Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

«Алтымышка чыкканда Италияга келип тил үйрөндүм»


Алтын Белекова.
Алтын Белекова.

Италияда 15 жылдан бери жашаган Алтын Белекова пандемия маалында 70ке чыкты. Ал учурда Болонья шаарында 92 жаштагы италиялык аксакалды карап иштейт.

Алтын Белекованын күнү таңында спорт көнүгүүлөрүнөн башталат. Андан кийин Маттэо аксакал экөө таттуу токоч менен сүттөлгөн кофе ичишет. Экөөнүн эртең мененки тамагы ушул.

Пандемия башталгыча экөө ары-бери кеңири сейилдешчү. Азыр андай жок, үйдөн чыгышпайт. Карантин чаралары жумшартылганы менен Италияда абал дагы эле кооптуу. Ошондуктан үйдөн чыгышпайт. Телевизор көрүшөт. Маттэо аксакал күнүмдүк гезиттердин баарын окуйт, жаңылыктарды калтырбайт.

«Коронавирус катуу жайылган маалда, үйдөн чыккан жокпуз. Болгону таштанды төккөнү түнкүсүн чыгып турдум. Азык-түлүктү онлайн эле заказ кылып жаттык», - деген журтташыбыз такыр тынч отура албайт.

Кечке кыбырап ар нерсени жасап жүрө берет. Үй жыйнайт, түшкү, кечки тамактарды жасайт. Италияда эле эмес, Кыргызстанга барганда дагы жөн отурбай, келинине жардамдашып идиш-аяк жууйт.

«Жашоо - бул кыймыл. Карыдым деп төргө отуруп алган болбойт. Ар дайым кыймылдап туруш керек. Пол жуугула, идиш-аяк жуугула, чаң сүрткүлө. Кыймылдабаган адам моралдык жактан да, физикалык жактан да тез карыйт».

"Италияга жокчулуктун айынан кеткем"

Алтын Белекова Италияга 55 жашында келген. Ошондон бери кары-картаңдарды багып иштейт. Учурда ал бешинчи аксакалды карап жатат. Ортодо эки байбичени баккан. Баары менен тең алардын көзү өтүп кеткиче иштеген.

Алтын Белекова.
Алтын Белекова.

«Бир байбичем өтүп кеткенде аябай жаман болуп, ботодой боздоп ыйлабадымбы. Үч-төрт жылдын ичинде буларга көнүп, жакшы көрүп калат экенсиң. Ал кемпирдин мүнөзү деле оңой эмес болчу, башында тажап, жаман көрүп жүрдүм. Кийин аяп, жакындап калгам».

Белекова миңдеген башка мекендештердей эле жокчулуктун айынан четке жумуш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Ага чейин Бишкектеги дүлөй-дудуктардын мектебинде мугалим болуп иштечү.

2000-жылдардын башында кичүү уулунан айрылып калат. Баланын күйүтүнө чыдабай эки жылдан кийин күйөөсү да өтүп кетет. Эки уулу, неберелери бар болгону менен алардын тапканы күнүмдүк көр оокатка гана жетип, кыйналган кезде Алтын Белекова чет өлкөгө кетүүнүн жолун караштыра баштайт. Анын үстүнө эне алыстан көргөндүн баарын эле көзү өтүп кеткен баласына окшоштуруп кыйналат.

Ошентип жүргөн маалда кошунасы Италияга кетүүнүн жолун табат. Экөө тобокелге барып жолго камынышат. Белекованын тааныштары, жакындары “алтымышка таяп калганда кайда барасың?” деп айнытканга аракет кылышкан экен.

Белекова адеп Неаполь шаарына келген. Негизи кыргызстандыктардын көбү алгач барганда Италиянын түштүгүндөгү ушул шаардан иш табат. Анын үстүнө ал жакта мыйзамсыз мигранттарга жумушка орношуу оңой. Алтын Белекова да бардык журтташтардай эле башында кыйналган. Тил билбей, балдарын сагынып, айтор чет жерге көнүп кетүү оңой болгон эмес.

Ошентип баккан байбичелердин биринин кызы Алтын айымдын ишке берилгенин байкап, мыйзамдуу иштегенге жардам берет. Колуна документин алганда гана эки жарым жылдан бери көрө элек бала-чакасына учурашуу үчүн Кыргызстанга барып келген.

Алтын Белекова жана Италиядагы кыргызстандыктар.
Алтын Белекова жана Италиядагы кыргызстандыктар.

"Сүйөм" деп айткандан уялбайлы"

14 жыл ичинде журтташыбыз балдарына кол кабыш кылып үй алып берген. Учурда алты небереси, эки чөбөрөсү бар.

Айрымдар “максатына деги жетиптир, Кыргызстанга барып эле балдарынын кашында болбойбу” деп ойлошу мүмкүн. Буга Алтын Белекованын өз жообу бар. Ал Италияга көнүп калганын айтты:

«Мага Италия жагат. Каалагандай кийинем, эңсеген тамагымды алып жейм. Анын үстүнө ишим мага стимул берет. Тиги аксакалды карашым керек, тамагын даярдашым керек деп эрте турам. Кыргызстанга барганда бош отуруп калышым мүмкүн. Алтымышка жакындап калганда итальян тилин үйрөндүм. Бул деле мага стимул болду да», - деген Алтын Белекова Италия анын көз карашын жүз пайызга өзгөрткөнүн айтат. Ал буга чейин көп нерсени туура эмес кылганын, азыр балдарына да башкача тарбия бермектигин кошумчалады.

«Мен булардын бала тарбиялоосуна аябай суктандым. Төрөлгөндөн тарта эле сүйлөшүп, бир нерселерди үйрөтө баштайт экен. Урушпайт, сабашпайт. Баарын ойноп үйрөтүшөт».

Алтын Белекова Кыргызстандагы жаңылыктарды социалдык тармактардан окуп, баарынан кабардар болуп турат. Саясатка башкача ойлонгон жаштар келсе, жашоо оңолот беле дейт. Үй-бүлөлүк зомбулук күчөп, кыз-келиндердин ур-токмокко көп кабылып жатканына кейийт. Мунун себебин тарбиядан көрөт.

«​Биз эч качан уулдарыбызды "кийин аялыңды сүй, сыйла” деп тарбиялабайт экенбиз да. Керек болсо жарыбызды “сүйөм" деп айткандан уялабыз. Италиялыктар баласынын көзүнчө бири-бирине «мен сени сүйөм» деп көп айтышат. Мисалы, менин көзүмчө уулум келиниме “сени сүйөм” деп айтып турса кандай сонун болмок. Ошентип тарбияласак балким үй-бүлөдөгү зомбулук азаят беле. "Сүйөм" деп айткандан уялбайлы».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Алтын айым 70 жылдык мааракесин чоң шаан-шөкөт менен белгилеген жок. Италиядагы кыргызстандык кыз-келиндер келип куттукташып, үйдө эле дасторкон жайып белгилешти.

Италияда дагы бир беш жыл иштей турсам деп ниеттенген Алтын Белекованын көп кыялданат. Алардын бири Австралия менен Кошмо Штаттарды көрүп келүү.

Ал эми өзү теңдүүлөргө «Карыдым деп отурбагыла, көп кыймылдагыла. Жакшы кийинип, көчөдө баскыла. Жакшы кийинген адам өзүн жакшы сезет» деп кеңеш берди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG