчынын айкели Касым Тыныстанов, Кусейин Карасаев өңдүү Кыргызстандын чыгаан агартуучулары турган, калың журтка “Энелер аллеясы” деген ат менен таанылган борбордук скверге орнотулмай болду.

Жарандык активист, “Лидер” өкмөттүк эмес уюмунун негиздөөчүсү Банура Абдиева мындай иш-аракеттерге каршы чыккандардын бири.

Банур Абдиева.
Банур Абдиева.

- Жер көп, Ак-Сууга деле койсо болмок. Архитектуралык идеяны бузуунун кереги жок. "Энелер аллеясы" деген идеясын деле бузбай эле койсо болмок да. Эми төрт бурч болгон бакчада бир жагында Жусуп Абдрахманов, жогору жакта Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдики турат. Алардын айкелдери анча бийик эмес, айрыкча Тыныстанов менен Карасаевдики. Бул эми коюлуп жаткан айкел туура келеби? Пропорция деген бар, архитектуралык принциптер деген бар. Анан эң негизгиси - идеологиялык принципке дал келеби?

Абдиеванын баамында, бул эстеликтин орнотулушу атаандаштык жаратып, башка калган уруулар да өз айкелдерин "ушул жерге орнотобуз" деп чыгышы толук мүмкүн.

Айкелдин курулушу Каракол шаардык кеңешинин чечиминин негизинде башталып жатат. Каракол шаардык кеңеши Арык Мырзанын урпактарынын айкел тургузуу тууралуу сунушун 2018-жылдын февраль айында колдоп берген.

Кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов айкелди тургузуу боюнча чечим бардык мыйзамдык процедураларга ылайык кабыл алынды деп эсептейт:

- Талкуулар, талаштар болуп жатып, ошондо анан биздин мыйзамдуулук комиссиясына келип, анан сессияга чыккан маселе. Бул жерде "дароо эле берип салалы" деген маселе жок. Өзүнүн процедуралары бар, ошонун баары сакталып, анан жасалган нерсе. Эми муну жалгыз эле кеңеш чечкен жок. Ал жерде Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстановдон талашкан эч нерсеси жок. Ал айкел сквердин ичинде болот да.

Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин эстелиги. Каракол шаары.
Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин эстелиги. Каракол шаары.

Кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов - айкел орнотууну колдогон депутаттардын бири. Муну ал Арык Мырзанын тарыхта - Ысык-Көл облусу үчүн орду чоң деп негиздеди. Мындай пикирге Караколдун мэри Данияр Арпачиев да кошулду жана шаардык кеңештин чечимин аткарууну милдет деп эсептеди.

Жарандык активист Атыргүл Сарыбаева шаардык кеңештин чечимине нааразылыгын билдирди:

- Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабайбыз да. Ордубузду билбейбиз, "кайсы жерге эмне кылышыбыз керек" дегенге маани бербейбиз. Сөзсүз ошол жерге эле эстелик коюш керекпи деген маселе талкууга алынбай калбадыбы.

Арык Мырзанын айкелин тургузуу демилгесин Ак-Суу районундагы Арык Мырзанын урпактары жана “Ак-Суу Арашан” коому көтөргөн. “Ак-Суу Арашан” коомунун төрагасы Аскар Жаныбековдин айтымында, айкелди тургузуунун максаты - жаштарга тарыхтагы маалыматты жеткирүү, Көл өрөөнүн түптөлүшүн көрсөтүү:

- Негизги максат - жаштарга тарбия берүү. Ал жерге жөн эле эстелик турбайт, ал жерде эстелик Арык Мырзанын беш мырза менен чогуу келатканы, элдин Ысык-Көлгө токтогонун көрсөтөт. Бул Шабдан баатырдын же башка баатырлардын жөн эле ат минген эстелиги эмес. Ал жерде үч тилде - кыргыз, орус, англис тилдеринде тарыхый маалымат жазылат. Анан да төрт жүз чарчы метр жерде абдан жакшы көрктөндүрүлгөн гүл бакча болот. Ал жерге эл келип эс алып отурат.

Жусуп Абдрахмановдун эстелиги.
Жусуп Абдрахмановдун эстелиги.

Жаныбековдун айтымында, айкелди Арык тукуму басымдуулук кылган Ак-Суу эли каржылайт.

Арык Мырзанын айкелин борбордук скверге коюп жатканын туура эмес көргөндөрдүн бири - Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы, тарыхчы Кайырбек Алымбеков. Анын баамында, тарыхта Арык Мырзанын улуттук деңгээлде сиңирген эмгеги тууралуу маалымат жокко эсе:

- Анан кандай болот эми, ушинтип эле ар кимди кое берсек? Анда калыстык болсун. Арык Мырзадан негизи Ак-Суу эли тараган деп айтышат санжырада. Санжырада, тарыхта, архивдик материалда анын эмгеги жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Ал улуусу болуп калган, беш мырзанын. Анан "Мүйүздүү энени алып келген, ага батасын берген" деп айтышат. Эмгеги мен билгенден ошол эле. Бул эми санжыра да, санжыра эми легенда сыяктуу да.

Тарыхчынын айтымында, Арык Мырза Көлдө бугу уруусунан кеңири тараган Орозбактынын беш уулунун улуусу жана алар санжырада "беш мырза" деген ат менен калышкан. Арыктар бугу уруусунан эң көп тараган урук болуп саналат. "Арык Мырзанын урпактарыбыз" дегендер быйыл күздө Арык Мырзанын 450 жылдыгы белгиленерин, ошону утурлай айкелди коюп жатышканын айтышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG