Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

АКШда салык төлөгөн мигранттар жардам алат


Нурбек Кыдыкеев.
Нурбек Кыдыкеев.

Кошмо Штаттардын бийлиги ар бир салык төлөөчүгө 1200 доллардан, ал эми балдарга 500 доллардан бир жолку төлөнчү жардам көрсөтүп жатат. Ал кимдерге берилет? Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар да ала алышабы?

АКШда бухгалтерия жана салык тармагында сегиз жылдан бери аудитор болуп иштеп келген Нурбек Кыдыкеев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

- АКШнын бийлиги пандемиядан келип чыккан кризиске байланыштуу бардык салык төлөөчүлөргө бир жолку материалдык жардам көрсөтө баштады. Ал жардамды канча жылдан бери салык төлөп келаткан адам ала алат?

- Кризистен улам АКШнын ар бир жашоочусуна материалдык колдоо көрсөтүлүп жатат. Биз бул жерде Кошмо Штаттардын жаранына эмес, бул өлкөдө жашаган ар бир адамга жардам берилерин баса белгилеп коюшубуз керек. Ошондо чоң адамга 1200, ал эми балага 500 доллардан каралган. Албетте, бул жерде деле бир катар чектөөлөр бар. Мисалы, бир адамдын жылдык тапкан акчасы 75 миң доллардан аз, анын социалдык камсыздандыруу номери жана Америкада жашоого кандайдыр бир уруксаты бар дейли, ал 1200 долларды толугу менен алат.

Эгер бир кишинин жылдык айлыгы 75 миң доллардан көп болсо, бул чектен ашкан ар бир 100 доллар үчүн 1200 доллардан беш доллар кемитилип берилет. Ал эми айына 105 миң доллар тапкан кишиге бул жардам тийбейт. Ошондой эле мамлекеттин каржылык колдоосу 2018-2019-жылдары салык төлөгөндөргө гана көрсөтүлөт.

Эгер 2019-жылы салык төлөп үлгүрбөй калсаң анда мурдагы жылкы салык төлөгөнүңө жараша берет. Маселен, 2019-жылы сен үй-бүлө күтсөң же балалуу болсоң, алардын бардыгы эсептелбей калат. Ал эми 2018-жылы үй-бүлөдө күйөөсү-аялы гана болсо, аларга 2400$ берилет, былтыр балалуу болушса жана салык декларациясын тапшырып үлгүрүшсө 2900$ алышат. Үй-бүлө түгөйлөрүнүн бириккен жылдык айлыгы 150 миң доллардан аз болгондор жардамды толук алышат. Андан ашса бир аз азыраак берилет. Ал эми 198 миң доллардан жогору киреше тапкан түгөйлөргө бул жардам көрсөтүлбөйт.

- Эми Кошмо Штаттардагы кыргызстандыктарга токтолсок. Ал жакта АКШ жарандыгын алгандар бар, ала электер көп, жарандыкка документ тапшырып коюп жүргөндөр бар. Ошолордун баары эле бул жардамга илинеби?

- АКШдагы кыргызстандыктардын көбү эле алат деген үмүттөмүн. Мекендештерибиздин 90% алат го деп ойлоп атам. Бир тобунун грин карталары жана социалдык камсыздандыруу номерлери (SSN) бар, аларга берилет. Ал эми көбү документтерин тапшырып коюшкан, иштөөгө уруксат кагаздары жана социалдык камсыздандыруу номерлери бар, алар да 100% алат. Менимче чек арадан мыйзамсыз өтүп АКШга келген мекендештерибиз албай калышы мүмкүн. Мисалы, Мексика аркылуу келгендерге социалдык камсыздандыруу номери берилбейт.

- Буга чейин ITIN номери менен салык төлөгөндөр ала албай калышы мүмкүн деген тынчсыздануу дагы бар экен. ITIN деген эмне, түшүндүрүп бересизби?

- Individual Tax Identification number же ITIN Америкада иштегенге уруксаты жок адамдарга берилет. Мисалы, мындай номер АКШда жумуш визасы менен жүргөн чет элдиктин үй-бүлө мүчөлөрүнө же жогоруда айтып өткөндөй чек аралардан мыйзамсыз өтүп келгендерге берилиши мүмкүн. Бирок алар деле кандайдыр бир салык төлөшөт. Америкада Салык кызматы менен Миграция кызматы экөө бири-бирине эч байланбай иштейт. Эгер күйөөсүнүкү SSN, аялыныкы ITIN номер болсо экөөнө тең бербей коюшу мүмкүн. Мындай учурда алар Салык кызматына өз алдынча алышарын алдын-ала жазып коюушу керек.

- Ал материалдык жардамды алыш үчүн кандай документтерди толтуруш керек?

- Эч кандай деле документтерди толтуруунун зарылчылыгы жок. Жаран эмгектенген ишкананын бухгалтериясы Салык кызматына анын банк эсебин жөнөтүш керек. Ошол эсепке эле автоматтык түрдө каражат түшөт. Болбосо үйүнө чек барат. Ошол учурда үйдүн дарегин туура көрсөтүү абзел.

Ал эми чектер тууралуу айта кетсем, бул да азыр чоң түйшүк жаратып жатат. Салык кызматы мындай бурулушка даяр болбогондуктан ал жашоочулардын баарына дароо чектерди жөнөтө албайт экен. Жумасына беш миллион адамга эле жибере аларын айтты. Демек айына 20 миллиондой адамга жөнөтөт. Ал эми жалпысынан Салык кызматы 80-90 миллион адамга жибериши керек экен. Бул болсо төрт-беш айда гана таркатылып бүтөт дегенди билдирет. Ошондуктан кызмат алгач эң аз айлык алгандарга бермей болду. Ал эми көп алгандар август айына чейин алары кабарланды.

- АКШдагы мекендештер арасында «өкмөттүн бул жардамын алсак, кийин жарандыгыбызды кароодо зыяны тийиши мүмкүн» деп кооптонгондор да бар экен. Ошондой тынчсыздануу канчалык жүйөлүү?

- Азыркы берилип жаткан 1200 доллардын эч кандай зыяны болбойт, ал эч нерсеге таасирин тийгизбейт. Аны кааласаң да, каалабасаң да беришет. Быйыл албасаң, эмдиги жылы берилет. Анткени бул жардам салык төлөөчүлөрдүн баарына каралган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG